Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 14-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында болгон террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү (мындан ары - тобокелдиктерди улуттук баалоо) тартибин жана мөөнөттөрүн, ошондой эле тобокелдиктерди улуттук баалоого катышкан жактардын тизмегин түзүү, тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетту түзүү, бекитүү жана жарыялоо тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун максаты террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин (мындан ары - тобокелдиктер) аныктоо, баалоо жана түшүнүү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) террористтик ишти каржылоонун, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) көбүрөөк колдонулган ыкмаларын (схемаларын) аныктоо;
2) террористтик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/МККТК/ККЛК) боюнча Кыргыз Республикасынын системасындагы кемчиликтерди (начар жерлерин) аныктоо;
3) ТИК/МККТК/ККЛК системасынын баардык субъекттеринин ортосунда тобокелдиктерди бир түрдүү түшүнүүсүн түзүү;
4) аныкталган тобокелдиктерди азайтуу үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгуу жана ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжасында террористтик ишти каржылоонун, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) коркунучтары, аярлуулуктары жана кесепеттери аныкталат, ошондой эле ТИК/МККТК/ККЛК боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планы (стратегия) иштелип чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштөөчү Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия;
2) тобокелдиктерди улуттук баалоо - коркунучтарды жана аярлуулуктарды аныктоо жана (же) алдын алуу, ТИК/КЛКК боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле терс кесепеттерди алдын алуу же азайтуу боюнча ТИК/КЛКК субъекттеринин иши;
3) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) тобокелдиктерди баалоо - террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) коркунучтарына, аярлуулугуна жана кесепеттерине карата ой пикирлер жалпыланган жана чогултулган маалыматты талдоонун негизинде тобокелдиктердин деңгээли аныкталган методологияга негизделген процесс;
5) кесепеттер - террористтик ишти каржылоону, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруунун натыйжасында мамлекетке, коомго, финансы системасына жана экономикага тийген таасир же келтирилген зыян;
6) тобокелдик - коркунучтар менен аярлуулуктардын айкалышынын натыйжасында террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен жалпысынан мамлекетке, коомго, финансы системасына жана экономикага зыян келтирүү мүмкүндүгү;
7) коркунуч - террористтик ишти каржылоону, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруунун натыйжасында мамлекетке, коомго, финансы системасына жана экономикага зыян келтире ала турган жеке жак же жактардын тобу, кылмыштуу уюмдар, объект же иш;
8) тобокелдиктерди башкаруу - тобокелдиктин бааланган деңгээлин эң төмөнкү же боло турган деңгээлге төмөндөтүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү;
9) аярлуулук - ТИК/МККТК/ККЛК чөйрөсүндө аныкталган кемчиликтер болгондугуна байланыштуу коркунуч ишке ашышы мүмкүн болгон тармак (чөйрө) же болбосо коркунучтун ишке ашуусуна көмөктөшүүчү же түрткү болуучу факторлор;
10) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү
6. Тобокелдиктерди улуттук баалоо тогуз айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
Кийинки тобокелдиктерди улуттук баалоо мурдагы тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
7. Тобокелдиктерге улуттук баалоо жүргүзүү максатында ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечимине ылайык төмөнкү жумушчу топтор түзүлөт:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ;
2) террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ;
3) массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ.
Террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында коммерциялык эмес уюмдардын секторунда террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо жүзөгө ашырылат.
Жогоруда аталган жумушчу топтордун ишинин алкагында виртуалдык активдер жана виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо жүргүзүлөт.
Тобокелдиктерди улуттук баалоо жүргүзүүнүн алкагында финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинде ТИК/МККТК/ККЛК тобокелдиктерин сектордук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчеттор пайдаланылат. Тобокелдиктерге сектордук баалоо жүргүзүүнүн тартиби ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилет.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жумушчу топтордун компетенциясына кирген маселелер боюнча керектүү квалификацияга ээ болгон мамлекеттик бийликтин органдарынын, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциацияларынын, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын өкүлдөрү жумушчу топтордун мүчөлөрү болуп саналат.
9. Финансылык чалгындоо органы жумушчу топтордун курамын түзүү боюнча иштерди жүргүзөт.
Тобокелдиктерди улуттук баалоого катышкан жактардын тизмегин финансылык чалгындоо органы аныктайт.
10. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы, улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык жана коомдук максаттарга акча каражаттарын же башка мүлктү топтоону жана (же) бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар секторунда, ушул коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен террористтик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоону жүргүзөт.
11. Жумушчу топтордун курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө суроо-талап ар бир тобокелдиктерди улуттук баалоо башталганга чейин 15 жумуш күндөн кечиктирилбей финансылык чалгындоо органы тарабынан жиберилет.
12. Мамлекеттик бийликтин органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары суроо-талапты алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде өз өкүлдөрүн, алардын иш чөйрөлөрүнө ылайык жумушчу топтордун курамына киргизүү жөнүндөгү сунуштарын финансылык чалгындоо органына жиберишет.
13. Жумушчу топтордун курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин негизинде финансылык чалгындоо органы 15 жумуш күндүн ичинде жумушчу топтордун курамын жана жумушчу топтордун жыйындарын өткөрүү графигин түзөт.
14. Жумушчу топтордун жеке курамы жана жумушчу топтордун жыйындарын өткөрүү графиги ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилет.
15. Финансылык чалгындоо органы жумушчу топтордун курамдары жана жумушчу топтордун жыйындарын өткөрүү графиги бекитилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аларды жумушчу топтун мүчөлөрүнө тааныштыруу үчүн жиберет.
16. Жумушчу топтордун жыйындары графикке ылайык, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Зарыл учурда жумушчу топтордун жыйындары жумушчу топтордун жетекчилеринин демилгеси менен өткөрүлөт.
17. ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия тобокелдиктерге улуттук баалоону жүргүзүүнү координациялайт.
18. Тобокелдиктерди улуттук баалоо төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) маалыматтарды топтоо;
2) топтолгон маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо;
3) тобокелдиктерди баалоо;
4) жогорку тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган чараларды аныктоо.
3-глава. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты жыйноо тартиби
19. Жумушчу топтордун сунушу жана ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалымат жыйноо методологиясына ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан маалымат жыйноо жүзөгө ашырылат.
20. Финансылык чалгындоо органы ар бир тобокелдиктерге улуттук баалоо башталганга чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбей мамлекеттик бийликтин органдарына, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциацияларына, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларына Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалымат жыйноо боюнча методологияга ылайык тобокелдиктерди баалоо үчүн маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.
21. Мамлекеттик бийликтин органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары 30 жумуш күндүн ичинде мындан мурунку төрт жыл ичиндеги тобокелдиктерди баалоо үчүн кагазда жана электрондук форматта (Microsoft Office Excel) маалымат беришет.
22. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалымат жок болгон учурда, алардын жоктугунун себептери көрсөтүлөт.
23. Тобокелдиктерди баалоо үчүн өз убагында жана сапаттуу маалымат топтоо максатында Жумушчу топтордун мүчөлөрү керектүү маалыматты топтоодо көмөк көрсөтүшөт.
4-глава. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо тартиби
24. Финансылык чалгындоо органы бардык маалыматтарды алган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде аларды төмөнкү жол менен иштеп чыгат:
1) маалыматтын шайкештигин жана толуктугун салыштыруу;
2) тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты түзүмдөштүрүү б.а. тобокелдиктерди баалоо жана талдоо үчүн маалыматты топтоштуруу жана жыйнактоо;
3) тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты ажырымдоо б.а. тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматтын салыштырмалуу маанилүүлүгүн (артыкчылыгын) белгилөө.
25. Жумушчу топтор тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыккандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде аларга талдоо жүргүзөт, аны жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) тобокелдиктин булагын;
2) тобокелдиктин мүнөзүн;
3) тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдуулугун;
4) тобокелдиктин кесепетин.
26. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты талдоодо ТИК/МККТК/ККЛК чөйрөсүндөгү өз ара баалоо жөнүндө отчеттордун, прогресс жөнүндө отчеттордун, эл аралык уюмдардын баяндамаларынын маалыматы, ошондой эле террористтик ишти каржылоонун, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологиялары колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Аярлуулуктарды аныктоодо ТИК/МККТК/ККЛК системасынын начар жерлерине же террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) үчүн аларды жагымдуу кылган өлкөнүн, конкреттүү финансылык же финансылык эмес сектордун, финансылык продукттун же кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрүнүн аныкталган мүнөздөмөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо жумушчу топтор тарабынан ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын чечими менен бекитилген Тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо боюнча методологияга ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Маалыматты талдоонун натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органы төмөнкүлөрдү камтыган тобокелдиктерди баалоо боюнча отчетту түзөт:
1) тобокелдиктердин коркунучтарынын, аярлуулуктарынын жана кесепеттеринин сыпаттамасын;
2) тобокелдиктерди баалоо үчүн маалыматты талдоонун жыйынтыгын.
30. Финансылык чалгындоо органы тобокелдиктерди баалоо боюнча отчетту түзгөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аны жумушчу топторго берет.
5-глава. Тобокелдиктерди баалоо жана жогорку тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган чараларды аныктоо тартиби
31. Жумушчу топтор тобокелдиктерди баалоо боюнча отчетту алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде карап чыгышат жана тобокелдиктердин төмөнкү деңгээлдеринин бирин ыйгарышат:
1) жогорку;
2) орто;
3) төмөнкү;
4) тобокелдик жок.
32. Жумушчу топтор карап чыгуунун жана тобокелдиктин тийиштүү деңгээлин ыйгаруунун жыйынтыгы боюнча 20 жумуш күндүн ичинде тобокелдиктерди баалоо боюнча жыйынтыктоочу отчётту (мындан ары - жыйынтыктоочу отчёт) түзүшөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) тобокелдиктерди баалоонун сыпаттамасы;
2) тобокелдиктерди баалоо боюнча корутундулар;
3) тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган иш-чаралардын долбоорлору.
33. Жумушчу топтор жыйынтыктоочу отчетту түзгөн күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде аны финансылык чалгындоо органына беришет.
34. Финансылык чалгындоо органы жыйынтыктоочу отчетту алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдарына, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциацияларына, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларына макулдашууга жиберет.
35. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары жыйынтыктоочу отчетту алган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына өз сын пикирлерин жана сунуштарын жиберишет же алардын жоктугу тууралуу билдиришет.
Жыйынтыктоочу отчетко сын пикирлер жана сунуштар берилген учурда финансылык чалгындоо органы 2 жумуш күндүн ичинде андан ары жеткире иштеп чыгуусу үчүн аны жумушчу топко (жумушчу топторго) кайтарып берет.
36. Эгерде 30 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ассоциациялары, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары позицияларын бербеген учурда жыйынтыктоочу отчет макулдашылды деп эсептелинет.
37. Жыйынтыктоочу отчет коммерциялык эмес уюмдарга тийиштүү бөлүгүндө кызыкдар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен талкууланат.
6-глава. ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын жыйынында кароо тартиби
38. Финансылык чалгындоо органы жыйынтыктоочу отчет кызыкдар тараптар менен макулдашылгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде аны ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссиянын кароосуна жана жактыруусуна киргизет.
39. ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия жыйынтыктоочу отчетту жактыруу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ТИК/ККЛК маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобого ылайык карап чыгат жана кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Корутунду жоболор
40. Финансылык чалгындоо органы жыйынтыктоочу отчет жактырылгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий интернет-сайтынын жабык бөлүгүнө жыйынтыктоочу отчетту жайгаштырат.
41. Жыйынтыктоочу отчеттун кыскартылган версиясы (негизги корутундулар) финансылык чалгындоо органынын расмий интернет-сайтынын ачык бөлүгүнө жыйынтыктоочу отчет жактырылгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде жайгаштырылат.
42. Жумушчу топтор тобокелдиктерди баалоону жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 20 жумуш күндүн ичинде аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун (стратегиясын) иштеп чыгышат жана аны андан ары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү максатында ТИК/ККЛК маселелери боюнча Комиссиянын кароосуна киргизишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын (стратегиясынын) негизинде тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн чараларды көрүүгө тийиштүү болгон ТИК/ККЛК субъекттерине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдарына жеткирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Жыйынтыктоочу отчет жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттер планы (стратегиясы) төмөнкү факторлордун бири келип чыккан учурда каалаган убакытта жаңыланууга жатат:
1) террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан иштин жаңы түрлөрү тийгизген олуттуу зыян;
2) жаңы финансылык азыктардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын келип чыгуусу;
3) ТИК/МККТК/ККЛК чөйрөсүндө эл аралык стандарттардын өзгөрүүсү;
4) Кыргыз Республикасында саясий жана экономикалык кырдаалдардын өзгөрүүсү;
5) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын өзгөрүүсү;
6) Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналган башка өлкөлөрдүн ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү режимдеринин өзгөрүүсү;
7) террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тенденциясына таасир этүүчү өлкө ичиндеги сыяктуу эле эл аралык деңгээлдеги да окуялар;
8) террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү жаңы тенденцияларды сүрөттөөчү жаңы типологиялык отчеттор;
9) ТИК/МККТК/ККЛК боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоо жөнүндө жаңы отчет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үчүн жалпы талаптар финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.