Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 8-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалымат базасын түзүү, жаңылоо, сактоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) юридикалык жактын бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) Кыргыз Республикасынын аймагында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түзүлгөн жана катталган юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же юридикалык жакты контролдогон жеке жак (жеке жактар);
2) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
4) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Юридикалык жактын бенефициардык ээсин белгилөө тартиби
3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтардын негизинде ушул Жобонун 17-пунктунда каралган маалыматтарды толтуруу жолу менен, анын ичинде электрондук форматта өз бенефициардык ээси жөнүндөгү маалыматтарды түзөт.
Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат түзүлгөн датасынан тартып ушул юридикалык жактын катталган (жайгашкан) жеринде беш жылдан кем эмес сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде юридикалык жактын уюмдаштыруучусу же катышуучулары бир же бир нече башка юридикалык жактар болуп саналса, юридикалык жак акыркы бенефициардык ээсин белгилөө үчүн акылга сыярлуу жана жеткиликтүү чечимди кабыл алат.
5. Юридикалык жак ушул юридикалык жактын уюмдаштыруучулары же катышуучулары болуп саналган же башкача жол менен ушул юридикалык жакты контролдогон жеке жана юридикалык жактардан өз бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды сурашат.
Аталган жеке жана юридикалык жактар ушул юридикалык жакка бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды беришет.
6. Ушул Жобонун 3, 4 жана 5-пункттарында каралган ченемдер төмөнкү юридикалык жактарга таралбайт:
1) мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын карамагында турган мекемелер, ошондой эле мамлекеттик ишканалар же мекемелер;
2) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердин консулдук жана башка мекемелери, эл аралык уюмдар.
7. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого жана Бенефициардык ээсинин анкетасынын типтүү формасына ылайык алынган маалыматтардын негизинде юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды белгилешет жана электрондук форматта жазып алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Акционерлер реестрин кармоочулар юридикалык жактын акционерлер реестрин түзүүгө жана жаңылап турууга, ошондой эле ушул реестрди ушул акционерлер реестрин кармоочу катталган (болгон) жерде ал түзүлгөн датадан тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
3-глава. Маалымат базасын түзүү тартиби
9. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасы (мындан ары - маалымат базасы) ушул Жобого ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.
10. Маалымат базасы мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген юридикалык жактардан, финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, ошондой эле келишимдерге ылайык алынган юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин коммерциялык маалымат базаларынан алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
11. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар өз бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды же өз бенефициардык ээлерин белгилөө боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
12. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө колдо болгон жана документ менен такталган маалыматтарды же өз бенефициардык ээлерин белгилөө боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды (бенефициардык ээлеринин анкеталары) финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына беришет.
13. Акционерлер реестрин кармоочулар акционерлер реестринен маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
14. Ушул Жобонун 11-13-пункттарында аталган жактар суралган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук форматта финансылык чалгындоо органына бере алышат.
15. Финансылык чалгындоо органы тарабынан алынган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндөгү маалыматтар дароо маалымат базасына киргизилет.
16. Финансылык чалгындоо органы маалымат базасындагы маалыматтардын ай сайын жаңыланып туруусун, сакталуусун жана купуялуулугун камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Маалымат базасынын түзүмү
17. Маалымат базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1. Юридикалык жак жөнүндө негизги маалыматтар | ||
1 | Мамлекеттик жана расмий тилдерде толук, кыскартылган (бар болгон учурда) фирмалык аталышы |
|
2 | Каттоо/кайра каттоо жөнүндөгү буйруктун датасы жана номери |
|
3 | Алгачкы мамлекеттик каттоо (бар болсо) датасы |
|
4 | Уюштуруу-укуктук формасы жана менчик формасы |
|
5 | Юридикалык жакты түзүү ыкмасы (түзүү же кайра уюштуруу) |
|
6 | Каттоо номери |
|
7 | Идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) |
|
8 | Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун коду (мындан ары - ИУЖК) |
|
9 | Юридикалык дареги |
|
Нагыз дареги |
| |
10 | Юридикалык жактын уюмдаштыруучулары жөнүндө маалыматтар |
|
11 | Жетекчиси жөнүндө маалыматтар |
|
12 | Чет өлкөлүк катышуу жөнүндө маалыматтар |
|
13 | Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар |
|
2. Бенефициардык ээси жөнүндө жалпы маалыматтар | ||
14 | Жеке жакты юридикалык жактын бенефициардык ээси катары таануу үчүн критерийлер (керектүүсүнүн астын сызып коюу же бөлүп көрсөтүү) | 1) соңку жыйынтыгында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жакка ээлик кылган же контролдогон же болбосо юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуу (башкаруу) артыкчылыгына ээ (юридикалык жактын уставдык капиталында басымдуу катышууга (25% жогору) ээ же добуш берүү укугу менен юридикалык жактын акцияларынын жалпы санынын 25% жогорусуна ээ) жеке жак |
2) юридикалык жак менен түзүлгөн келишимдин негизинде юридикалык жактын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоосуна түз же кыйыр таасир эте алган жеке жак. Бул учурда келишимдин номери жана датасы, колдонулуу мөөнөтү, келишимдин предмети жана башка маанилүү шарттар көрсөтүлөт | ||
3) юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген абалдарынын эсебинен юридикалык жакты башкара ала турган жеке жак (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучу контролду жүзөгө ашырган, финансылык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алган) | ||
4) юридикалык жактын иш-аракетин башка ыкма менен контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ жеке жак. Бул учурда бенефициардык ээсинин юридикалык жактын иш-аракетин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээлик кылуусунун себеби көрсөтүлөт | ||
5) операция (бүтүм) жүзөгө ашырылып жаткан акча каражаттарына же мүлккө болгон менчик укугуна ээ жеке жак | ||
6) анын атынан жана/же анын эсебинен акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) жасалып жаткан жеке жак, анын ичинде аталган жеке жак акча каражаттарына же мүлккө ээлик кылбаган, ошондой эле юридикалык жакты контролдобогон учурда | ||
7) башка факторлор | ||
15 | Бенефициардык ээси катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (% менен) |
|
3. Бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
16 | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүнүн астын сызып коюу же бөлүп көрсөтүү) | 1) Резидент 2) Резидент эмес |
17 | Фамилиясы |
|
18 | Аты |
|
19 | Атасынын аты (бар болсо) |
|
20 | Туулган датасы |
|
21 | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
22 | Улуту (документте бар болсо) |
|
23 | Жынысы |
|
24 | Жарандыгы |
|
25 | Үй-бүлөлүк абалы |
|
26 | Инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалымдаректери: |
|
| 26.1. Документтин аталышы |
|
| 26.2. Документтин сериясы жана номери |
|
| 26.3. Документтин берилген датасы |
|
| 26.4. Документтин колдонулуу мөөнөтүнүн аяктоо датасы |
|
| 26.5. Документти берген органдын аталышы |
|
| 26.6. Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
|
| 26.7. Жеке номери |
|
27 | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
28 | Чыныгы жашаган (турган) жеринин дареги | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
29 | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары | |
| 29.1. Телефондорунун номерлери (иш жана уюлдук) |
|
| 29.2. Факстын номери (бар болсо) |
|
| 29.3. Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
|
30 | Банк эсептеринин номерлери |
|
31 | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы (керектүүсүн белгилеп коюу) | 1) Ооба 2) Жок |
32 | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөсү жана жакын адамы болуп саналабы (керектүүсүн белгилеп коюу жана тууганчылык даражасын көрсөтүү) | 1) Ооба 2) Жок 3) Тууганчылык даражасын көрсөтүү: (жубайы, балдары, атасы, апасы, чоң атасы, чоң апасы, неберелери, ага-инилери жана эже-сиңдилери же башкалары) |
33 | Коомдук кызмат адамы болуп саналган бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар: | |
| 33.1. Ээлеген кызмат орду |
|
| 33.2. Дайындалган датасы (бар болсо) |
|
| 33.3. Бошотулган датасы (бар болсо) |
|
5-глава. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү тартиби
18. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгү террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - пайдалануучулар) берилет.
19. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн алуу жана колдонуу тартиби финансылык чалгындоо органы менен маалымат базасын пайдалануучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
20. Маалымат базасынан маалыматтарды берүү криптографиялык шифрлөөнү колдонуу менен байланыштын корголгон каналы боюнча жүзөгө ашырылат.
21. Маалымат базасын пайдалануучулар маалымат базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталуусун жана санкцияланбаган жетүүдөн коргоону камсыздашат жана үчүнчү жактарга бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
22. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалымат базасынан маалыматтарды берүү эл аралык суроо-талаптын негизинде жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Корутунду жоболор
23. Юридикалык жактын иши токтогон учурда анын бенефициардык ээлери жөнүндөгү маалыматтар юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын иши токтогондугун каттоо жөнүндө тийиштүү буйругу чыгарылган датадан тартып маалымат базасында беш жыл бою сакталып турууга тийиш.
24. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып беш айдын ичинде ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыздоого милдеттүү.
25. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып беш айдын ичинде бенефициардык ээлери жөнүндөгү маалыматтарды электрондук форматта белгилөө жана жазуу бөлүгүндөгү ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыздоого милдеттүү.
26. Финансылык чалгындоо органы маалымат базасында камтылган маалыматтардын колдонулушун контролдоону, ошондой эле ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча жеке же юридикалык жактардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат.