Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-февралы № 42
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик ишканаларын кайра өзгөртүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик мекемелерге кайра өзгөртүлүп түзүлүүчү бассейндик жана райондук суу чарба башкармалыктарынын, суу сактагычтарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 27-29-пункттар менен толукталсын:
"
№ | Уюмдардын аталышы | Уюштуруу-укуктук формасы | ОКПО коду | Кайра уюштуруудан кийинки уюмдардын аталышы |
27 | "Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 20205017 | "Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
28 | "Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051896 | "Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
29 | "Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 22016332 | "Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
".
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |