Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 10-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартибин, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартибин аныктайт.
2. Чаралар (санкциялар) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн чыккан тобокелдиктерден Кыргыз Республикасынын финансы системасын коргоо максатында колдонулат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
2) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
3) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тийиштүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартиби
4. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт, жаңыланат жана жарыяланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын милдеттүү түрдө пайдалануусуна жатат.
5. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги төмөнкү тизмелердин негизинде түзүлөт:
1) ФАТФтын тизмеси (финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ);
2) ФАТФ тибиндеги региондук топтордун тизмеси;
3) Базель башкаруу институтунун тизмеси (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн эң жогорку 10у);
4) Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму тарабынан түзүлгөн оффшордук зоналардын тизмеси;
5) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин негизинде санкциялар колдонулган өлкөлөрдүн тизмеси;
6) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлгөн өлкөлөрдүн тизмеси.
6. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук файлдардын форматтарында финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын "Тизмектер" бөлүмүндө жайгаштырылат.
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегинин түзүмү жана форматы финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
7. Финансылык чалгындоо органы ушул Жобонун 5-пунктунда аталган эл аралык уюмдардын расмий сайттарына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат жана тизмелерде жаңылануулар болгон учурда эки жумуш күндүн ичинде Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат.
8. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү финансылык чалгындоо органынын буйругуна кол коюлган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызматчысы:
1) финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө буйруктун электрондук вариантын жайгаштырат;
2) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жаңыланган тизмегин жана жогорку тобокелдиктеги өлкө боюнча маалыматтык билдирүүнү (өлкөнү чыгаруу же киргизүү жөнүндө) түзөт, ошондой эле аларды финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырат;
3) мамлекеттик органдарга, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча жогорку тобокелдиктеги өлкө жөнүндө тийиштүү маалыматты (өлкөнү чыгаруу же киргизүү жөнүндө) жиберет.
9. Ушул Жобонун 5-пунктунда аталган эл аралык уюмдардын расмий сайттарында тиешелүү маалымат болсо, финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн системаларындагы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кемчиликтер (чабалдыктар) жөнүндө маалымат жарыяланат. Ушул маалымат финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан тобокелдикке салынган мамилени колдонууда колдонулат.
3-глава. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн резиденттерине карата колдонулуучу кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иштиктүү мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аныкталган тобокелдиктерге теңдеш жана финансылык чалгындоо органынын сунуштамаларын эске алып кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонушат.
4-глава. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата колдонулуучу чаралар (санкциялар)
12. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата төмөнкү чараларды (санкцияларды) колдонушат:
1) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган же иштеген жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу жөнүндө билдирүүлөрдү, жасалган операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан финансылык чалгындоо органына берүү;
11) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иш мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен иштиктүү мамилелерди түзүүдөн жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу;
3) жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган юридикалык жак менен корреспонденттик мамилелерди түзүүдөн баш тартуу же токтотуу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган юридикалык жактын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата күчөтүлгөн текшерүүнү (көзөмөлдү) колдонуу жана (же) тышкы аудиттин талаптарын күчөтүү;
5) жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган юридикалык жактардын туунду коомдорун, филиалдарын же өкүлчүлүктөрүн лицензиялоодон баш тартуу;
6) уюмдаштыруучусу катары жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган жеке же юридикалык жак иш алып барган юридикалык жакты лицензиялоодон баш тартуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жобонун 12-пунктунун 2-6-пунктчаларында каралган чаралар (санкциялар), тизмеги финансылык чалгындоо органынын сунушу боюнча жана ФАТФтын эл алдындагы билдирүүсүнүн негизинде Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген айрым жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата гана колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Ушул Жобонун 12-пунктунун 2-6-пунктчаларында каралган чаралар (санкциялар) улуттук кызыкчылыктарды жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен айрым жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ушул Жобонун 12-пунктунда каралган чаралар (санкциялар) колдонулган Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланат жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактарга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына билдирилет.
5-глава. Корутунду жоболор
16. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын же башка чараларды (санкцияларды) колдонууну токтотуу Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегинен өлкөнү чыгарууда же Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Квартал сайын, бирок отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органына жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө жана анын резиденттерине карата колдонулган чаралар (санкциялар) жөнүндө статистикалык маалыматты берип турушат.