Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы
2020-жылдын 4-декабры № 31
2020-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 03.12.2020-жылдагы №01-34/552 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын башка сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
3. Корутундуга ылайык, үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган акча каржатынын жалпы суммасы 1760,8 миң сом (1-таблица), бул акча каражаты ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн багыттарда чыгымдалсын (2-таблица).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
04.12.2020-жылдагы кезектеги XXX сессиясынын
№31 токтому менен бекитилди
Тиркеме
2020-жылы 9 (тогуз) айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана каскартуудан алынган акча каражаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
| № | Мазмуну | Сумма (миң сом) | |
| 1 | Көчөгө отургучтарды (скамейка), таштанды салуучу урналарды жасатуудан (конкурстун жыйынтыгы менен) | 158,0 | |
| 2 | Жасалма балаты куруудан (конкурстун жыйынтыгы менен) | 20,0 | |
| 3 | Балдар бакчаларга тамак аш үчүн каралган каражаттан (КОВИД -19 пандемиясына байланыштуу колдонулбай калган каражат) | 1200,0
| |
| 4 | Жер сатуудан түшкөн каражат | 337,8 | |
| 5 | 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомунун 5-тиркемесинин 75-пункту менен каралган суммадан кыскартылсын | 45,0 | |
|
| Жалпы: | 1760,8 | |
Жогоруда үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган 1760,8 миң сомду чыгымдоо багыттары
Таблица 2 |
| |||
№ | Мазмуну | Статья | Сумма (миң сом) |
1 | “Токтогул” футбол клубунун сапар чыгымына | 2211 | 15,0 |
2 | Шаардын ички көчөлөрүнө суу кетүүчү орнотулган трубаларга | 2215 | 96,0 |
3 | А.Суеркулов көчөсүнө орнотулган накыл сөздөр жазылган тактачаларга | 2215 | 101,0 |
4 | Таштанды төгүлүүчү жайды тейлөөгө (кошумча) | 2215 | 120,0 |
5 | Токтогул шаардык мэриясы, шаардык кеңештин корреспонденциялары үчүн төлөөгө | 2215 | 15,0 |
6 | Токтогул шаарындагы социалдык объекттерге өрт коопсуздугу боюнча шаймандарга | 2222 | 223,4 |
7 | Шайлоо участокторун керектүү жабдуулар менен камсыздоого | 2222 | 25,5 |
8 | Таласбай кичи районундагы ФАПка (насос, аристон, электр жабдууларын алмаштырууга) | 2222 | 16,8 |
9 | “Таза Суу” программасын ишке ашыруу боюнча келишимдин 1% төлөмүнө | 2511 | 635,1 |
10 | Союз МСУ (взнос) | 2621 | 18,8 |
11 | С.Наралиевага материалдык жардамга | 2721 | 15,0 |
12 | Жусупжанов Кубанычбекке (Кыргызстандын курама командасында самбо боюнча машыгуучу) | 2721 | 30,0 |
13 | “Наристе балдар бакчасына 6 конфоркалуу плита алууга | 3112 | 105,0 |
14 | “Наристе” балдар бакчасына компьютер, түстүү принтер алууга | 3112 | 50,0 |
15 | “Арча Бешик” балдар бакчасына килем, дорожкаларды алууга | 3112 | 142,5 |
16 | “Байчечекей” балдар бакчасына 6 конфоркалуу плита алууга (кошумча) | 3112 | 61,5 |
17 | “Күн Нуру” балдар бакчасына компьютер, түстүү принтер алууга | 3112 | 50,0 |
18 | “Достук” балдар бакчасына компьютер алууга (процессор, монитор, клавиатура ж.б) | 3112 | 40,2 |
| Жалпы: |
| 1760,8 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов