Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-февралындагы № 53 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы жөнүндө ЖОБО
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 4 августа 2023 года № 392)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгынын (мындан ары - Командачылык) укуктук статусун, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
Командачылык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин башкаруу органы болуп саналат жана аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы башкарат.
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 4 августа 2023 года № 392)
2. Командачылыктын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана ушул Жобо түзөт.
3. Командачылык уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак - мекеме болуп эсептелет, өзүнүн символикасы, Күжүрмөн Туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы, өз ишин жүргүзүүгө керектүү болгон мөөрлөрү, штамптары жана бланкалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылуучу эсеби бар.
4. Командачылык өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска ээ болууга укуктуу.
5. Командачылыктын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бекитет.
6. Командачылыктын юридикалык дареги: 720030, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Краснодон көчөсү, 124.
7. Командачылыктын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгы" мекемеси;
расмий тилде: учреждение "Командование Внутренних войск Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Мекеменин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "КР ИИМнин ИАК";
расмий тилде: "КВВ МВД КР".
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 4 августа 2023 года № 392)
2. Командачылыктын милдеттери
8. Командачылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Ички аскерлерди дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармап туруу;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин өнүктүрүү пландарын иштеп чытуу жана ишке ашыруу, алардын уюштуруу-штаттык түзүмдөрүн өркүндөтүү;
3) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматтык-күжүрмөн иштерин уюштуруу.
3. Командачылыктын функциялары жана укуктары
9. Командачылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн жана күнүмдүк иштерин ыкчам-стратегиялык пландоону, колдонууну жана жетектөөнү ишке ашырат;
2) Ички аскерлердин өздүк курамын, алардын штаттык жана тизмелик сандарын эсепке алат, алардын абалын дайыма контролдоп турат жана штаттык тартипти сактайт;
3) Ички аскерлердин байланыш системасын техникалык жактан камсыздайт;
4) Ички аскерлердин байланыш техникаларын жайылтуу жана ишке киргизүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды жетектейт;
5) Ички аскерлерде мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын контролдойт;
6) Ички аскерлерди укуктук камсыздоону ишке ашырат, координациялайт жана сотто, башка мамлекеттик органдарда Ички аскерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыз кылат;
7) жогорку окуу жайларда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет мамлекеттердин аскердик окуу жайларында Ички аскерлердин офицерлерин даярдоону жана кесиптик деңгээлин жогорулатууну белгиленген тартипте камсыз кылат;
8) Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин жана Куралдуу Күчтөрүнүн окуу аскердик бөлүктөрүндө (борборлорунда) прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана адис-жоокерлерди даярдоону белгиленген тартипте камсыз кылат;
9) Ички аскерлердин бөлүктөрүн (бөлүмдөрүн) инспекциялоону ишке ашырат;
10) Ички аскерлердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана ишке ашырат;
11) чечимдердин өз убагында таризделишин, аскердик бөлүктөрдү (түзүмдөрдү) ыкчам колдонууну пландоону, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
12) коомдук тартипти сактоону, стратегиялык объектилерди, атайын жүктөрдү кайтарууну уюштурат;
13) Ички аскерлердин аскердик кызматка чакырууну уюштурууга жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын Ички аскерлердин катарынан бошотууга катышуусун камсыз кылат;
14) Ички аскерлерди аскер кызматынын аскер кызматчылары менен контракт боюнча комплекттөөнү жана жарандык персоналды кабыл алууну белгиленген тартипте уюштурат;
15) аскер кызматчыларында жана өздүк курамда моралдык-психологиялык жана күжүрмөн сапаттарды калыптандыруу максатында Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн иштерин моралдык-психологиялык жактан камсыздоо боюнча тарбиялык жана социалдык-укуктук ишти уюштурат;
16) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдериндеги Ички аскерлерге тийиштүү болгон бөлүгүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурат;
17) Ички аскерлерди курал-жарактардын, аскердик техниканын зарыл болгон түрлөрү, ок-дарылар жана башка материалдык каражаттар менен камсыздоону, аларды пайдаланууну, сактоону, каттоону, эсептен чыгарууну жана утилдештирүүнү учурдагы жана келечектүү пландоону уюштурат, ошондой эле тынч мезгилде Ички аскерлерди мобилизациялык жайылтуу үчүн бул каражаттардын запастарын топтоону жана жайгаштырууну пландаштырат;
18) медициналык камсыздоону жана Ички аскерлердин бөлүктөрү (түзүмдөрү) жайгашкан жерлерде санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигине көзөмөлдү жүзөгө ашырууну уюштурат;
19) Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жайгаштырууну, Ички аскерлердин объектилеринин капиталдык курулушун уюштурат;
20) Ички аскерлерди күжүрмөн даярдыкка келтирүү, согуш учурунда ыкчам колдонуу, өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо аракеттер планын иштеп чыгат жана өз убагында тактайт;
21) байланыш системаларын өркүндөтүү, анын ичинде жаңы технологияларды Ички аскерлерге жайылтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
22) документтер менен иштөөнүн формаларын жана методдорун өркүндөтүү, аткаруучулук тартипти жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
23) Ички аскерлердин Командачылыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана төмөн турган бөлүмдөрдүн аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын адамдарынын типтүү кызматтык нускамаларын иштеп чыгат. Төмөн турган бөлүмдөрдөгү тийиштүү жоболордун жана кызматтык нускамалардын иштелип чыгышын жана бекитилишин, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын адамдарынын алар менен таанышуусун контролдойт;
24) өзүнүн компетенциясынын чегинде коргоо жаатындагы стратегиялык документтерди иштеп чыгууга катышат;
25) өзүнүн компетенциясындагы маселелер боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
26) белгиленген тартипте жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүдө авариялык-куткаруучулук жана кечиктирилгис иштерге катышат;
27) белгиленген тартипте карантиндик, санитардык-эпидемияга каршы жана жаратылышты коргоо иш-чараларын өткөрүүгө катышат;
28) белгиленген тартипте Ички аскерлердин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоого катышат;
29) өзүнүн компетенциясынын чегинде Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн иштеринин маселелери боюнча уюштуруу-башкаруучулук документтерди чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
30) бөлүнгөн каражаттарды Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн (бөлүмдөрүнүн) ортосунда бөлүштүрөт, аларды максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
31) коомдук тартипти бузган аскер кызматчыларынын мыйзамсыз иштерине мыйзамдарда белгиленген тартипте бөгөт коёт, аларды аскердик коменданттарга же тийиштүү аскердик бөлүктөрдүн командирлерине, ошондой эле аскер кызматчыларына карата сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган алгачкы текшерүү органынын, тергөөнүн ыйгарым укуктуу адамдарына жеткирет жана өткөрүп берет;
32) курал-жарактарды жана аскердик техникаларды күжүрмөн колдонуу даярдыгына колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат, ошондой эле курал-жарактарды, аскердик техникаларды жана транспорт каражаттарын коопсуз пайдаланууну камсыз кылат.
10. Командачылык мамлекеттик органдардан, уюмдардан, алардын кызмат адамдарынан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу.
4. Командачылыктын ишин уюштуруу
11. Командачылыкты Ички аскерлердин колбашчысы (мындан ары - колбашчы) жетектейт, ал Командачылыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алардын өз функцияларын ишке ашырууларына жеке жоопкерчилик тартат.
12. Колбашчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 4 августа 2023 года № 392)
13. Колбашчынын орун басарлары болот, алар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Ички аскерлердин колбашчысы:
1) Ички аскерлердин дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта болушун камсыз кылат;
2) Ички аскерлерди мөөнөттүү кызматтын кызматчылары менен контракт боюнча комплекттөө, Кыргыз Республикасынын аскердик кызматын өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аларды запаска бошотууну уюштуруу пландарын бекитет;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарда чыгарат;
4) Командачылыктын бөлүмдөрүнүн жана Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн (бөлүмдөрүнүн) жоболорун, түзүмдөрүн жана штаттарын белгиленген сандын чегинде бекитет;
5) туруктуу жайгашкан жеринен ажыратуу менен Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тартыла турган күчтөрдүн жана каражаттардын курамын аныктайт;
6) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына жана эмгек мыйзамдарына ылайык Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жана жарандык персоналына тартиптик жаза берет;
7) Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт, ошондой эле Ички аскерлердин аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналынын адамдарынан талапкерлерди ведомстволук жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого Ички иштер министрине сунуштайт;
8) Ички аскерлердин куралдануусуна аскердик жана башка техникаларды, башка мүлктөрдү кабыл алууну камсыз кылат, жараксыз абалдагы же материалдык баалуулугу жоголгон баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте эсептен чыгарат;
9) Ички аскерлерде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерди уюштурат;
10) Ички аскерлердин колбашчысынын орун басарларын, Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн командирлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине киргизет;
11) мамлекеттик органдарда жана эл аралык уюмдарда белгиленген тартипте Ички аскерлердин атынан чыгат;
12) офицерлерге "подполковник" жана "полковник" аскердик наамын ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине сунуштайт;
13) аскер кызматчыларына аскердик наамдарды мөөнөтүнөн мурда берүү, анын ичинде ээлеп турган штаттагы кызмат орду боюнча каралган аскердик наамдарын бир тепкичке жогорулатуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине киргизет;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө, аскер кызматчыларынын ордун которуштуруу маселелерин компетенциясынын алкагында чечет, кызмат орундарга дайындайт жана бошотот, майорду кошкондо кезектеги аскердик наамдарды ыйгарат, аскер кызматчыларын запаска жана отставкага чыгарат;
15) өзүнүн орун басарларынын, бөлүктөрдүн (бөлүмдөрдүн) командирлеринин иш-милдеттерин аныктайт;
16) жарандарды кабыл алат, даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечим кабыл алат, тартипти жана мыйзамдуулукту бузуу фактылары боюнча кызматтык териштирүүлөрдү (текшерүүнү) дайындайт.
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 4 августа 2023 года № 392)
5. Командачылыкты материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
15. Командачылык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган ченемдер боюнча материалдык-техникалык ресурстар жана азык-түлүк менен камсыздалат.
16. Командачылык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө сап менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.
6. Командачылыктын ишин токтотуу
17. Ички аскерлердин Командачылыгынын иши кайра уюштуруу же жоюу жолу менен токтотулат.
18. Ички аскерлердин Командачылыгын кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
19. Командачылыктын иштөө процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.