Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXVIII сессиясы
2020-жылдын 8-сентябры № 184
Кадамжай шаарынын аймагында Covid-19 пандемиясына байланыштуу, той, кадым, суук маареке, кыз узатуу иш чараларды өткөрүү боюнча Жобо бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Covid-19 инфекциясын алдын алуу жана бөкөт коюу жарандардын ден соолугуна кам көрүү максатында шаардын аймагында той, кадым (катмы), суук маареке, кыз узатуу (ЗАГС) иш чараларын өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, жергиликтүү тургундардын арасында элдердин көп чөгулуусуна байланышкан иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгилеп, шаардык мэрия тарабынан иштелип, шаардын тургундарынын арасында талкууланып чыккан Жобону карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |
Кадамжай шаардык кеңешинин үчүнчү чакырылышынын
XXXXVIII сессиясынын № 184-токтомуна
тиркеме.
Кадамжай шаарынын аймагында COVID-19 пандемия кырдаалына байланыштуу той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартуу максатында түзүлгөн.
1.2 Аталган жобону ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук ченемдик актылары жана жергиликтүү тургундардын ой-максаттарын жетекчиликке алат.
1.3 Жободо белгиленген жана анын ченемдерине карама-каршы келбеген ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелуу жергиликтуу комиссия ишмердүүлүгүн өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
2. Жобонун максаты
2.1 Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө, короновирустун алдын алуу.
3. Аталган жобону ишке ашыруу максатында түзүлгөн комиссия жана анын ыйгарым укуктары, милдеттери.
3.1 Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн комиссиянын курамы шаардык мэрия тарабынан бекитилет.
3.2 Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн комиссиянын курамы шаардык мэриянын кызматкерлеринен, шаардык кенештин дептуттарынан (өз макулдугу менен киргизилет), айыл башчыларынан, милиция кызматкерлеринен жана жеригилктүү тургундарынан куралат.
3.3 Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн комиссия шаардын аймагында өткөрүлгөн той мааркелерде, маркумду акыркы сапарга узатуу иш- чараларынын өткөрүлүшүн ушул жобонун талаптарына ылайык көзөмөлгө алат жана текшерүү жүргүзөт.
3.4 Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн комиссия өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бардык укуктук ченемдик актыларын жетекчиликке алууга жана жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын коргоого милдеттүү
4. Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартуу боюнча атайын чектөөлөр;
4.1 Өткөрүлүп жаткан иш-чараларда адамдын саны 50 кишиден ашпоого тийиш;
4.2 /йлөнүү, кыз узатуу тойлорунда дасторкон, түйүн көтөрүлбөйт;
4.3 Кудаа сыйлоо иш-чарасына кудаа тараптан келегендер жана эки жаштын жоролору да 12 кишиден ашпоого тийиш;
4.4 Тойлордо спирттик ичимдиктерди дасторконго коюууга жана таратууга тыюу салынат;
4.5 /йлөнүү үлпөт тоюуна (ЗАГС кечесинде) чыгуудагы автоунаалардын саны 3төн ашпоого тийиш;
4.6 Тойго чейин райондук ЖААК бөлүмүнөн катталып, ЗАГС күбөлүгү алынат;
4.7 Бешик тоюунда келген коноктордун саны 15 адамдан ащпоого тийиш;
4.8 Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларында бодо мал союулбайт жана аялдарга чүпүрөк таратылбайт;
4.9 Маркумду эскерүү жылдыгы өткөрүлбөйт;
4.10 Ата-энесине аш берүү жана сүннөт тойлордо коно берүүгө тыюу салынат.
Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн жобонун талаптарын аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Корутунду жоболор
5.1 Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн комиссияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5.2. Кадамжай шаарынын аймагында той мааркелерди жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартууну көзөмөлдөгөн комиссиянын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер “Кадамжай шаардык мэриясынын жалпы бөлүмүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Кадамжай шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: А.Эшанкулова