Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-октябры № 512
2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
1) Наджафи Али Хошруди, Ислам Кеңешинин Маджлисинин депутаты;
2) Мохаммед Реза Раффат Панах, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары;
3) Хоссейин Мохаммед, Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңешинин Меджлисинин депутаты;
4) Джу Юн Джонг, KOICA уюмунун өлкө боюнча директорунун орун басары;
5) Хам У Сок, Кореялык эл аралык кызматташтык агентствосунун өкүлчүлүгүнүн менеджери (KOICA);
6) Мустафина Сабила Сапаровна, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы (КМШ Миссиясы);
7) Гулиев Этибар, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
8) Шахбазов Илкин оглы, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
9) Иида Хитоми, Кыргыз Республикасындагы Жапониялык эл аралык кызматташтык агенттигинин кызматкери (JICA).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 12-октябрындагы № 512 токтомунун тиркемеси |
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 771 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Наджафи Али Хошруди | Иран Республикасы | Ислам Кеңешинин Маджлисинин депутаты |
2 | 772 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Мохаммед Реза Раффат Панах | Иран Республикасы | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары |
3 | 773 | Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Хоссейин Мохаммед | Иран Республикасы | Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңешинин Меджлисинин депутаты |
Кореялык эл аралык кызматташтык агентствосунун өкүлчүлүгүнөн (KOICA) аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
4 | 773 | Кореялык эл аралык кызматташтык агентствосунун өкүлчүлүгү | Джу Юн Джонг | Корея | KOICA уюмунун өлкө боюнча директорунун орун басары |
5 | 774 | Кореялык эл аралык кызматташтык агентствосунун өкүлчүлүгү | Хам У Сок | Корея | Кореялык эл аралык кызматташтык агентствосунун өкүлчүлүгүнүн менеджери |
Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги Миссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
6 | 775 | КМШ Миссиясы | Мустафина Сабила Сапаровна | Казакстан Республикасы | Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы |
Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
7 | 776 | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Гулиев Этибар | Азербайжан Республикасы | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
8 | 777 | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы | Шахбазов Илкин оглы | Азербайжан Республикасы | Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
Кыргыз Республикасындагы Жапониялык эл аралык кызматташтык агенттигинен аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
9 | 778 | Кыргыз Республикасындагы Жапониялык эл аралык кызматташтык агенттиги | Иида Хитоми | Жапония | Кыргыз Республикасындагы Жапониялык эл аралык кызматташтык агенттигинин кызматкери |