Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-февралы № 45
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү "жана уюмдары" деген сөздөр ", уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) I бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:
"5-1-берене. Кыргыз Республикасынын ички аскерлерин жетектөө жана алар менен өз ара аракеттенүү
Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен өз ара аракеттенүү менен аткарат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Аскерлерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жетектейт, ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы - түздөн-түз башкарат.
Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын башчылары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде ведомстволук аймакта жайгашкан жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Ички аскерлердин бөлүнүштөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылары болуп саналат.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|