Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2021-жылдын 21-декабрь № 54
«Баткен шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесин» жана шаар аймагында сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пункутун аткарууга алуу максатында иштелип чыгылган Баткен шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеси, шаар аймагында бир жыл үчүн 1 даана сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү боюнча баалардын көрсөткүчөрүн (прейскурантын) бекитип берүү жөнүндөгү Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы №01-21/1208 катынын негинде Баткен шаардык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
«Баткен шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесин» жана шаар аймагында сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү боюнча баалардын прейскуранты бекитилсин. (прейскурант тиркелет)
Токтом шаар калкына ММК аркылуу жеткирилсин.
Ушул токтомду мамлекеттик реестирге киргизүү Баткен облусук юстиция башкармасына жиберилсин.
Төрага: | А.Ташбеков |