Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июлу № 416
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182, 2013-жылдын 24-январындагы N 27, 2019-жылдын 12-февралындагы № 49, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому, «Центерра Голд Инк.» канадалык компаниясы, «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому жана «Камеко» канадалык корпорациясынын ортосундагы «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2009-жылдын 6-июнундагы, Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайра каралган инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду болуп өзгөртүп аталсын.
2. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 «Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө» токтому;
- «Ысык-Көл облусун социалдык жактан өнүктүрүү фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-декабрындагы № 720 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 534 токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген |
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182, 2013-жылдын 24-январындагы N 27, 2019-жылдын 12-февралындагы N 49, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун (мындан ары - Фонд) ишин жөнгө салат.
2. Фонддун негизги максаты болуп Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду түзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу багытында шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү жамааттарынын артыкчылыктуу демилгелерин каржылоо/кошо каржылоо эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы N 49 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Фонддун милдети Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы N 49 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Жобо 2009-жылдын 6-июнундагы, Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайра каралган инвестициялык макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык иштелип чыккан.
2. Башкаруу тартиби
4. Фондду Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) башкарат, анын төрагасы жана курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет. Бир эле адам Байкоочу кеңештин төрагасы болуп эки жолудан ашык аныкталышы мүмкүн эмес.
Фонддун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында Байкоочу кеңештин курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү, Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештерден, Каракол жана Балыкчы шаарларынын жергиликтүү кеңештеринен бирден өкүл, ошондой эле коомдук уюмдардан, бирикмелерден жана жарандык сектордон кеминде үчтөн өкүлү киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 27, 2019-жылдын 12-февралындагы № 49, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Байкоочу кеңештин функциясы жана иши ушул Жобо менен аныкталат.
6. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн укуктары жана жоопкерчилиги Байкоочу кеңеш бекиткен объекттердин тизмегине жана топтомо сметасына так ылайыкта Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө (мындан ары - Фонддун каражаттарын тескөөчү) берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 27, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Байкоочу кеңеш. Байкоочу кеңештин функциялары жана иши
7. Байкоочу кеңеш коллегиалдуу байкоочу орган болуп эсептелет, бул Байкоочу кеңеш Фондго жана анын акчалай каражаттарын Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн максаттуу пайдаланууга жалпы жетекчилик жүргүзөт.
8. Байкоочу кеңеш юридикалык жактын статусуна ээ болбойт.
9. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн (ӨЭУ, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнүн) милдетин аткарууга байланыштуу командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына катышуу үчүн өздөрүнүн ордуна башка адамдарды жибере алышпайт. Байкоочу кеңештин мүчөсү жок болгон учурда бул мүчө каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
11. Байкоочу кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын жана артыкчылыктарын бекитүү;
- Фонддун каражаттарын тескөөчү сунуш кылган Фонддун кредиттик жана инвестициялык ишин ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
- Фонддун каражаттарына ички аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- ар бир финансы жылына Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн ишин каржылоонун сметасын жана шарттарын бекитүү;
- долбоорлордун жана объекттердин тизмесин, ошондой эле кварталга бөлүштүрүү менен аларды каржылоонун бириктирилген сметасын бекитүү;
- Фонддун акчалай каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо.
12. Байкоочу кеңеш өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты Фонддун каражаттарын тескөөчүдөн сурап алууга;
- Байкоочу кеңешке бекитүүгө Фонддун каражаттарын тескөөчүсү берген документтерди кайра иштеп чыгууга жиберүүгө;
- Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
13. Байкоочу кеңештин жыйындары квартал сайын өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда иш-чаралардын жана объекттердин тизмесине, ошондой эле тиешелүү чыгымдардын сметаларына оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан учурдагы маселелерди чечүү үчүн Байкоочу кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
14. Байкоочу кеңештин жыйынын өткөрүү күнүнө чейин кеминде 5 күн калган мезгилде Байкоочу кеңештин мүчөлөрү алдын ала (жазуу жүзүндө же ооз эки түрдө) кабарланганда жана Байкоочу кеңештин кеминде 2/3 мүчөсү катышса жыйын мыйзамдуу болуп эсептелет.
15. Байкоочу кеңештин жыйындары Байкоочу кеңештин катчысы тарабынан протокол менен таризделет. Протоколго Байкоочу кеңештин төрагасы же жыйынга төрагалык кылган адам кол коет, анын түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
16. Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйынында төрагалык кылган адам кол коет. Добуштар тең болуп калса, Байкоочу кеңештин жыйынында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
17. Байкоочу кеңеш өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
18. Байкоочу кеңештин ишин камсыз кылууну Фонддун каражаттарын тескөөчү жүргүзөт. Фонддун каражаттарын тескөөчү Байкоочу кеңештин катчысынын милдеттерин аткаруу үчүн өзүнүн штаттык кызматкерин берет.
19. Байкоочу кеңештин катчысы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен кат алышууну жүргүзөт, алардын сунуштарынын негизинде иштөө планын, күн тартибин түзөт, жыйындардын протоколдорун жазат, Байкоочу кеңештин төрагасынын тапшырмаларынын жана чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүн контролдойт.
20. Ар бир календардык жылдын 25-январынан кеч эмес мезгилде өтүп жаткан жыл үчүн иштин жыйынтыгы жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн отчетун өзүнүн жыйындарында угат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ар бир жылдын башында, 5-февралдан кеч эмес мезгилде Байкоочу кеңеш ошол жыл үчүн долбоорлордун жана объекттердин тизмесин, ошондой эле аларды каржылоонун бириктирилген сметасын Фондго түшүүчү каражаттарды эске алып, кварталга бөлүштүрүү менен бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182 токтомунун редакциясына ылайык)
21-1. Байкоочу кеңеш ар бир жылдын жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун элине Байкоочу кеңештин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы N 49 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн функциялары жана отчеттуулугу
22. Фонддун каражаттарын тескөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- Казыналыктын региондук бөлүмүндө Фонддун каражаттарын тескөөчү үчүн атайын эсеп ачат;
- Байкоочу кеңештин чечимдеринин жана ал бекиткен бюджеттин аткарылышын камсыз кылат;
- Байкоочу кеңештин ишин борбордоштурулган материалдык-техникалык жабдууну камсыз кылат;
- Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди техникалык көзөмөлдөөнү, аларды оңдоо жана реконструкциялоо үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди түзүүнү камсыз кылат;
- Байкоочу кеңеш бекиткен, Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн чыгымдарын төлөөнү жүргүзөт;
- Фонддун акчалай каражаттарынын колдонулушу боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Байкоочу кеңештин жыйындарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
- көз карандысыз аудитор үчүн маалыматты даярдайт;
- ачык угууларды (айылдык жана шаардык жыйналыштарды) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт жана Фонддун каражаттарын бөлүштүрүүдө тургундардын пикирин эске алат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182, 2019-жылдын 12-февралындагы N 49 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Фонддун байкоочу кеңеши Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча функцияларын аныкташы же жогоруда аныкталган функцияларын деталдаштыруусу мүмкүн.
24. Тескөөчү Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты квартал сайын расмий басылмаларга жарыялайт, ошондой эле ал маалыматты тескөөчүнүн веб-сайтына Фонддун Байкоочу кеңеши бекиткен иш-чаралардын планына ылайык жайгаштырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн жоопкерчилиги
25. Фонддун каражаттарын тескөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун акчалай каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
26. Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун каражаттарын тескөөчү отчеттук жыл үчүн Фонддун бюджетинин аткарылышы жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун аткарылышы жөнүндө отчетту даярдайт жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө берет.
27. Ар бир жылдын башында облустун райондорундагы жана шаарларындагы социалдык-экономикалык абалды иликтөөнүн жана талдоонун негизинде Фонддун каражаттарын тескөөчү "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы берген Фондго которула турган акча каражаттарынын болжолунун негизинде, Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттердин жана долбоорлордун тизмесин даярдайт жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө берет.
28. Фонддун каражаттарын тескөөчү өткөн квартал үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту жана кийинки кварталга карата Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча такталган болжолду Байкоочу кеңешке бекитүүгө квартал сайын берет.
29. Фонддун ишине көз карандысыз аудитти Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жүргүзөт.
6. Фонддун акчалай каражаттарын түзүүнүн тартиби
30. Фонддун акчалай каражаттары Макулдашууга ылайык "Кумтор Голд Компани" ЖАКынын "Ысык-Көл салымынын" эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлөт.
31. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы өткөн айда алынган дүң кирешенин 1%и өлчөмүндөгү сумманы өткөн мезгил үчүн ар бир айдын онунда (эгерде айдын ону жумушчу күн болбой калса, жакынкы кийинки жумушчу күнүндө) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы эсепке АКШ долларында которот.
32. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКдан 1 проценттик взнос өлчөмүндөгү каражат алынгандан кийин келген АКШ долларын үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына айландыруу жана Фонддун атайын казыналык эсебине которуу боюнча операцияны төмөнкүдөй тартипте жүргүзөт:
- 50 проценти Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун эсебине которулат, алар андан ары Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан пайдаланылат. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы бул каражаттарды бөлүштүрүүгө катышпайт;
- 50 проценти Фонддун атына ачылган өзүнчө "Эскроу-Эсепке" которулат жана ал "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен макулдашуу боюнча Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182, 2013-жылдын 24-январындагы N 27, 2019-жылдын 12-февралындагы N 49 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33. Фонддун акчалай каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
7. Фонддун акчалай каражаттарын пайдалануунун тартиби
34. Фонддун акчалай каражаттарын Фонддун каражаттарын тескөөчү Байкоочу кеңеш аныктаган максаттарга гана пайдаланууга тийиш.
Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байкоочу кеңештин кароосуна объекттердин кошумча тизмегин киргизүүгө укуктуу.
Акчалай каражаттар башка максаттарга, ошондой эле Байкоочу кеңештин жана Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн уюштуруучулук иш-чаралары менен байланышкан чыгымдарга пайдаланылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 27, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомдорунун редакциясына ылайык)
35. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
36. Фонддун акчалай каражаттары Байкоочу кеңеш бекиткен жылдык бюджетке ылайык Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө төмөнкүдөй пайдаланылат:
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, юстиция органдарынын, укук коргоо жана коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алардын ишин колдоого;
- курорттук-рекреациялык зонаны өнүктүрүүнүн башкы пландарын, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин, деталдуу пландоонун долбоорлорун иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга;
- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга, жердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга;
- бюджетти жаратуучу, облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзүүчү, Байкоочу кеңеште жактырылган бизнес-долбоорлорго, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
- облустун калктуу конуштарын абаттоо, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- облустун айыл чарба кооперативдерине жана дыйкан чарбаларына андан ары лизингге берүү менен айыл чарба техникасын жаңылоого жана борбордоштурулган сатып алууга;
- чыгармачыл долбоорлорду, шыктуу балдарды жана таланттарды колдоого;
- Ысык-Көл облусунун акваториясын эл аралык туризм үчүн жагымдуу жана кызыктуу аймак катары имиджин түзүү жана жайылтуу, туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштерге;
- Ысык-Көл облусунда мамлекеттик-жеке өнөктүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө;
- Ысык-Көл облусунда иш жүргүзгөн ишкерлер жана инвесторлор үчүн гарантиялык фонддорду түзүүгө;
- инвестор менен капиталга чогуу катышуу жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде облуста жаңы ишканаларды ачууга;
- Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду тең каржылоого;
- облустун калктуу конуштарын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоого жана курууга.
- (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн объекттерди курууга жана оңдоого, анын ичинде облус жана район үчүн артыкчылыктуу маанидеги, бүтө элек объекттерге;
- Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Ысык-Көл облусунун жашоочуларын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды тиешелүү финансылык келишим түзүү аркылуу каржылоого.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182, 2013-жылдын 24-январындагы N 27, 2019-жылдын 12-февралындагы N 49, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. Фонддун эсебинен каржы алуучу билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, мекемелеринин, юстиция органдарынын, укук коргоо, коргонуу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана ишин колдоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Контракттар жана милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоого алынууга тийиш.
Эгер Фонддун Байкоочу кеңеши бекиткен иш-чаралар үч айдын ичинде максаттык арналышы боюнча ишке ашырылбаса, анда бул шарт каражаттарды кайра Фонддун эсебине алуу үчүн негиз болот.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182, 2019-жылдын 12-февралындагы N 49 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
38. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы N 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Салык салуу
39. Фонддун каражаттарына салык салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Өзгөчө шарттар
40. Түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 2,5 пайызынан көп эмес өлчөмдөгү каражаттар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун күтүүгө пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 298 токтомунун редакциясына ылайык)