Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-февралы № 49
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун туруктуу иштешин камсыздоо, каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу бюджет түзүүчү бизнес-долбоорлордун жаралышы үчүн шарттарды түзүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун негизги максаты болуп Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду түзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу багытында шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү жамааттарынын артыкчылыктуу демилгелерин каржылоо/кошо каржылоо эсептелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Фонддун милдети Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп эсептелет.";
- 4-пунктунун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Фондду Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) башкарат, анын төрагасы жана курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет. Бир эле адам Байкоочу кеңештин төрагасы болуп эки жолудан ашык аныкталышы мүмкүн эмес.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Байкоочу кеңеш ар бир жылдын жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун элине Байкоочу кеңештин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берет.";
- 22-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Казыналыктын региондук бөлүмүндө Фонддун каражаттарын тескөөчү үчүн атайын эсеп ачат;";
- 32-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКдан 1 проценттик взнос өлчөмүндөгү каражат алынгандан кийин келген АКШ долларын үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына айландыруу жана Фонддун атайын казыналык эсебине которуу боюнча операцияны төмөнкүдөй тартипте жүргүзөт:";
- 36-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, юстиция органдарынын, укук коргоо жана коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алардын ишин колдоого;";
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бюджетти жаратуучу, облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзүүчү, Байкоочу кеңеште жактырылган бизнес-долбоорлорго, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык";
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы - он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- "Кумтөр Голд Компани" ЖАК пайдаланган жайыт жерлердин жоготуулары үчүн зыяндын ордун толтуруучу компенсацияларды төлөөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык";
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн объекттерди курууга жана оңдоого, анын ичинде облус жана район үчүн артыкчылыктуу маанидеги, бүтө элек объекттерге.";
- 37-пунктунун 1-абзацы "маданият жана спорт" деген сөздөрдөн кийин "юстиция органдары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-февралындагы N 11 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |