Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 22 – чакырылышынын № 38 – сессиясы
2008-жылдын 11-сентябры № 6
Жер үлүшүн трансформациялоо боюнча өтүнүч берүү жөнүндө
(Новопавловка айылдык кенешинин 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
Жаран У. К. Култаеванын берген арызынын негизинде айылдык кеңештин жер иштери боюнча комиссиясы тарабынан берилген материалдарын карап чыгып, арыз ээсинин жеке менчигине тиешелүү №216 контурундагы аянты 1,23 га жер үлүшүн “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которуу тууралуу өтүнүчүн жана ал жер аянтын көрктөндүрүү менен инфраструктурасын түзүү боюнча милдеттенмесинин негизинде, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айыл аймагынын №216-контурундагы Култаева Уялкан Калманбетовнага тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелсин.
(Новопавловка айылдык кенешинин 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан бул токтомду бекитүү суралсын.
Төрага | Петрова Л.М. |