Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 74 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн каражаттарды токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдалануу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) токой чарбасы жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча функцияларды ишке ашырууну камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн каражаттарды пайдалануу тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо пайдаланылган аныктамалар:
1) өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү - өзгөчө баалуу дарак породаларын тынымсыз калыбына келтирүү үчүн токойду коргоо, сактоо, өстүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана калыбына келтирүү процесси;
2) токой өсүмдүктөрүн отургузуу - токой өсүмдүктөрүн өстүрүү максатында өзгөчө баалуу дарак породаларынын көчөттөрүн отургузуу;
3) токой өсүмдүктөрүнүн долбоору - токой өсүмдүктөрүнүн шарттары жана токойду калыбына келтирүү үчүн токой өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аянтында токой өсүмдүктөрүн өстүрүү технологиясы баяндалган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгарылуучу документ;
4) компенсациялык чара - өзгөчө баалуу дарак породасындагы бир кыйылган бак үчүн тиешелүү түрдөгү 100 көчөт отургузуу пропорциясында өзгөчө баалуу дарак породаларын отургузуу;
5) токой өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аянт - токой өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн арналган жер участогу.
3. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринен тышкары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте.
4. Өзгөчө баалуу дарак породаларын төмөнкү учурларда кыюуда алардын орду толтурулбайт:
- табигый өзгөчө кырдаалдардын жана катаклизмдердин кесепеттерин жоюуда;
- токойдун зыянкечтеринин жана ылаңынын массалык очогуна каршы күрөшүүдө;
- жасалма жол менен өстүрүлгөн өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюуда.
2. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн каражаттарды пландоо
5. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу иретинде келип түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 "Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык толук көлөмдө өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн багытталат.
6. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн сарпталган чыгымдарды пландоо отургузуучу материалдардын наркына, аны менен байланышкан жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө негизделет.
7. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн сарпталган чыгымдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү программалык негиздеги бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларынын долбооруна жыл сайын киргизилет.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн бюджеттик каражаттарды алгандан кийин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык конкурс уюштурат.
3. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн каражаттарды пайдалануу
9. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу иретинде келип түшкөн каражаттар топурактын суу жана шамал эрозиясына кабыл болушун алдын алуу, породалык курамды жакшыртуу, коргоочу токойлорду түзүү максатында өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат.
10. Өзгөчө баалуу дарак породаларын компенсациялык чараларды колдонуу менен калыбына келтирүү токой фондунун жерлеринде жана жердин башка категорияларында өзгөчө баалуу дарак породаларынын өскөн ареалын эске алуу менен жүргүзүлөт.
11. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн жерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тандайт жана участоктогу даракты кыюу жөнүндө акт менен таризделет.
12. Өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн жер тандап алынгандан кийин аларды отургузуу мезгили аныкталат. Жазгы мезгилде тигүү жер бетиндеги өсүмдүк массасы активдүү өсүп баштаганга чейин жүргүзүлөт. Күзгү мезгилде тигүү октябрдан кийин отургузуу районуна жана өзгөчө баалуу дарак породасынын түрүнө жараша ноябрда жана декабрда жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган токой өсүмдүктөрүнүн долбоорун иштеп чыгат жана бекитет.
14. Токой өсүмдүктөрүнүн долбоорунда бюджет, жумуштарды аткаруу графиги, өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси чагылдырылат.
15. Токой өсүмдүктөрүнүн долбоорунун бюджетинде төмөнкү товарларды жана жумуштарды сатып алууга багытталган компенсациялык чараларды ишке ашыруу үчүн каражаттар каралат:
1) бир кыйылган бак үчүн 100 көчөт отургузуу эсебинде өзгөчө баалуу дарак породасындагы стандарттуу көчөттөрдү сатып алуу (арчанын стандарттуу көчөттөрү - 0,5 м жана андан бийик; жаңгактын стандарттуу көчөттөрү - 1,0 м жана андан бийик);
2) көчөттөрдү отургузуу жерине чейин ташып баруу;
3) токой өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аянтты даярдоо;
4) көчөттөрдү отургузуу (механикалаштырылган, кол менен);
5) өзгөчө баалуу дарак породасындагы отургузулган көчөттөрдү багуу;
6) токой өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү аянтты тосуу;
7) кайтаруу.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сатып алат.
4. Каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө
17. Токойду коргоого, сактоого, өстүрүүгө, токойлордун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүүгө багытталган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын комиссия көзөмөлдөйт.
18. Комиссия төмөнкүдөй курамда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт:
- директор - комиссиянын төрагасы;
- башкы токойчу - комиссиянын төрагасынын орун басары;
- токой өсүмдүктөрүнүн инженери - комиссиянын катчысы;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматынын кызматкери;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юристи;
- калыбына келтирүүчү иштердин аткаруучусу.
19. Комиссия товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс уюштурулгандан тартып иштейт жана калыбына келтирүү иштерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу менен өзүнүн ишин аяктайт.
20. Актыга калыбына келтирүү иштеринин аткаруучусу жана комиссиянын төрагасы кол коёт.
21. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы калыбына келтирүү иштеринин аяктагандыгын жана токойду коргоого, сактоого, өстүрүүгө, токойлордун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана өзгөчө баалуу дарак породаларын калыбына келтирүүгө багытталган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын ырастоочу документ болуп саналат.
5. Жарандардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
22. Юридикалык жана жеке жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине даттанууга жана ушул Жобонун талаптары бузулган фактылары боюнча даттануу менен административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык кайрылууга укуктуу.
23. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берген юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.