Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2021-жылдын 21-декабрь № 52
Баткен шаарынын аймагындагы тазалык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3;5-пункуттарына жана Баткен шаарынын тазалыгын камсыз кылуу максатындагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы тазалык эрежелери бекитилсин (эреже тиркелет)
2.Шаардын тазалыгын камсыз кылуу эрежеси шаар калкына жайылтылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнөгүү, жаштар, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Ташбеков |
Баткен шаардык Кеңешинин VI
чакырылышынын кезектеги XXVII
сессиясынын № _____ токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарынын аймагындагы тазалык эрежелери
Баткен шаарынын аймагында тазалоо иштерин жүргүзүү, таштандыларды чыгаруу жана шаарды көрктүү, санитардык жактан таза абалда кармоо, шаардын тазалыгын камсыз кылуу ушул эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.. Эреженин мазмуну тазалыкты камсыз кылуу жагдайындагы ишмердүүлүктү жүргүзөт.
I. Тазалыкты камсыз кылуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укутуу органдар
- Шаардын аймагында тазалыкты камсыз кылуу, таштандыларды тазалоо жана чыгаруу, айлана-чөйрөнү иретке келтирщщ жагы Баткен шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган атайын адистештирилген мекеме тарабынан аткарылат.
- Шаарды тазалоо иштерин көзөмөлдөө иштери Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт
II. Шаардын аймагында тазалыкты сактоо, таштандыларды чыгаруу тартиби
1. Үйлөрдөн, мекеме-ишканалардан, кафе-ресторандардан, калкка кызмат көрсөтүү түйүндөрүнөн , базарлардан, ар кандай соода түйүндөрүнөн, аялдамалардан, убактылуу көчө соода орундарынан, чыгарылган ар кандай таштандылар шаарда атайын бөлүнгөн таштанды таштоочу жайларга чыгарылуусу шарт.
2. Таштанды чыгаруу тазалык боюнча атайын адистештирилген мекеме тарабынан түзүлгөн графикке жана келишимге ылайык көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгарылууга тийиш.
3. Жалпы жер участокторун пайдалануучулар, үйлөр, калкка кызмат көрсөтүүгө түйүндөрү, базарлар, мекеме-ишканалар, кафе-ресторандар, ар кандай соода түйүндөр ортосундагы аймактарды тазалоо чектерин аныктоо ушул Эрежелердин негизинде юридикалык жана жеке жактарга бекитилген аймактарга ылайык жүргүзүлөт.
4. Шаардын аймагында жайгашкан бардык мекеме-ишканалар, калкка кызмат көрсөтүү түйүндөрү, кафе-ресторандар, жеке турак жайлар, убактылуу көчө соода орундары, ар кандай соода түйүндөр, базарлар, соода обьекттеринин жанындагы аймактар, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар (стоянкалар) , май куюучу, унаа жууй турган жайлар, менчик формасынын түрүнө карабастан обьектилердин ээлери тарабынан унаа жолуна чейин мэрия тарабынан бекитилген аралык тазаланып, обьектилердин жана түйүндөрү тушундагы арыктар, дарактар буталып, штакетниктер, тосмолор акталып, сырдалып, иретке келтирилиши шарт.
5. Шаардын аймагында жайгашкан бардык имараттардын, ар кандай соода түйүндөрдүн, базарлардын, мекмеме-ишканалардын, кафе-ресторандардын, калкка кызмат көрсөтүү түйүндөрүн , жеке турак жайлардын ээлери менчигинин түрүнө карабастан, таштандыларды ташып чыгуу боюнча келишимдерди атайын адистештирилген мекеме менен түзүүгө милдеттүү.
6. Шаардын аймагындагы жеке турак үйлөрдүн, ар кандай соода түйүндөрүнүн, базарларадын, кафе-ресторандардын, калкка кызмат көрсөтүү түйүндөрүн, мекеме-ишканалардын ээлери менчиктин түрүнө карабастан атайын адситештирилген мекеме менен түзүлгөн келишимге ылайык тазалыка болгон төлөмдү өз убагында төлөөгө милдеттүү.
7. Шаардын айланасы кумдан, ар кандай таштандылардан, калдыктардан, чөптөрдөн жапайы өсүмдүктөрдөн, бак-дарактарды кыюуда жана курулуш иштеринен пайда болгон калдыктардан, майда жана ири тиричилик калдыктарынан тазаланууга тийиш.
8. Ишканаларда, базарларда, коомдук жайларда жана жеке үй чарбаларынын ички аймактарында таштандыларды, жалбырактарды, өндүрүштүк таштандыларды өрттөөгө тыюу салынат.
9. Көптөн бери пайдаланылбай келген жана өздөштүрүлө элек бөлүнүп берилген аймактарды, имараттарды бузгандан кийин аймактарды тазалоо жагы аймак бөлүнүп берилген жерди пайдалануучулар же кардарлар тарабынан жүргүзүлөт, же келишимге ылайык, имараттарды бузуу боюнча иштерди аткарган келишим түзгөн ишканалар тарабынан жүгүзүлөт.
10. Сууну агызуудан келип чыккан суу ташкыны пайда болгон учурда жана жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө пайда болгон таштандылар, керексиз курулуш материалдары жумуштарды аткаруучу уюмдар тарабынан 24 сааттын ичинде тазаланууга тийиш.
11. Шаардын аймагында төгүлгөн таш, шагыл, топурак жана ар кандай курулуш материалдары 3 күндүн ичинде тазаланып же короонун ичине ташып киргизилүүгө тийиш.
12. Мекеме-ишканалар, ар кандай соода түйүндөрүнүн, базарлардын, кафе-ресторандардын, калкка кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн ээлери менчигинин түрүнө карабастан өз мекемесинин алдына таштанды таштоочу челектерди орнотуусу шарт.
13. Суюк тиричилик таштандыларын жана ири көлөмдөгү таштандыларды таштанды челегине таштоого тыюу салынат.
14. Таштанды чогултуучу жайга уруксаты жок адамдардын киришине жол берилбейт.
15. Шаардын аймагында жыйылган таштандылар атайын адистештирилген мекеме тарабынан шаардык полигонго ташылат.
III. Эрежелерди бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар үчүн жоопкерчилик
Ушул Эрежелерди бузган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына жана башка тиешелүү болгон мыйзамдарга ылайык жооп беришет.