Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-февралы № 44
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. 2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-февралындагы № 44 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга 2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында (Россия Федерациясы) кол коюлган.
Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Макулдашуу долбоор түрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен сын-пикирлерсиз макулдашылган (2018-жылдын 19-апрелинде).
Аталган Макулдашуу кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 182-б буйругу менен жактырылган, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Макулдашууга кол коюуга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына тиешелүү ыйгарым укук берилген.
Аталган Макулдашууга ылайык Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн геомейкиндиктик маалыматтар банкында камтылган маалыматтар менен өз ара тең укуктуу алмашуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуунун натыйжасында алынган маалыматтарды топтоого жана сактоого жооптуу орган болуп саналат.
Геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуунун натыйжасында алынган маалыматтар аларды берген тараптын макулдугусуз маалымат суралган максаттардан тышкары башка багыттарда пайдаланылууга мүмкүн эмес.
Геомейкиндиктик маалыматтарды берүү алмашуунун белгиленген форматтарында машиналык алып жүрүүчүлөрдө жана аналогдук түрдө колдонуудагы каналдар боюнча ишке ашырылат.
Эгерде ар бир конкреттүү жагдайда башка тартип макулдашылбаган болсо, тараптар Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды өз алдыларынча тартышат.
Макулдашууну ратификациялоо аскерлердин биргелешкен иш-чараларын жана күнүмдүк ишин даярдоодо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо боюнча пайда болгон кыйынчылыктарды чечүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле, аталган Макулдашуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык же башка терс кесепеттерге алып келбейт.