Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 516
2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
1) Ситуморанг Гопоксан, Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы;
2) Софи Хан Ака, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы;
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-октябрындагы № 516 токтомунун тиркемеси |
Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 779 | Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясы | Ситуморанг Гопоксан | Индонезия Республикасы | Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы |
Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
2 | 480 | Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги | Софи Хан Ака | Афганистан Республикасы | Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы |