Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы № 47
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2-берене. Ички аскерлердин багыты
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери (мындан ары - Ички аскерлер) жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомду жана мамлекетти, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, коопсуздугун жана эгемендигин кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргоо үчүн багытталган аскердик түзүлүш болуп эсептелет.
3-берене. Ички аскерлердин ишинин укуктук негизи
Ички аскерлер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук азыктарды, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
4-берене. Ички аскерлердин ишинин принциптери
Ички аскерлер ишин мыйзамдуулук, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, жеке башчылык жана башкарууну борборлоштуруу принциптеринин негизинде жүргүзөт.
5-берене. Ички аскерлердин милдеттери
1. Ички аскерлердин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ички иштер органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга катышуу;
2) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу;
3) өзгөчө жана аскердик абалдын режимдерин камсыз кылуу иш-чараларына катышуу;
4) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террордук топторду, сепаратисттик уюмдарды жана диний экстремисттерди жок кылуу боюнча иш-чараларга катышуу;
5) массалык кагылышуу болгон районду блоктоо жана кагылышкан тараптардын чыр-чатактарын токтотуу боюнча иш-чараларга катышуу;
6) калкты куткаруу жана эвакуациялоо, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча иш-чараларга катышуу;
7) эпидемиялар жана эпизотиялар чыккан жерлерде карантиндик иш-чараларды жүргүзүүгө саламаттыкты сактоо жана ветеринария уюмдарына көмөк көрсөтүү;
8) Кыргыз Республикасын аймактык коргоого катышуу.
6-берене. Ички аскерлердин жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иши
1. Ички аскерлер адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, жынысына, расалык жана улуттук таандыгына, курагына, билимине, тилине, жашаган жерине, диний жана башка көз карашына, коомдук бирикмелерге таандыгына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан кылмыштуу жана айрым укукка каршы кол салуулардан коргошот.
2. Ички аскерлер тарабынан жарандарды алардын укуктарынан жана эркиндиктеринен чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган негизде жана тартипте жол берилет.
7-берене. Ички аскерлердин милдеттенмелери
1. Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоого;
2) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтарууну камсыздоого;
3) кайгуул-күзөт кызматын өтөө аркылуу, анын ичинен массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого катышууга;
4) жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте катышууга;
5) массалык башаламандыктарды жана топтук баш ийбегендиктерди токтотууга белгиленген тартипте катышууга;
6) терроризмге каршы операцияларды жана коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө белгиленген тартипте катышууга;
7) аймактык коргоого, ошондой эле өзгөчө жана согуштук абалдын укуктук режимдерин камсыздоого белгиленген тартипте катышууга;
8) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, ошондой эле ошол аймактагы коомдук тартипти камсыздоого белгиленген тартипте катышууга;
9) карантиндик жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларга белгиленген тартипте катышууга.
8-берене. Ички аскерлердин укуктары
Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, Ички аскерлердин өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон иш-аракеттерди токтотууну талап кылууга. Мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;
2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасоого шектүү болгон жеке адамдардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин текшерүүгө;
3) алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын өкүлдөрү келгенге чейин кылмыштардын жана жоруктардын издеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча жазык-процесстик мыйзамдарда каралган зарыл болгон чараларды көрүүгө;
4) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасаган же аларды жасоого аракет кылган адамдарды ички иштер органдарына жеткирүүгө;
5) кайтарылуучу, массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлердин кире беришинде (чыга беришинде) жеке адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын жана алып өтүүчү жүктөрүн текшерүүгө, анын ичинен техникалык каражаттарды колдонуу менен текшерүүгө;
6) Ички аскерлер тарабынан кайтарылуучу объекттерде белгиленген эрежелерди бузган транспорт каражаттарын, сууда жүрүүчү каражаттарды (кемелерди) текшерүүгө;
7) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жарандарга таандык турак-жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана жайларына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн сырткары) тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти камсыздоо, кылмышкерди кармоо, адамдын өмүрүн, ден соолугун же мүлкүн сактоо максатында кароого.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын турак жайга анда жашаган жарандардын эркине каршы жана менчикте же башка укукта турган башка объектилерге кирүүдөгү иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 сааттын ичинде сот тарабынан каралууга тийиш. Ушул пунктта белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;
8) эгерде жеке адамдардын болуусу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, менчик объекттерге коркунуч келтирсе, уюмдардын ишин бузса, транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тоскоол болсо, ошондой эле тергөө иш-аракеттерин, атайын тергөө иш-аракеттерин жана массалык иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылуу учурларында жеке адамдардын турак-жайларга, жердин белгилүү бир участокторуна кирүүсүн жана болуусун убактылуу чектөөгө жана тыюу салууга;
9) укукка каршы ыкма менен кайтарылуучу аймактарга кирген адамдарды кубалоодо, камактан качкан адамдарды жана кылмыштарды жасоого шектелген (күнөөлүү) адамдарды издөөдө, ошондой эле массалык баш аламандыкты жана коомдук тартипти тобу менен бузууларды токтотууда жер-жерлердеги райондорду, өзүнчө курулмаларды жана объекттерди курчоого алууга (блоктоого);
10) өзгөчө кырдаалдарда жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо максатында көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүлөрүнө убактылуу тыюу салууга же чектөөгө, аларды текшерүүгө;
11) жеке жана юридикалык жактардан мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды жана заттарды белгиленген тартипте алууга;
12) Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын пайдалануусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан кайтарымсыз алууга;
13) коменданттык сааттын режимин бузган жарандарды ал аяктаганга чейин, ал эми жанында ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок адамдарды ким экендигин аныктаганга чейин, бирок өзгөчө абал жана согуштук абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык эмес кармоого;
14) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга;
15) Ички аскерлердин ишинин маселелери боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
16) кызматтык милдеттерин аткарууда шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун (жеңил таксиден тышкары) бардык түрлөрүн бекер пайдаланууга.
9-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги
Ички аскерлердин аскер кызматчылары кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы, бийлигин жана кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкандыгы, өз милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай эмес аткаргандыгы, укукка каршы иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
2-глава. Ички аскерлердин курамы жана анын ишин уюштуруу
10-берене. Ички аскерлердин курамы
1. Ички аскерлердин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Ички аскерлердин командачылыгы;
2) ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөр (түзүмдөр);
3) стратегиялык объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр (түзүмдөр);
4) атайын багыттагы аскердик бөлүктөр (түзүмдөр);
5) Ички аскерлердин ишин камсыз кылуучу (байланыш, окуу, тылдык, медициналык, техникалык камсыздоо) аскердик бөлүктөр (түзүмдөр).
2. Ички аскерлердин аскердик командачылыгы жана аскердик бөлүктөрү мекеме - уюштуруучулук-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
11-берене. Ички аскерлерди жетектөө
Ички аскерлерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жалпы жетектейт.
Ички аскерлердин колбашчысы Ички аскерлерди түздөн-түз жетектейт.
12-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:
1) Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн ишин жалпы жетектейт;
2) Ички аскерлердин ишинин маселелери боюнча ведомстволук актыларды чыгарат;
3) белгиленген штаттык сандын чегинде Ички аскерлердин түзүмүн жана жайгашуусун аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Ички аскерлердин жалпы санын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) Ички аскерлерди дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо боюнча чараларды көрөт, аларды кызматтык-күжүрмөн колдонуу боюнча документтерди бекитет;
6) Ички аскерлердин катарына мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын аскердик кызматка чакырууну жана бошотууну уюштурууга Ички аскерлердин катышуусун камсыздайт;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамдарды ыйгарууга сунуштарды киргизет;
8) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана жарандык персоналынын адамдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды киргизет;
9) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ички аскерлердин колбашчысы кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ички аскерлердин колбашчы кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуппу киргизет;
10) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык Ички аскерлердин аскер кызматчыларына тартиптик жазаларды салат;
11) Ички аскерлердин колбашчысынын орун басарларын, Ички аскерлердин бөлүктөрүнүн командирлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот, Ички аскерлердин офицерлерин кызматтан бошотот, офицердик курамдын биринчи аскер наамын жана "подполковник", "полковник" аскердик наамдарын ыйгарат;
12) Ички аскерлердин командачылыгынын штаттык санын, аскер кызматчыларынын жүктөмүнүн ченемдерин, штаттык ченемдерин, Ички аскерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.
13-берене. Ички аскерлердин командачылыгы
1. Ички аскерлердин командачылыгы Ички аскерлердин аскердик башкаруу органы болуп саналат.
2. Ички аскерлердин командачылыгынын ишин уюштуруу жана анын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-глава. Ички аскерлердин иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
14-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) төмөнкүлөрдү бекитет:
Ички аскерлердин штаттык санын;
Ички аскерлердин Күжүрмөн кызматынын уставын;
2) Ички аскерлерди зарыл болгон материалдык-техникалык жана финансы ресурстары менен камсыздайт;
3) Ички аскерлердин аскер кызматчылары тарабынан кайтарылууга тийиш стратегиялык объекттердин, атайын жүктөрдүн тизмесин аныктайт.
15-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана уюмдар
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймагында Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүнүштөрүн жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунуштарын кароого катышат.
2) Ички аскерлердин бөлүнүштөрү ведомстволук аймагында өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча милдеттерди жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарган учурда өздүк курамды жайгаштыруу үчүн бекер орундар менен камсыздайт, азык-түлүк, транспорт, медициналык, коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөр менен үзгүлтүксүз камсыздоону уюштурат.
2. Мамлекеттик органдар жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана алардан кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ички аскерлердин аскер кызматчыларына өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абалды киргизүү шарттарында Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүнүштөрүн аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда башкаруу үчүн бекер байланыш линияларын жана каналдарын беришет.
16-берене. Ички аскерлерди туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкаркы жерлерде милдеттерин аткарууга тартуу
1. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүнүштөрүн туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкаркы жерлерде милдеттерин аткарууга тартуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин чечими боюнча ишке ашырылат.
2. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жеке курамын туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкаркы жерлерге ушул беренеде көрсөтүлгөн аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тартуунун узактыгы үч айдан ашпоого тийиш.
4-глава. Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөө жана эмгек мамилелери
17-берене. Ички аскерлердин кадрлары
1. Ички аскерлердин кадрлары аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналдын адамдарынан турат.
2. Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аскердик наамдары, артыкчылык белгилери жана алар үчүн белгиленген формасы бар. Аларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө шарттарын регламенттеген ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жана ушул Мыйзамда каралган алууларды жана анда толуктоолорду эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарынын талаптары жайылтылат.
3. Ички аскерлердин жарандык персоналынын эмгек иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
18-берене. Ички аскерлердеги аскердик кызмат
1. Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын жалпы аскердик милдеттер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жарандарды аскердик кызматка чакыруунун, ошондой эле жарандардын контракт боюнча аскердик кызматка өз ыктыяры менен өтүүсүнүн негизинде аскер кызматчылары менен комплекттелет.
2. Ички аскерлерге аскердик кызмат өтөөгө кабыл алынган жарандар, "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталуучу тартипте аскердик ант беришет.
19-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүктөрү
1. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
2. Ички аскерлердин аскер кызматчыларына алар ички иштер органдарынын милдеттерин аткарууда ички иштер органдарынын кызматкеринин статусу жайылтылат.
3. Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Ички аскерлердин аскер кызматчылары бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болушат.
4. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптары кызмат адамдарынын, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкын статусуна ээ адамдардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу иш-аракеттерине кийлигишүүгө, ага ушул Мыйзам менен түз ыйгарым укук берилген адамдардан тышкары эч кимдин укугу жок.
7. Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүгү жана ушул Мыйзамда белгиленген аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча социалдык укуктар жана жеңилдиктер менен компенсацияланат.
20-берене. Ички аскерлердин кадрларын даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу
1. Ички аскерлердин офицерлерин даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары, анын ичинен аскердик окуу жайлары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет мамлекеттердин окуу жайлары тарабынан ишке ашырылат.
2. Прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо Ички аскерлердин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн окутуучу аскердик бөлүктөрүндө (борборлорунда) ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген мамлекеттик органы Ички аскерлердин аскер кызматчыларын ведомстволук аскердик окуу жайларда даярдоого көмөк көрсөтөт.
21-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусу
1. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттери жана аларды аткаруу тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актылары менен аныкталат.
2. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кароолдун, аскердик кезметтин курамында, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган аскердик бөлүктөрдүн курамында аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусу күжүрмөн нөөмөт өтөө болуп саналат.
3. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын күжүрмөн нөөмөт өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5-глава. Ички аскерлердин мажбурлоо чараларын колдонуусу
22-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуунун шарттары жана чектери
1. Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга укуктуу.
2. Кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана аскер техникасы Кыргыз Республикасынын ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда түзүлгөн кырдаалга жараша колдонулат. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуу, аларды колдонууну кечиктирүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирген же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурлардан тышкары, алар каршы колдонулуучу адамга аларды колдонуу ниети жөнүндө так жана ачык айтып эскертүү менен коштолушу керек.
3. Ички аскерлердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчылары куралы, атайын каражаттары, ошондой эле курал-жарактары жана аскер техникасы жок болгон же аларды колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда аргасыз коргонуу же өтө эле зарыл болгон абалда коомдук кооптуу кол салууларга кайра сокку берүү үчүн колунда болгон каражаттарды колдонууга укуктуу.
4. Эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуудан качууга мүмкүн болбогон учурда, Ички аскерлердин аскер кызматчылары жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө жана алардын ден соолугуна, намысына, аброюна жана мүлкүнө мүмкүн болушунча азыраак зыян келтирүүгө умтулууга, ошондой эле жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Ички аскерлердин аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонгон ар бир учур тууралуу аны колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн кызмат өтөгөн жери же колдонгон жери боюнча түздөн-түз командирине рапорт берүүгө милдеттүү.
6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын өз ыйгарым укуктарын аша чабуу менен колдонуусу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6-глава. Корутунду жоболор
23-берене. Ички аскерлерди каржылоо
Ички аскерлерди каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
24-берене. Ички аскерлерди материалдык-техникалык камсыздоо
1. Ички аскерлерди материалдык-техникалык камсыздоонун ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Ички аскерлер курал-жарак, автомобиль, бронетанкалык жана башка аскер техникасы, материалдык каражаттар менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча камсыздалат.
3. Стратегиялык объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча милдеттерди аткарган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) өздүк курамын, курал-жарактарын, техникасын жана аскердик-техникалык мүлкүн жайгаштыруу үчүн имараттар жана курулмалар Ички аскерлер объекттерин кайтарган министрликтер жана ведомстволор (мекемелер) тарабынан бөлүнүп берилет же тургузулат.
25-берене. Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына прокурордук көзөмөл
Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасынын органдары тарабынан ишке ашырылат.
26-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|