Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында иштейт (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргыз Туризм" при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "State Enterprise "Kyrgyz Tourism" under the Ministry of Culture, Information and Tourism of the Kyrgyz Republic.".
5. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз туризм" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргыз туризм";
- англис тилинде: "SE "Kyrgyz Tourism".
6. Ишкана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
7. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, анын чарбалык жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлкү бар, өзүнүн ишин ал толук чарбалык эсептешүүнүн негизинде жүргүзөт.
8. Ишкана туристтик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн ишинин жыйынтыктарына, өндүрүштүк-чарбалык ишине жана мамлекет, мүлктүн менчик ээси, жеткирүүчүлөр, керектөөчүлөр, бюджет, банктар жана башка юридикалык жана жеке жактар алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
9. Ишканада мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансалык-кредиттик мекемелердеги башка эсептери, электрондук кол тамгасы жана башка жекелештирүү каражаттары бар.
10. Ишкананын дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 Б.
11. Ишкана мамлекеттик катталган учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишинин максаты болуп туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу жана ишке ашыруу саналат.
13. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик жана региондук деңгээлде туризм чөйрөсүндөгү саясаттын аткарылышын камсыздоочу механизмди түзүү, ошондой эле туристтик, экскурсиялык, мейманканалык жана туризмди коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өнүктүрүү;
2) туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, мамлекеттик менчикте болгон туристтик объектилердин, мейманканалардын, санатордук-курорттук уюмдардын жана туристтик тейлөө борборлорунун инфратүзүмүн модернизациялоо;
3) туризм чөйрөсүндө коммерциялык ишти жүргүзүү.
14. Ишкананын функциялары:
1) өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, фестивалдарды, бизнес-форумдарды жана туризм маселелери боюнча башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) туризмди илгерилетүү боюнча маркетингдик чараларды комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) туристтик иштин субъектилери көрсөтүүчү кызматтын сапатын классификациялоо, сертификациялоо жана стандартташтыруу боюнча чараларды көрүү;
4) туристтик иштин субъектилеринин өкүлдөрү үчүн туризм маселелери боюнча окууну жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү;
5) туризм секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамды тартууга көмөктөшүүчү документтердин долбоорлорун даярдоо жана түзүү;
6) Ишкананын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо;
7) Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жайылтуусуна түрткү берген жарнамалык роликтерди жана басма продукцияларды иштеп чыгуу жана түзүү;
8) интернет мейкиндикте Кыргыз Республикасынын туристтик продукциясын илгерилетүү;
9) өлкөнүн региондорунда туризмди өнүктүрүү;
10) туристтик иштин субъектилерине методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү;
11) туристтик объектилерди, мейманканаларды жана санаторийлик-курорттук уюмдарды натыйжалуу башкаруу;
12) туристтик объектилерди, мейманканаларды жана санаторийлик-курорттук уюмдарды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
13) туристтик маалыматтык борборлорду башкаруу жана аларды өнүктүрүү;
14) инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде туристтик тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу;
15) туризмдин инфратүзүмүн жакшыртуу;
16) коммерциялык ишти жүргүзүү.
15. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
12. Ишкана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара байланышта иштешүүгө, ошондой эле өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн алардан тийиштүү маалыматтарды суроого жана алууга;
2) өзүнчө мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
3) белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай акчасыз жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
4) ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте түзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, пайдаланууга жана башкарууга;
7) көрсөтүлүүчү кызматтар жана тейлөөлөр үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашууга;
8) эмгектик келишимдердин, мөөнөттүү эмгектик келишимдердин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жарандарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
9) өзүнүн милдеттенмелери боюнча өз алдынча жооп берүүгө.
Ишкана уюштуруучунун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралгандан башка учурларда уюштуруучу да ишкананын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
17. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларын, стратегияларын жана программаларын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ички жана сырттан келүүчү туризмди өнүктүрүүнү камсыздоо максатында туризм чөйрөсүндөгү ишти өз убагында ишке ашырууга;
2) туризмдин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө;
3) өлкөнүн туристтик потенциалын популярдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө;
4) Ишкананын чарбалык башкаруусунда болгон мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
5) Ишкананын чарбалык башкаруусунда болгон мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга;
6) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгек жөндөмдүүлүгүнө болгон зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;
7) бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамы менен каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
8) Ишкананын бюджетинин аткарылышы жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө ыйгарым укуктуу органга белгиленген мөөнөттөрдө квартал сайынкы жана жыл сайынкы отчётторду берүүгө.
18. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе Ишкана ушул Уставда каралбаган башка укуктарга ээ болушу жана милдеттерди алышы мүмкүн.
4. Ишкананы башкаруу
19. Ишкананын директору кызматка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун көрсөтүүсү боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Директор кызматка эки жыл мөөнөт менен дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуктарга ээ болот, милдеттерди алат жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана ыйгарым укуктуу орган менен түзүлүүчү эмгектик келишимдин негизинде иш жүргүзөт.
20. Директордун ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу орун басары болот.
Директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
21. Ишкананын директору:
1) ыйгарым укуктуу органга отчёт берет жана Ишканага коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
3) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, республиканын баардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
4) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Ишкананын баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
5) Ишкананын директорунун орун басарынын, башкы бухгалтеринин, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
6) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык санын жана түзүмүн бекитет;
7) филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду, Ишкананын иштөө режимин жана кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
8) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишканадагы кызмат орундардын номенклатурасынын тизмесин бекитет;
9) Ишканада директордун орун басарынан башка кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
10) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын колдонот;
11) Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктайт;
12) мыйзамдар, рыноктун кырдаалы, эмгектин шарттары өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга сунуштарды киргизет;
13) өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга берет:
14) бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылат;
15) Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн керектүү болгон башка иштерди жүргүзөт.
22. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн туура эсепке алуу жана максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.
23. Ишкананын ишинин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн жеке сектордун өкүлдөрүнөн түзүлүүчү байкоочу кеңеш болушу каралган.
5. Ишкананын мүлкү, финансылары жана кирешесин бөлүштүрүү
24. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана Ишканага ишкерлик жүргүзүү үчүн бекитип берилет.
25. Ишкананын мүлкү Уюштуруучу тарабынан берилген негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардан, ошондой эле инвестициялык жана чарбалык иштен алынган кирешелеринен турат.
26. Ишкана мүлктү уставдык максаттарына жана иштин предметине ылайык, экономикалык зарылдыкты жана Уюштуруучунун кызыкчылыктарын жана эске алуу менен пайдаланат.
27. Ишкана тарабынан финансылык-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен курулган же алынган мүлк мамлекеттик менчигине түшөт жана ага чарбалык башкаруу укугунда бекитип берилет.
28. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишкананын таза кирешесинин 50 пайыздан кем эмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун алыш-бериш эсебине которулуп жана отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш.
29. Ишкана жыл сайын келерки финансылык жылга карата Ишкананын бюджетин иштеп чыгып аны ыйгарым укуктуу орган менен макулдашат жана тийиштүү финансылык жылдын 1-мартынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго тапшырат.
30. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин ыйгарым укуктуу органга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берет.
6. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
31. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
32. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.