Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 11-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы талаптар
1. Ушул Жобо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛК) боюнча ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптарды белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) кадрлар - финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматчылары;
2) кардар - финансылык мекеменин же аныкталган категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекемелер же аныкталган категориядагы жактар менен ишкер мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тийиштүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) ички контролдоо программасы - ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
7) тобокелдик - террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
8) ички контроль кызматы - ТИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
9) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган, ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырган топ;
10) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Ички контролдоо программасы
4. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу үчүн ички контролдоо программасын колдонушат:
1) тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторингдөө, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
2) кардарларды талаптагыдай текшерүү чараларын жүзөгө ашыруу;
3) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
5) финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында берүү;
6) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтарды сактоону камсыздоо;
7) маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо;
8) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууну камсыздоо.
Жогоруда аталган милдеттер ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылат.
5. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдикке багытталган ыкмага негизделген чараларды көрүүгө милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продуктылар, кызматтар, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өздөрүнүн тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документтештирүүгө жана дайыма жаңыртууга милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:
- тобокелдиктин жогорку деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча кеңейтилген чараларды көрөт;
- тобокелдиктин төмөнкү деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды көрөт.
Террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу боюнча шектенүүлөр болгондо тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жаңы финансылык продуктуларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп келе жаткан технологияларды пайдалануу менен иштеп жаткан же жаңы финансылык продуктулар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Бул баалоо жогоруда көрсөтүлгөн продуктыларды, кызматтарды, технологияларды жана ишкердик практиканы киргизүүгө же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички контролдоо программасы ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш, ошондой эле финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин, штаттык санынын, кардарлар базасынын жана тобокелдиктеринин деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жана башка башка ички укуктук актыларды колдонууга мониторинг жүргүзүүгө жана зарыл болгон учурда аларды кеңейтүүгө милдеттүү.
Агенттерди пайдаланган төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык ички контролдук программаларын колдонууну камсыз кылышат жана алардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар уюштуруу-укук формасына жараша төмөнкүдөй контролдун түзүмүн жана алардын функцияларын белгилейт:
1) жогорку башкаруу органы же башка ыйгарым укуктуу башкаруу органы:
а) ТИК/ККЛК чөйрөсүндө адекваттуу жана натыйжалуу саясатты аныктайт;
б) ички контролдоо программасын жана ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү башка ички укуктук актыларды бекитет, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдойт;
в) ички контроль кызматынын натыйжалуу ишин камсыздоо боюнча чараларды аныктайт;
г) ички контроль кызматынын кызматчыларын кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга өз макулдугун берет;
д) көз карандысыз аудиттин корутундусун жана ички контроль кызматынын отчетторун карап чыгат;
е) көз карандысыз аудит тарабынан айкындалган жана ички контроль кызматынын отчетунда аталган ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кемчиликтерди жоюуга багытталган чараларды аныктайт;
2) учурдагы ишке жетекчилик кылган аткаруучу орган:
а) жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү саясатты, программаларды жана башка ички укуктук актыларды жайылтууну камсыздайт;
б) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыздайт жана контролдойт;
в) башкаруунун жогорку органынын макулдугу менен ички контроль кызматынын кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
г) ТИК/ККЛК тармагында өз кызматчыларын окутууну камсыздайт;
д) ички чаралардагы, жол-жоболордогу жана ички контроль системасындагы кемчиликтерди жоюуга багытталган чараларды ишке ашырууну камсыздайт, ошондой эле көз карандысыз аудитти жүргүзүүнү камсыздайт.
8. Финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда бир адам иштеген учурда, ал адам ушул Жобонун 7-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган функцияларды аткарат.
3-глава. Ишке кабыл алууда (жалдоодо) кызматчыларды текшерүү тартиби
9. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кызматчыларды ишке кабыл алууда (жалдоодо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 64-беренесине ылайык ишке орношуп жаткан адамдын (талапкердин) документтерин талап кылат жана текшерет.
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ички иштер органдарынан соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты суроо жолу менен соттуулугунун бар же жоктугуна, ошондой эле Интерполдун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын, улуттук коопсуздук органынын жана финансылык чалгындоо органынын расмий сайттарын колдонуу менен издөөдөгү адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелеринде, террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектеринде бар же жоктугуна текшерүү жүргүзүүнү камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Ички контроль кызматын аныктоо тартиби
11. Финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин, штаттык санынын, кардарлар базасынын жана тобокелдиктеринин деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ички контроль кызматы түзүлөт же аныкталат.
Эгерде финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын кызматчыларынын штаттык саны үч адамга чейин болсо, ушул мекеме же жак ички контроль кызматын түзбөйт жана ички контроль кызматынын функцияларын бар болгон кызматчыга жүктөйт.
12. Ички контроль кызматынын түзүмү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилигинин чечими менен аныкталат, ошондой эле тобокелдиктерин баалоону эске алуу менен тийиштүү текшерүүчү органдын чечимине ылайык кайра каралууга тийиш.
Ички контроль кызматынын жетекчиси статусу боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчилигинин (жетекчисинин орун басарынын) деңгээлинде болууга тийиш.
Ички контроль кызматынын жетекчиси жана кызматчылары жогорку башкаруу органынын макулдугу боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчилигинин чечими менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ички контроль кызматынын жетекчиси финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жогорку башкаруу органына түздөн түз отчет берет. Ички контроль кызматынын кызматчылары ички контроль кызматынын жетекчисине түздөн-түз отчет беришет.
13. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кызматчылары ички контроль кызматына финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички документтерине ылайык ушул Жободо каралган ички контроль кызматынын функцияларын жүзөгө ашырууга жардам беришет.
14. Ички контроль кызматына ишке кабыл алууда талапкерлерге төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) жогорку билим;
2) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын иши үчүн мүнөздүү тобокелдиктер жөнүндө билүү.
15. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ички контроль кызматынын ишинин туруктуулугун, көз карандысыздыгын, калыстыгын жана кесиптик компетенттүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле анын функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүп берүүгө тийиш.
16. Ички контроль кызматы жүргүзүлүүчү операциялардын (бүтүмдөрдүн) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин контролдоону камсыздайт.
17. Ички контроль кызматынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кылмыштуу (мыйзамсыз) жосундарды жасоого финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын тартылуусуна жана анын кызматчыларынын катышуусуна жол бербөө;
2) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу;
3) финансылык чалгындоо органына жана контролдоочу органдарга ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин жана функцияларын аткарууга жардам берүү.
18. Ички контроль кызматы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) ички контролдоо программаларынын долбоорлорун жана ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү башка ички документтерди, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо методологиясын жана тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун иштеп чыгуу жана финансылык мекеме менен финансылык эмес категориядагы жактын жогорку башкаруу органына берүү;
2) ички контролдоо программаларын ишке ашырууну уюштуруу;
3) кардарга жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) башка катышуучуларына талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнү мониторингдөө;
4) кардардын операцияларын (бүтүмдөрүн) мониторингдөө жана талдоо;
5) операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу тууралуу чечим кабыл алуу жана соңунда аткаруучу органга кабарлоо менен, шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү;
6) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү;
7) текшерүүчү органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ишине текшерүү жүргүзүүсүндө жардам берүү;
8) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жогорку башкаруу органына (болсо) ички контролдоо программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүү. Ички контроль кызматынын кезектеги отчеттуулук тартиби финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички документтери менен аныкталат.
19. Ички контроль кызматы төмөнкү укуктарга ээ:
1) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын керектүү тескөө жана бухгалтердик документтерин алууга;
2) финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жакта түзүлгөн кардарлардын жана бенефициардык ээлеринин маалымат базасына жетүүгө мүмкүнчүлүгүн алууга;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын бөлүмдөрүнүн орунжайларына, ошондой эле документтерди сактоо (архивдерге), накталай акчаларды жана баалуулуктарды сактоо (акча сактоочу жайларга) үчүн колдонулуучу орунжайларга, маалыматтык информациялык базасына белгиленген тартипте кирүүгө;
4) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын маалымат системаларында сакталган керектүү документтерди, электрондук файлдарды жана жазмаларды, алардын көчүрмөлөрүн алууга;
5) операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө тийиштүү убактылуу көрсөтмөлөрдү, анын ичинде операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу жана операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү берүүгө;
6) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички документтерине ылайык башка иш-аракеттерди жасоого.
20. Ички контроль кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) финансылык мекемеден жана финансылык эмес категориядагы жактан алынган документтердин сакталышын жана кайтарылып берилишин камсыздоого;
2) өз функцияларын жүзөгө ашырууда алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого жана финансылык чалгындоо органына маалыматтарды бергендиги жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбоого;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички документтерине ылайык башка иш-аракеттерди жасоого.
21. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кызматчылары ушул Жобого жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички документтерине ылайык ички контроль кызматына анын функцияларын жүзөгө ашыруусуна жардам беришет.
22. Финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жакта жасалган ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгилүү болгон финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кызматчылары бир жумуш күндүн ичинде бул фактылар жөнүндө жазуу жүзүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жана ички контроль кызматына маалымат берет.
5-глава. Кадрларды окутуу тартиби
§ 1. Базалык окутуу
23. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК маселелери боюнча кадрларды базалык окутуунун ички жол-жобосун иштеп чыгышат.
24. Базалык окутуу ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан иштелип чыгуучу Окуу планына ылайык жүргүзүлөт.
25. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кызматчыларын базалык окутуу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) киришүү (алгачкы) окутуу;
2) пландан тышкаркы (максаттуу) окутуу;
3) пландык окутуу.
26. Киришүү (алгачкы) окутуу ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ТИК/ККЛК боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички документтери менен тааныштыруу максатында өткөрүлөт.
27. Киришүү (алгачкы) окутуу ички контроль кызматына ишке кабыл алынууда же которулууда өткөрүлөт. Кызматчыны кабыл алган же которгон датадан үч ай өткөндөн кийин ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү анын билиминин деңгээлин баалоо жүргүзүлөт.
28. ТИК/ККЛК боюнча пландан тышкаркы (максаттуу) окутуу төмөнкү учурларда өткөрүлөт:
1) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылары өзгөрүлгөндө же жаңылары күчүнө киргенде;
2) ТИК/ККЛК боюнча жаңы ички контролдоо программалары киргизилгенде же колдонуудагылары өзгөртүлгөндө;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын бөлүмдөрүнүн алкагында кызматчыны башка туруктуу ишке которууда, ТИК/ККЛК тармагындагы анын билими өз функцияларын аткаруу үчүн жетишсиз болгон учурда;
4) кызматчыга аны менен түзүлгөн эмгек келишиминде шартталбаган ТИК/ККЛК тармагындагы ишти тапшырууда, эгер ал ушул келишимдин шарттарын өзгөртүүгө алып келбей турган болсо.
29. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кызматчыларын пландык окутуу үзгүлтүксүз, бирок жылына бир жолудан кем эмес жүзөгө ашырылат.
ТИК/ККЛК чөйрөсүндө пландык окутуу билим берүү уюмдарынын Окутуу программаларына ылайык кызматчыларды конференцияларга, семинарларга жана башка окутуучу иш-чараларга катыштыруу жолу менен жүргүзүлөт.
30. ТИК/ККЛК чөйрөсүндө кызматчылардын билимин текшерүү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын Окутуу планына ылайык бир жылда жок дегенде бир жолу жүргүзүлөт.
Кызматчынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү билиминин деңгээли жетишсиз болгондугу аныкталганда, анын жетекчиси аны ТИК/ККЛК талаптарын аткаруу менен байланышпаган иште бөлүктөрүндө гана иштетүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимди кабыл алат же аны квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо үчүн окууга жиберет.
31. Эгерде финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жакта бир адам иштеген болсо, анда ал адам кесиптик кошумча билим алат (квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо).
§ 2. Кесиптик кошумча билим берүү (квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо)
32. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жана кесиптик кайра даярдоонун максаты кызматчылардын ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн зарыл болгон ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кесиптик кошумча билимдерин алуусу болуп саналат.
33. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жыл сайын ТИК/ККЛК чөйрөсүндө өз кадрларынын квалификациясын жогорулатуунун жана кесиптик кайра даярдоонун графигин иштеп чыгат, ошондой эле ушул графикти үстүдөгү жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен окутууга болгон муктаждыгын баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
34. ТИК/ККЛК чөйрөсүндө кесиптик кошумча билим берүүнүн (квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо) программалары ТИК/ККЛК чөйрөсүндө кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген лицензиясы бар билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюмдары) тарабынан ишке ашырылат.
35. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үзгүлтүксүз, бирок жылына бир жолудан кем эмес (графикке ылайык) ички контроль кызматын жана кардарлар менен түздөн-түз иштешкен башка кызматчыларды (алардын ыктыярына жараша), анын ичинде финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчилигин квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо курстарынан өтүү үчүн билим берүү уюмдарына жөнөтүүгө тийиш (мындан ары - окутуу).
Финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын бир эле ошол жетекчиси же кызматчысы жыл сайын окуудан өтүү үчүн жиберилбейт.
Билим берүү уюмунда окушу керек болгон кадрлардын типтүү тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилет жана жарыяланат.
36. Кадрларды окутуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) ишке кабыл алууда;
2) кызматчынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү билимдери ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактай билүүсү үчүн жетишсиз болгон учурда, бөлүмдүн алкагында кызматчыны башка туруктуу ишке (убактылуу ишке) которууда;
3) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаңы ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда;
4) ТИК/ККЛК боюнча ички контроль системасынын талаптары кызматчылар тарабынан бузулганда;
5) иш берүүчүнүн (же ал ыйгарым укук берген адамдын) чечими боюнча.
37. Кадрларды окутууну уюштуруу жана өз маалында окутуу жоопкерчилиги финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинде болот (бар болсо).
38. Кадрларды окутуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кесиптик кошумча билим берүү жөнүндө жобого шайкеш келүүгө тийиш.
39. Билим берүү уюмунда ТИК/ККЛК чөйрөсүндө кадрларды окутуу окуу программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Кадрларды окутуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыгат, бекитилет жана ишке ашырылат.
Кадрларды окутуу программалары ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ишинин өзгөчөлүктөрүн жана кардарлар базасын эске алуу менен иштелип чыгат.
40. Окутуу программасында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын окуп-үйрөнүү;
2) ТИК/ККЛК чөйрөсүндө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын типтүү ички документтерин окуп үйрөнүү;
3) кызматчы ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кызматтык милдеттерин аткарууда ички контролду жүзөгө ашыруунун типтүү эрежелерин жана жол-жоболорун окуп-үйрөнүүсү;
4) ТИК/ККЛК жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жана ТИК/ККЛК максатында кабыл алынган финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын башка уюштуруу-тескөө документтерин аткарбагандыгы үчүн кызматчыга колдонулушу мүмкүн болгон жоопкерчилик чараларын окуп-үйрөнүү;
5) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) типологияларын, мүнөздүү схемаларын жана ыкмаларын, ошондой эле шектүү жана өзгөчө операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлерин окуп-үйрөнүү;
6) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери менен иштөө тартибин, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү тартибин окуп-үйрөнүү;
7) ички контролдун типтүү программаларын аткаруу боюнча практикалык сабактарды өткөрүү;
8) окутуу программасына ылайык башка материалдарды окуп үйрөнүү;
9) окутуунун мөөнөттөрү жана академиялык сааттарынын саны.
41. Билим берүү уюмунда финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын кадрларын өзүнчө окутуу каралууга тийиш.
42. ТИК/ККЛК чөйрөсүндө окутуу программасына ылайык билим берүү уюмунда окууну аяктаган адамдар Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органында жыйынтыктоочу аттестациядан өтүшөт.
Жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-методикалык борбору кесиптик кошумча билим берүү программасын өздөштүргөндүгү жөнүндө сертификатты берүү максатында жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдардын тизмесин билим берүү уюмуна жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтүү өткөн адамдарга билим берүү уюму мамлекеттик мааниге ээ болгон кесиптик кошумча билим алгандыгы жөнүндө документ болуп саналган тийиштүү түрдөгү кесиптик кошумча билим берүү программасын өздөштүргөндүгү жөнүндө сертификат берет.
Кесиптик кошумча билим берүү программасын өздөштүргөндүгү жөнүндө сертификат кызматчынын өздүк ишине тиркелет.
§ 3. Окутуудан өтүүнү каттоо
44. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кызматчылардын окуудан өтүүсүн тийиштүү журналга, анын ичинде электрондук форматта каттайт.
45. Даярдалган кадрларды борборлоштуруп каттоо жана тийиштүү маалыматтар базасын түзүү максатында ТИК/ККЛК чөйрөсүндө окуудан өткөн кадрлардын тизмеси, жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө, үстүдөгү жылдын 25-декабрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Көз карандысыз аудитти жүргүзүүнүн тартиби
46. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес көз карандысыз аудитти жүргүзүп турууга тийиш, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ТИК/ККЛК маселелери боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички чараларынын, жол-жоболорунун жана контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалоо;
2) тобокелдиктерди баалоо боюнча колдонулуучу чараларды баалоо;
3) контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү аныктоо жана түзүү боюнча колдонулуп жаткан программалык камсыздоону баалоо;
4) ички контроль кызматынын ишин, колдонулуп жаткан программалык камсыздоону кошо иргеме тестирлөө;
5) ички контроль кызматынын отчеттору менен финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кызматчыларын окутуу программаларынын шайкештигин текшерүү;
6) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчилиги тарабынан көрүлгөн чараларды баалоо.
47. Көз карандысыз аудит финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын ички аудиторлору же аудитке жооптуу адамы/бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт, ал эми алар жок болгон учурда аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган тышкы аудиторлор (жеке аудитор) жана (же) аудитордук уюмдар (мындан ары - аудитор) тарабынан жүргүзүлөт.
48. Сапаттуу жана бүт тараптуу көз карандысыз аудитти жүргүзүү максатында аудитор ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле болгон көйгөйлөр жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн ички контроль кызматы менен кеңешме өткөрөт. Аудитор финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын баардык материалдарына жана отчетторуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
49. Өткөрүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктары боюнча аудитор белгиленген формат боюнча аудитордук корутундуну (отчетту) берет, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш:
1) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери жөнүндө;
2) ички контроль программаларын жана ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын башка ички документтерин бузуулар жөнүндө;
3) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө;
4) аныкталган бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн керектүү сунушталган чаралар жөнүндө.
50. Өткөрүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктары боюнча аудитор ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аныкталган бузуулары жөнүндөгү маалыматты финансылык мекеменин жетекчисине же финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисине жана тийиштүү текшерүүчү органга аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып беш жумуш күндүн ичинде берет.
51. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар көз карандысыз аудитти төмөнкү учурларда жүргүзбөйт:
1) финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жак бир адамдан турса;
2) финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын тейленилген кардарларынын саны бир жылдын ичинде 20дан ашпаган жеке жана юридикалык жакты түзсө.
7-глава. Ички контролдоонун корпоративдик (топтук) программаларын колдонуу тартиби
52. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында иштөөчү өздөрүнүн филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдорунун ички контролдоонун корпоративдик (топтук) программаларын иштеп чыгуусун жана ишке ашыруусун камсыздашат.
Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдары ички контролдоонун корпоративдик (топтук) программаларын жана ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын колдонууга мүмкүндүк бербесе, финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору тобокелдиктерди башкаруу боюнча керектүү чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тийиштүү текшерүүчү органына билдиришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Кардарды талаптагыдай текшерүү жана тобокелдиктерди башкаруу максатында корпоративдик (топтук) программалардын алкагында финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын негизги (башкы) коомунун (кеңсесинин), филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, туунду жана көз каранды коомдорунун ортосундагы кардарлар, бенефициардык ээлер, эсептер, операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, анын ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) боюнча билдирүүлөр, тобокелдиктер жана типологиялар жөнүндө маалымат алмашуу камсыздалат.
Корпоративдик (топтук) программалардын алкагында ички контролдоо программаларынын талаптарын (кардарды талаптагыдай текшерүү, маалыматтарды сактоо ж.б.) ишке ашыруу маселелери боюнча топтун деңгээлинде көз карандысыз аудит жана контроль жүзөгө ашырылат жана тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Өзүнүн филиалдары менен өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору бар финансылык топ болуп саналган финансылык мекемелер финансылык топтун ичинде каалаган маалыматтар менен алмашуу, санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан купуя маалыматты коргоону, берүүнү жана сактоону камсыздоо боюнча ички жол-жоболорду камтыган ички контролдоонун корпоративдик (топтук) программаларын иштеп чыгышат жана баардык деңгээлдерде колдонушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Корутунду жоболор
55. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген ТИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасына кошумча талаптарды колдонушат.
56. Текшерүүчү органдар зарыл учурда тийиштүү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үчүн ТИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасына кошумча талаптарды колдонушат.
57. Ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүүнү тийиштүү текшерүүчү органдар жүзөгө ашырышат.