Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-февралы № 53
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |