Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык Кенешинин 25 – чакырылышынын № 39 – сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 39/256
Новопавловка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 11-сентябрындагы №6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик долбоорлоо институтунун 1994-жылы өткөргөн инвентаризациясына ылайык, Новопавловка айыл аймагынын №216-контурундагы У. Култаевага тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелет. Сокулук райондук салык кызмат башкармалыгынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы №012/10/08-06/7103 катына ылайык, У. Култаеванын жер салыгы сугат жер катары кайра эсептелген.
Тапшырылган материалдар боюнча айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Ж. Б. Батыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Новопавловка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 11-сентябрындагы №6 токтомуна “Новопавловка айыл аймагынын №216-контурундагы Култаева Уялкан Калманбетовнага тиешелүү 1,23 га жер үлүшү сугат жер катары эсептелсин”-деген өзгөртүү киргизилсин.
Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комиссиясынын төрагасы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | К.Абдыраимов |