Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 37
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык
Туристтик чөйрөдө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчиктеги санаторийлик-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын колдонуудагы ведомстволук объекттердин аянттарынын эсебинен акысыз пайдалануу келишиминин шартында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдар үчүн төлөө менен жайгаштыруусун камсыздашсын;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын чарбалык колдонуусуна өткөрүп бериле турган ишканалардын жана мейманканалык курорттук-рекреациялык чарбанын мүлктүк комплекстеринин тизмесин белгиленген тартипте даярдашсын;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын уставдык капиталын калыптандыруу үчүн 2019-жылга акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-февралындагы N 9 жарыяланды
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |