Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 59 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келет.
2018-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик тарабынан Дүйнөлүк банк менен биргеликте иштелип чыккан "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" региондук долбоорун каржылоо концепциясы жактырылган.
"Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" региондук долбоорун каржылоонун максаты Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнүн тактыгынын жана күн мурун кабарлоосунун деңгээлин жакшыртуу болуп саналат. "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" региондук долбоору үч компоненттен турат:
А компоненти: Региондук кызматташтыкты чыңдоо жана маалымат алмашуу.
В компоненти: Кыргыз Республикасында гидрометеорологиялык тейлөөнү жакшыртуу.
С компоненти: Тажикстан Республикасында гидрометеорологиялык тейлөөнү жакшыртуу.
"Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" региондук долбоорунун В компонентинин алкагында Кыргыз Республикасына финансы каражатын бөлүп берүү Дүйнөлүк банктын стандарттык шарттарында жүргүзүлөт. Пландалган кошумча каржылоо 5,0 млн. АКШ долларын түзөт; алардын ичинен 2,5 млн. АКШ доллары грант түрүндө жана 2,5 млн. АКШ доллары кредит түрүндө берилет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 409-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга 2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.