Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 524
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик ишканаларын кайра түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн юридикалык статусун бирдейлештирүү, иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин бассейндик жана райондук суу чарба башкармалыктары, суу сактагычтары ушул токтомдун тиркемесине ылайык мамлекеттик мекемелерге кайра түзүү жолу менен өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемелерди белгиленген тартипте кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин мамлекеттик мекемелерге кайра өзгөртүлүп түзүлүүчү бассейндик жана райондук суу чарба башкармалыктарынын, суу сактагычтарынын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Уюмдардын аталышы | Уюштуруу-укуктук формасы | ОКПО коду | Кайра уюштуруудан кийинки уюмдардын аталышы |
1 | "Чүй мамлекеттик бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 15923526 | "Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
2 | "Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 5713991 | "Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
3 | "Москва райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01052022 | "Москва райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
4 | "Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 05713986 | "Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
5 | "Чүй райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01052068 | "Чүй райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
6 | "Сокулук райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 1052039 | "Сокулук райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
7 | "Сузак райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051881 | "Сузак райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
8 | "Чаткал райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 05967379 | "Чаткал райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
9 | "Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051815 | "Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
10 | "Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 22495953 | "Баткен бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
11 | "Баткен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051910 | "Баткен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
12 | "Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051962 | "Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
13 | "Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051904 | "Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
14 | "Ош бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01052967 | "Ош бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
15 | "Алай райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051979 | "Алай райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
16 | "Араван райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 1051985 | "Араван райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
17 | "Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051867 | "Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
18 | "Ноокат райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051873 | "Ноокат райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
19 | "Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 1051933 | "Кара-Кулжа райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
20 | "Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 04589515 | "Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
21 | "Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 20019355 | "Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
22 | "Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051761 | "Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
23 | "Нарын бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 15923503 | "Нарын бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
24 | "Кара-Буура райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 1052045 | "Кара-Буура райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
25 | "Киров суу сактагыч башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 5719835 | "Киров суу сактагыч башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
26 | "С.И.Ибраимов атындагы Папан суу сактагыч башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 3126902 | "С.И.Ибраимов атындагы Папан суу сактагыч башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
27 | "Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 20205017 | "Ысык-Көл бассейндик суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
28 | "Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 01051896 | "Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |
29 | "Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы | Мамлекеттик ишкана | 22016332 | "Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси |