Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-августу № 458
Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 611, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин , Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 2 жана 4-беренелерине111-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токой чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларынын токой каптаган аянттарынын наркын (ченемдик баасын) аныктасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2013-жылдын 16-августундагы № 68 саны менен жарыяланды.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев
|