Загрузка документа…
Баткен шаардык Кеңешинин
VI чакырылышынын
кезектеги XXVII сессиясынын
№_ 54 токтомуна №1 тиркеме
БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЪЕКТИЛЕРИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕСИ
1. Негизги жоболор
1.1. Баткен шаарындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ортнотуу жана эксплуатациялоо эрежелери (мындан ары - Эреже) шаардын архитектуралык-көркөм жана маалымат чөйрөсүнүн туура калыптануу процессин көзөмөлгө алуу, сырткы жарнак жана маалымат объектилерин пайдалануу, Баткен шаарынын мүлкүндө сырткы жарнак жана маалыматтарды жайылтуу максатында кабыл алынды.
Ушул эрежелер сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана аларды пайдалануу, шаардын мүлкүн сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуудагы шарттар, Баткен шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүүнүн иретин жана эрежелерин сактоону көзөмөлгө алуу боюнча талаптарды орнотот.
1.2. Ушул эрежелерди сактоо бардык юридикалык жана физикалык жактарга. алардын ведомстволук жана жеке менчиктин формасына карабай жана жеке ишкерлер үчүн сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууда жана пайдаланууда бирдей талап коюлат.
1.3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык кодексинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен шаарын түзүү жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана башка укуктук нормативдик документтердин негизинде иштелип чыккан.
1.4. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин (мындан ары – ММД) уруксатынын негизинде ишке ашат.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу Баткен шаарынын мүлкүнө, ММД менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
2. Сырткы жарнак жана маалымат объектилери
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерине ар кандай объектилер, ар түрдүү жарнакты жана маалыматты жайылтууну көздөгөн, Баткен шаарынын аймагындагы жалпы жер участкаларында орнотулган, имараттарда, курулуштарда визуалдык кабыл алынуучу маалыматтар кирет.
Сырткы жарнак жана маалыматтар төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт:
- сырткы жарнак объектилери (жарнактык конструкциялар);
- шаардык маалымат объектилери;
- калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жасалгалоо обектилери.
2.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерине талаптар
2.1.1. Негизги талаптар:
- шаардын аймагында орнотулган сырткы жарнак маалымат объектилери Баткен шаарынын архитектуралык-көркөм визуалдык кабыл алуусуна тоскоол болбой, шаардын архитектуралык келбетин начарлатпашы керек;
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин жол кыймылдарын иретке келтирип туруучу белгилерге орнотууга жана пайдаланууга жол берилбейт.
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу белгиленген тартипте бекитилген концепт-программа болсо, ошол концепт-программанын негизинде орнотулат.
- сырткы жарнак жана маалымат объектисинин конструкциясы техникалык нормаларга жана талаптарга жооп бериши керек. ГОСТ, ПУЭге, техникалык, регламенггик жана башка нормативдик актыларга ылайыкташтырылып коопсуз, долбоорлошкон, жана белгиненген тартипте макулдашуусу керек.
- сырткы жарнак жана маалымат объектилери орнотуу жана пайдалануу санитардык нормаларды жана эрежелерди (электромагниттик нурдануу ж.б.) бузбашы керек.
- сырткы жарнак жана маалымат объектилери маалымат - кабарларсыз турбашы керек.
- сырткы жарнак жана маалымат объектилери жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү нормативдик актыларга каршы келбеш керек.
- жалпы пайдалануудагы жерлерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилери жөө жүргүнчүлөргө, көчөлөрдү жана тратуарларды тазалоодо тоскоолдук тузбөшү керек. Ызы-чууну, коогалаңды, кубаттуу электромагниттик же башка нурданууну жана талааларды пайда кылуу булактары бол гон сырткы жарнак жана маалымат объектилерин, эл жашоочу жайларга орнотуу жана пайдаланууга тыюу салынат.
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин тротуардан, гүл отургузуучу жайлардан 2 м алыстыкта орнотулат.
- имараттарда жана мекемелерде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектиси ошол имараттын архитектурасын бузбашы керек. Сырткы жарнакты стационардык жана убактылуу архитекторлук ансамблдеги тосмолордо; сейил-бактарда, скверлерде, өндүрүүчү аймактарда, илим жана билим, маданият, спорт жана соода комплекстеринин имараттарында, АЗС, гараж, унаа токтоочу жайларда орнотууга уруксат берилбейт.
- сырткы жарнак жана маалымат объектилерин маданий мурасты билдирүүчү объектилерде жана өз алдынча туруучу сырткы жарнакты тарыхый жана маданий мурастарды сактоочу зоналарда орнотууга, ошол турган маданий мурастык объектини сактап турган шарттар түзүлүшүн камсыз кылуу менен уруксат берилет.
- жаңы орнотулуучу жарнактык конструкциялар, мурда орнотулган жарнактык объектилердин келбетин бузбашы керек.
- жаңы орнотулган конструкциялар үчүн, кичине форматтагы концтрукциялардан башка, бир багытта жайланышып (жолдордун, көчөлөрдүн, газондордун бир жагында), бир жактан көрүүгө ылайыкташтырылып, өз алдынча турган конструкциялар ортосундагы аралык 100 м кем болбошу шарт.
2.1.2. Жол кыймылынын коопсуздук талаптары.
2.1.2.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектилери жол кыймылын уюштуруу мекемелеринин долбоорлорун эске алуу менен орнотулат.
2.1.2.2. Сырткы жарнакты орнотуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун негиздөөчү нормативдик актынын талабына ылайык жүргүзүлүшү керек.
2.1.2.3. Сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу жана тейлөө боюнча монтаж иштерин аткарууда, иш жүргүзүлгөн жерлерде жол кыймылынын коопсуздук талаптары сакталышы керек.
2.2. Сырткы жарнак объектилери
2.2.1. Сырткы жарнак объектилерине жарнак калканчалары, стенддер, Транспаранттар, электрондук табло жана башка аймактык жайгашылуудагы стабилдик техникалык объекттер кирет жана алар жерде же сырткы дубалдарда, имарат чатырларында, башка конструктивдик имарат элементтеринде, курулуштарда, шаардык аялдамаларда, таксофондук кабиналарда, көчө ажатканаларында, киоскаларда жана башка шаардык инфраструктура объекттерлеринде, Баткен шаарынын аймагында сырткы жарнакты жайылтуу максатында орнотулат.
2.2.2. Сырткы жарнак объектилери бир гана жарнакты же социалдык жарнакты жайылтуу үчүн гана колдонулат.
2.2.3. Сырткы жарнак объектилерин терезе жана эшиктерде, аркаларда көрсөтүлгөн эреженин негизинде орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.
2.2.4. Курулуш аянттарын тосуу милдетин аткарган тосулмаларга жана курулуш торлоруна сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2.2.5. Коомдук унаалар аялдамасындагы конструктивдик элементтерге сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2.2.6. Эгерде сырткы жарнак объектисин жарык кылуу үчүн андан өз алдынча бөлөк турган ток булактарын пайдаланган учурда, жарык кылуучу лампалардын бекилмелери декоративдик элементтер менен жабылат.
2.2.7. Сырткы жарнак объектиси, ээсинин аты-жөнү, телефон номери жана шаардык реестрдеги саны көрсөтүлгөн маркировкага ээ болушу керек. Маркировканын талаптары ММД тарабынан аныкталат. Жарнак орундарын шаардык реестрге киргизүүнүн иретин Баткен шаарынын мэриясы бекитет.
2.2.8. Сырткы жарнакты орнотуу (монтаждоо), пайдалануу, бузуп алып салуу (демонтаж, снос) иштери объектинин ээси тарабынан сырткы жарнак объектиси орнотулуп жаткан жердин, имараттын жана башка кыймылсыз мүлктүн ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде же болбосо бул мүлктөрдүн ээси тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адам менен, анын ичинде ижарачы менен (эгерде ага ушундай укук берилсе) жүргүзүлөт.
2.2.9. Туруктуу сырткы жарнак объектилери:
Калкан орнотмолор (билборд, тривижн-призматрон) - жерде өз алдынча туруучу маалымат жайгаштыруу үчүн сырткы беттери бар жана фундамент, каркас, маалымат талаадан турган объектилер.
Калкан орнотмолору бир беттүү маалымат талаасы боюнча төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- чакан же шаардык форматта (4,5 кв.м, чейин)
- орто форматта (4,5 кв.м 10кв.м. чейин)
- чоң форматта (10 кв.м 18кв.мге чейин)
- өтө чоң форматта (18 кв.м өйдө)
Калкан орнотмолоруна коюлуучу тапаптар:
- калкан орнотмолору негизинен эки беттүү вариантта жасатат.
- бир беттүү вариантта аткарылган калкан орнотмолордун арткы тарабы декоративдүү жасалат.
- өз алдынча турган орнотмолордун фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек. Фундаментти жер бетинин деңгээли менен бирдей кылып куюуга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, фундаментти жер бетинен 5 см бийиктикте куюуга мүмкүнчүлүк берилет. Бул учурда фундаментин чекелери жамбаш таш же жолдук тосмо менен бекитилиши керек жана ал шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын макулдугу менен декоративдик - көркөм жасалгаланат.
- каттуулук жана бирикмелердин конструктивдик элементтери (болттук бирикмелер. таяныч элементери ж.б.) декоративдик элементтер менен жабылышы керек.
- калкан орнотмолорунун конструкциясынын ар кандай бириктирүүчү бөлүктөрү көрүнбөй турушу шарт.
2.2.9.1. Жарнак-маалыматтык белгилер (пилон, стела) - жол чекесиндеги кууш профилдеги объектилер жөнүндө маалымат берүү үчүн орнотулат (ашкана, дөңгөлөктү, карбюраторлорду, амортизаторлорду оңдоочу ишкана, кошумча тетиктер дүкөнү).
Жарнак-маалымат белгинин маалымат талаасынын аянты анын сырткы көлөмүнүн өлчөмдөрү аркылуу аныкталат.
2.2.9.2. Көлөмдүк-мейкиндик объектилер - жарнактык маалыматты жайылтуу үчүн объектинин көлөмү гана эмес анын бети да колдонулган сырткы жарнак объектиси.
Бул объектилер жеке долбоор боюнча жасалат.
Объектинин модели жана долбоору ар бир конкреттүү учур үчүн Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан каралат жана бекитилет.
Көлөмдүк-мейкиндик объектилеринин маалымат талаасынын аянты эсеп жолу менен аныкталат.
2.2.9.3. Имараттын чатырларындагы жарнак объектилер - имараттын карнизинин деңгээлинен бийиктикте же имараттын чатырларында толугу менен же айрым жерлеринде орнотулуучу (көлөмдүк же жалпак беттик) объекттер.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектиси бышыктоочу элементтерден. конструкциядан жана маалымат орнотулуучу элементерден турат.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилери ток булагынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилеринин маалымат талаасынын аянты, төлөнүүчү сумманы аныктоодо анын сырткы көлөмү аркылуу аныкталат.
Имараттын чатырларындагы сырткы жарнак объектилерин шаардык өзгөчө маанидеги зоналарына орнотуу милдеттүү түрдө Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.
2.2.9.4. Брандмауэр, дубалдык панно - имараттын дубалынын бетине орнотулуучу сырткы жарнак объектиси. Алар төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:
- дубал бетине түздөн-түз тартылган сүрөттөр;
- дубалга орнотуучу элементтерден, каркастан жана маалыматтык талаадан турган объект.
Дубалга бекитүү элементтери бар дубалдык паннолор үчүн, объекттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милдеттүү түрдө объектини дубалга бекитүү долбоору иштелип чыгышы зарыл.
Дубалдык паннонун маалымат талаасынын аянты, анын каркасынан көлөмү аркылуу аныкталат.
Маданий мурас катарына киргизилген объектилердин башкы фасадтарына, тарыхый эстеликтердин архитектуралык бүтүндүгүн кабыл алуусун бузуучу имараттын көпчүлүк бөлүгүн, айнек үкөк, терезе, архитектуралык бөлүктөрүн, декоративдик жасалгалоону жаап калуучу чоң көлөмдөгү калкан жана баннердик объекттерди орнотууга уруксат берилбейт.
2.2.9.5. Кронштейн - эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнак объектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулат. Кронштейндер эки тараптуу вариантта, ички жарыктануусу менен жасалат.
Кронштейндин типтик көлөмү түркүктөргө тургузулгандары (тик аткарылышта) 1,2 х 1,8 м түзөт. Имараттардын маңдайында орнотулуучу кронштейндердин көлөмү имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө карай аныкталат. Имараттарда кронштейндер негизинен биринчи жана экинчи кабаттардын аралыгында жайгаштырылат.
Кронштейндерди коопсуз пайдалануу максатында 3,5 м кем болбогон бийиктикте орнотулат. Имараттарга бекитилген кронштейндер бекитилүүчү жайдан 1,5 м ашык чыгарууга жол берилбейт.
Кронштейнди түркүккө орнотууда, алар жүргүнчү жүрүүчү бөлүктүн терс багытына карашы зарыл жана ээсинин идентификациялык жана телефонунун номери жазылган маркировкасы болушу керек. Түркүктө бирден ашык сырткы жарнак объектисин орнотуу мүмкүн эмес.
Жарнактык маалыматтар алмашуучу кронштейндерди имараттардын фасаддарына жайгаштырууга тыюу салынат.
Кронштейндин маалымат талаасынын аянты анын эки бетинин аянты аркылуу аныкталат.
2.2.9.6. Транспарант – тартмалар, желек композициясы, трол - бекитилүүчү бөлүктөн, тартуу бөлүктөн жана маалымат сүрөттөн туруучу сырткы жарнак объектиси. Транспарант-тартмалар жарыкталган (анын ичинде гирляндалар) жана жарыкталбаган. жумшак кездемеден жасалуучу болуп бөлүнөт.
Жарыкталган транспарант-тартмаларынын конструкциясы ток булагынан авариялык өчүрө турган системасы бар болушу керек. Транспарант-тартмалар жүргүнчү жүрүүчү бөлүктөн 5 м ылдый эмес бийиктикте жайгаштырылат. Транспарант-тартмалардын бири-бири менен болгон аралыгы кеминде 50 м болууга тийиш.
Транспарант-тартмалар, желек композициясы, трол маалыматтык талаасынын аянты анын эки бетинин аянтынан аныкталат.
2.2.9.7. Шөкөт айнектер (витраж) - имараттардын терезе жана эшик оюктарына орнотулуучу сырткы жарнак объектиси. Конструкциясы боюнча шөкөт айнектер негизинен, каркастан жана тунук беттен турат.
Жарнак маалымат айнектелген шөкөт айнектин ички тарабына жайгаштырылат. Шөкөт айнектер түнкү убакытта жарыктануусу керек. Тейлөө мекемелердин шөкөт айнектеринде өзүнүн тиешелүү ишине дал келбеген жарнактык жасалгалоону орнотуу жана пайдалануу мүмкүн. Ошол эле учурда көрсөтүлгөн жарнактык жасалгалоо шөкөт айнектин 20%дан ашуун аянтын ээлебеши керек.
Үй-тиричилигин тейлөө мекемелеринин шөкөт айнектеринде акысыз төмөнкү маалыматтарды орнотууга мүмкүн:
- үй-тиричилигин тейлөө жана тейлөө аймагындагы сапат системасынын, эркин тастыктоо системалык аймактык белгилер;
- мекеме иштетүүчү чыгым материалдарын өндүргөн фирмалардын аталыштары (товардык белгилер), жабдыктар, технологиялык процесстер;
Калкты тейлөө боюнча адистештирилген турмуш-тиричилик техникаларын; радиэлектроапаратураларды оңдоо жана тейлөө боюнча ишканалардын шөкөт айнектеринде өздөрү оңдогон турмуш-тиричилик техникаларды чыгарган фирмалардын товардык эн белгилеринин аталыштарын жайгаштырууга уруксат берилет.
Шөкөт айнектеги маалымат аянты, айнек үкөктүн тунук бетине түшүрүлө турган сүрөттөлүштүн көлөмүнөн (габаритинен) жана шөкөт айнектин ички тарабына түшүрүлө турган көлөмдүү конструкциялардын көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.
2.2.9.8. Проектордук орнотуулар - жердин жана дубалдын бетине көлөмдүү сүрөтөлүштөрдү көрсөтүүгө ылайыкташтырылган сырткы жарнактык объектилери.
Проектордук орнотуулардын конструкциясы, көрсөтүлө турган түзүлүштөн жана экрандан же маалыматтуу сүрөттөлүш түзүлгөн көлөмдөн турат.
Жалпак сүрөттөлүш үчүн маалымат талаасынын аянты көрсөтүлүүчү беттин көлөмүнөн аныкталат, ал эми көлөмдүү сүрөттөлүштөр үчүн, эсептөө жолу менен аныкталат.
2.2.9.9. Электрондук экрандар (табло) - экрандын бетиндеги лампалардын. светодиоддордун, же башка жарык булактардын жарык нурданууларынын эсебинен чагылдырылуучу сырткы жарнак объектилери.
Өз алдынча турган электрондук экрандардын арткы тарабы декоративдүү жасалгаланат, анын фундаменти жер бетинен чыгып турбашы керек. Өзгөчө учурда фундаментти тереңдетүүгө мүмкүн эмес болсо, фундамент жамбаш таш менен же жолдук тосмолор менен жасалгаланып жер бетинен бийик деңгээлде орнотууга уруксат берилет. Ошол эле учурда бул декоративдик жасалгалоо Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен макулдашуусу керек.
Конструкциялык элементтер жана бекитүү элементтери (болттук бирикмелер, таяныч элементтери ж.б.) декоратив жасалгалоолор менен жабылышы керек.
Маалыматтык талаанын аянты жарык нурдануучу беттин көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
Мекемелердин жана имараттардын чатырында орнотулган электрондук экрандар ток булактарынан авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы керек жана ал өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык болушу зарыл.
2.2.9.10. Маркиздер, бастырмалар (навес) - мекемелердин жана имараттардын айнек үкөктөрүнө жана киребериштерине же имараттын оюктарына, козырек же бастырма түрүндө жасалып ага сырткы жарнактык маалыматтар сүрөттөлүп орнотулган объектилер.
Маркиздер, кармап туруучу элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизден жасалган маалыматтык аянттан турат.
Маркиздер, бастырмалар маалымат талаасынын аянты бир бетинин көлөмүнөн аныкталат.
2.2.9.11. Аялдама (павильон) жарнак объектилери - аялдама павильонунун айнектелген же башка бетине жайгаштырылуучу сырткы жарнак объектилери.
Конструкциянын маалыматтык талаасынын аянты жарнактык конструкциялардын беттеринин аянты аркылуу аныкталат.
Бул типтеги конструкцияларга жана аларды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.
2.2.9.12. Шаардык инфраструктура объектилеринде жайгаштырылуучу жарнак объектилери - таксофондук кабина, жолдогу туалет, отургуч, урна, киоска жана жер астындагы өтмөктөрдүн павильондорунун айнектелген же башка беттерине жайгаштырылуучу сырткы жарнак объектилери.
Конструкциянын маалыматтык талаа аянты жарнактык конструкциянын беттеринин аянтынан аныкталат.
Бул типтеги конструкцияларга жана атарды орнотуу эрежелерине, өз алдынча орнотулган калкандык орнотууларга тийиштүү болгон талаптар коюлат.
Жарнактык конструкцияларды шаардык инфраструктура объектилеринин чатырында орнотууга тыюу салынат (толугу менен фирмалык стилде жасалгаланган павильон жана киоскалардан сырткары).
2.2.9.13. Автоунааларындагы жарнак белгилер – автоунааларынын сырткы көрүнүүчү каркас бөлүгүнө жайгаштырылган жарнак объектилери. Маалымат талаасынын аянты менен аныкталат
2.2.10. Сырткы жарнактын убактылуу объектилери:
2.2.10.1. Сыртка алынып чыгуучу калканча конструкциялар (штендер) - шаардагы мекемелердин иш убактысында коюлуучу убактылуу сырткы жарнактык объектилер.
Штендер эки тараптуу, жеке жарык берүүсү жок, бир тарабынын аянты 1,5 кв.м ашпоого тийиш. Штендер жөө жүрүү зоналарда жана тротуарларда мекеменин киреберишинен 5 м ашпаган аратыкта коюлушу керек.
Штендерди тротуардын эни 3 м кем болгон жерлерде жана жөө жүрүүчүлөргө тоскоолдук кылган жерлерге орнотууга тыюу салынат.
Мекемелердин кире беришине экиден ашык штендерди коюуга жана тратуардан жакшы көрүнгөн илинмелердин жана айнек үкөктердүн жанына кошумча жарнак объектиси катары штендерди коюп пайдаланууга тыюу салынат (коомдук тамактануу жайларынан сырткары).
2.2.10.2. Убактылуу тосмо жарнак объектилери - курулуш аянтындагы, жолдогу соода түйүндөрүндөгү (жайкы кафе, көргөзмө, жайма) ж.б. тосмонун ролун аткаруучу жарнак объектилери жогорудагы объектердин көркөм жасалгалануусун камсыз кылышы керек.
Бул объектилерди өзүнчө калканчалар менен, жумшак жасалгалоолор же лента менен жасалгалоо сунуш кылынат. Калкандык конструкцияны колдонуу учурунда калканчанын бийиктиги, тосмо элементтеринин өлчөмүнүн 1/2 бийиктигинен ашпашы керек.
Эгерде курулуш аянтында курулуштар жана тосмо тору бар болсо сырткы жарнактын ушул эрежеде каралган башка объектисин орнотууга мүмкүн. Курулуш аянтынын тосмосуна бийиктиги 10 м ашкан сырткы жарнак объектисин орнотууда, бул көрсөтүлгөн тосмо курулушту уюштуруу долбоорунда (КУД) көрсөтүлүшү керек.
Курулуш аянтынын убактылуу тосмолорунда сырткы жарнак жана маалымат объекттерин орнотуу жана пайдалануу ушул эрежеде бекитилгендей сырткы жарнак жана маалыматты орнотуу уруксатынын негизинде курулуш-монтаждык иштери жүргүзүлүүчү убакытта орнотулат.
2.2.10.3. Кишинин катышуусун талап кылган жарнак белгилер – киши көтөрүп жүрүүчү же атайын жарнактык багытта жасалган кийим-кече курулуш объектисин тосуучу торлордогу сүрөт түрүндөгү убактылуу сырткы жарнак объектилери.
Курулуш торлордогу сырткы жарнакты орнотуу жана пайдалануу, курулуш жана реставрациялоо жумуштары жүргүзүлгөн имараттын сырткы тарабында (фасад) курулуш ордеринин иштөө мөөнөтү ичинде орнотулат.
Убактылуу сырткы жарнак объекттилерин орнотуу жана пайдалануу уруксатынын иш кагаздарын ушул эрежеде көрсөтүлгөндөй жасоо керек.
Курулуш торлордогу сырткы жарнак объектинин маалыматтык талаа аянты түшүрүлгөн сүрөттүн көлөмүнө карап (габаритинен) аныкталат.
2.3 Шаардык маалымат объектилери
2.3.1. Шаардык маалымат объектилери болуп, калкка шаар турмушундагы окуялар, жергиликтүү бийлик органдарынын иши жөнүндө маалымат берүү, Баткен шаарынын тургундарына жана меймандарына шаарда жүрүүнүн багытын көрсөтүп берүү жана сурап билүү кызматын өтөө максатында шаардын аймагына орнотулган конструкциялар эсептелет.
2.3.2. Шаардык маалымат объектилери төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- маалыматтык көрсөткүчтөр;
- электрондук сурап билүү терминалдары;
- мамлекеттик бийлик органдарынын илинмелери;
- калкка маалымат берүү жана коопсуздук максатында курулуш, жол, кырсыктык жана башка жумуштардын жүргүзүлүшү жөнүндө маалыматтык билдирүүсү менен стендтер (маалыматтык конструкциялар);
- Баткен шаарынын мэринин буйругу жана токтомуна ылайык, ММДнын тапшырмасы менен тематикалык план боюнча жайгаштырылуучу, шаардын майрамдык жасалгалары.
2.3.3. Шаардык объектилердин жайгашуусунун көчөлүк жана маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтөрү.
- көчө системасы (көчөлөрдүн, проспектилердин, аянттардын, жол кесилиштеринин ж.б.у.с. аттары) шаардык, аймактык жана муниципалдык маанидеги мекеме жана ишканалардын жайгашкан жерлери, маданий - тарыхый эстеликтер, керектөө рыногунун мекемелери жана ишканалары, шаардык инфраструктуранын башка объектилери жөнүндө маалыматы бар таянычка (өздүк таянычка, шаардык жарык берүү таянычына, карым-катнаш байланыш тармагы таянычына) орнотулган, ички өндүрүштүк менен эки тараптуу же бир тараптуу жалпак модулдук конструкция. Көчөдөгү маалыматтык коммуникациялык көрсөткүчтүн модулунун ченеми 1550x1550м ашпашы керек.
2.3.4. Шаардык маалымат берүү объектилерин орнотуу жана иштетүү үчүн уруксат берүүчү документтерди даярдоо талап кылынбайт.
2.4. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жана жарнамалык жасалгалоо объектилери
2.4.1. Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо объектиси болуп - товар же кызмат көрсөтүү жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо максатында турган жериндеги, аймактагы үйлөрдүн же башка имараттардын сырткы дубалына жайгаштырылган ар турдуу жарнактар, дубал панолору, кронштейндер жана башка объектилер эсептелет.
Калкты тейлөөчү мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жана жарнамалык жасалгалоо объектилери төмөнкүдөй түрлөргө бөлүштүрүлөт:
-жарнактар
- маалыматтык жасалгалар (маалымат берүү конструкциялары)
- жарнактык жасалгалар
2.4.2. Көрнөктөр даярдоочунун ататышын (аткаруучу, сатуучу), анын турган жери (дареги) жана керектөөчүнүн укугун коргоо максатында иш убактысы жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик жана расмий тилде керектөөчүлөргө билдирүү үчүн илинет.
Көрнөктөр даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан алар жайгашкан имараттын көрүнүктүү жерине, оң же сол тарабына же киреберишине жана ошондой эле жарманкеге (ярмарка), күркөгө жана башка соода жүргүзүүчү жайларга илинет.
Көрнөктөрдүн ченеми узундугу боюнча 60 см, турасы боюнча 40 см: тамгалардын жана сандардын бийиктиги 10 см ашпоосу керек.
Көрнөктөрдү жайгаштыруу үчүн уруксат алуу талап кылынбайт.
2.4.3. Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын алдындагы аянттын көрүнүктүү жерине, ашканалардын тиби жана профили, керектөөчүлергө багыт берүү үчүн чекене соода жүргүзүү жана калкты тейлөө орду көрсөтүлгөн маалыматтарды мамлекеттик жана расмий тилде жайгаштыруу үчүн маалымат конструкциясын орнотот.
Калкты тейлөөчү мекемелердин жана ишканалардын маалыматтык конструкциялары төмөндөгүдөй орнотулушу мүмкүн:
- имараттын ээси же ал тарабынан дайындалган укуктук ээси менен макулдашып. имараттын алдындагы аянтчага же имараттын кириш жерине орнотуу;
- бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулуштун имаратынын чатырына чатырдык конструкция орнотуу;
- бир же эки кабаттуу же стилобаттык курулушта имараттын бир бөлүгүнө орнотуу.
Имарат башка кишинин ээлигинде болсо, андан конструкцияны жайгаштырууга, жазуу жүзүндө макулдук алуу керек.
Керектүү техникалык, ошону менен бирге эле дизайн долбооруна тыянак болсо, керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактуу ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын орнотууга уруксат алуу бекитилген тартипте жүргүзүлөт (ишке ашат).
Керектөөчүлөр рыногунун жана тейлөөнүн тармактык ишканасынын типтүү маалымат конструкциясын милдеттүү текшерүүчү техникалык экспертизасы алгачкы текшерүүдөн 5 жылдан кийин конструкциянын электирдик бөлүгүн 3 жылдан кийин жүргүзүлөт.
Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкцияларын орнотууга шаардык укуктук ишканалардын макулдугу уруксааттын мөөнөтү бүткөнгө чейин жарайт.
Бир нече бир типтүү конструкциядагы - көркөм элементерден турган маалымат конструкциясына бир гана уруксат даярдалат.
Маалыматтык жасалганын тамгаларынын бийиктиги 15 см кем болбоо керек.
Маалымат конструкциясы күндүн түнкү мезгилинде жарыктын ички булагы аркылуу жарык кылынат.
Сыртка чыгуучу дарбазасы негизги жөө жүрүүчү көчөлөргө чыкпаган имараттарда (жертөлө, жарым жертөлө, коргондун ичинде) жайгашкан калкты тиричилик жактан тейлөөчү мекемелерге уруксат берилет:
- алардын турган ордун билдирген типтүү жарык кылынган маалымат берүү аянты 2 кв. м ашпаган көрсөткүчтү имаратка акысыз орнотууга;
- керктөөчүлөрдү кызматы менен таныштырууга арналган милдеттүү маалыматы менен жылдырып жүрүүчү калкандык конструкцияларды (штендерлерди) сырткы жарнамалар жана маалыматтардын убактылуу объектилерин көпчүлүккө көрүнүктүү жайларга акысыз орнотууга;
- бул конструкциялар унаа жолдорунан өтүүчү зоналарга ишканалардын кире беришинен 5 м алыстыкта, тротуарларга орнотулат.
Маалыматтар жолдун унаа жүргөн тарабынан кабыл алууга багыталбашы керек. унаа жолдорунан жөө кесип өтүүчүлөргө тоскоолдук кылбаш керек, соода маркасын, башка кызмат өтөөчү юридикалык тараптардын аталыштарын жана белгилерин камтыбаш керек.
Көрсөтүлгөн конструкцияны орнотууга негиз болуп калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалымат конструкциясы жөнүндөгү эрежеде көрсөтүлгөндөй тартипте жасалган, сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга алынган уруксат болуп саналат.
2.4.4. Калкты тейлөө мекемелердин жана ишканалардын маалымат конструкциясына жайгаштыруу жазуунун болжолдуу тизмеси:
2.4.4.1. Азык-тулук соодасын жүргүзүүчү чакан ишканалар үчүн: универмаг, супермаркет, гастроном, азык-түлүк дүкөндөрү, атайын дүкөндөр.
2.4.4.2. Азык-түлүк эмес соода жүргүзүчу чакан ишканалар үчүн: универмаг, соода үйү, соода борбору, атайын дүкөн, арзандатылган дүкөндөр.
Эскертүү: профили адистештирилген соода мекемелерине (бир товардык группасынын соода аянты 50%дан чоң) маалымат конструкциясына жазууда аталыштарын жазууга уруксат берилет: «Балык», «Булочка», «Кондитердик булочка», «Кондитердик товарлар», «Сүт», «Жашылча жемиштер», «Кийимдер», «Бут кийимдер», «Булгары кийимдер» ж.б., ал эми айрым керектелүүчү белгилери боюнча топтоштурулган товарларды сатууда
- «Диеталык азыктар», «Балдардын тамак ашы», «Эркектер үчүн товарлар», «Аялдар үчүн товарлар», «Белектер», «Жаңы үйлөнгөндөр үчүн товарлар», «Спорттук товарлар» ж.б.
2.4.4.3. Коомдук тамактануу мекемелери үчүн: ресторан, бар, кафе, бистро, кафетерий, ашкана, кулинардык дүкөн ж.б.
Эскертүү: коомдук тамактануу мекемелеринин адистештирилген профилдик мекемелерди белгилөөдө: «Шашлык», «Пирожки», «Жаштар кафеси», «Балдар кафеси» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.
2.4.4.4. Калктын тиричилигин тейлөө мекемелери үчүн: турмуш тиричилик кызматы, бут кийим оңдоо, кийим тигүү (баш кийим, парда, жүн, булгаары жасалгалары ж.б.), турмуш тиричиликтик техниканы оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: радио-электрондук жабдуулары, турмуш-тиричиликтик машиналардын, муздаткычтардын, тигүүчү машиналардын. сааттардын
ж.б.) ачкыч, зергер, буюмдарды жасоо, үй эмеректерин жасоо жана (же) оңдоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: жумшак эмерек, ашкана эмеректери, токулган эмеректер ж.б.), химиялык тазалоо (адистигин көрсөтүү мүмкүн: кийимдерди, килемдерди, тыбыт буюмдарын жууш. чачтарач (толуктоо мүмкүн: косметика, маникюр), фото сүрөткө тартуу (толуктоо мүмкүн: сүрөт даярдоо) мукабалоо (толуктоо мүмкүн: брошюларды чыгаруу), ижарага берүү (адистигин көрсөтүү мүмкүн: спорттук каражаттар, күндөлүк керектелүүчү үй буюмдары, музыкалык аспаптар ж.б.), ритуалдык кызматтар (толуктоо мүмкүн: урп адат кызматы), эстелик жасоо (мүрзө курулмалары, тосмолор ж.б.), ломбард, жыюу жана тазалоо кызматы (имараттарды, батирлерди, кеңселерди ж.б.) ж.б.
Мекеме тиби: ателье, мода үйү, салон-адистигин көрсөтүү менен, техникалык борбор, кабыл алуу пункту (адистигин көрсөтүү менен), химиялык тазалоо, кир жуугуч жай, фотоателье, фотография, бюро (түрдүлөр) мультисервис: тейлөө үйү.
Кызматтардын аталышын кыскартууга уруксат берилет: «Металло-ремонт», «Химтазалоо», «Фото» ж.б.
Мекеме тейлеген кызматтарды бириктирүүгө болот: «Химтазалоо - кир жуугуч жай», «Саат оңдоо жана зергерчилик» ж.б.
2.4.4.5. Унаа майын куюучу станциялар жана автоунаа жуучу жайлар үчүн: унаа майын куюучу станция (АЗС), унаа майын куюучу комплекс (АЗК), «Бензин», «Автожуугуч» ж.б. аталыштарды колдонууга уруксат берилет.
Бөлүнгөн аймакта унаа майын куюучу станциялардын, жуучу посттордун имараттарында жана курулуштарында күйүүчү майлардын баасы жана унааларды жууш кызматынын баасы жөнүндө маалыматтарды жайлаштыруу үчүн конструкцияны орнотууга жана иштетүүгө уруксат берилет. Унаа майын куюучу станциянын жана жуугуч посттун өзүнчө турган конструкциясын станцияга же постко бөлүнгөн аймактын чегинен 100 м ашпаган аралыкка унаанын багытына каратып, жолдун четиндеги сызыкка орнотуп иштетүүгө уруксат берилет.
2.4.4.6. Оюндук бизнес мекемеси кире беришке мекеменин профилин көрсөтүү менен маалыматтык конструкциясын орнотуп, иштетүүгө укуктуу. Мында, потенциалдык кардарлар (стробоскоптор, жарык-динамикалык түзүлүштөр ж.б.) жана Ошондой эле ишканалар тематикасы боюнча декоративдик элементтер үчүн бул мекеменин өзүнө тартуучулугун күчөтүүчү кошумча техникалык түзүлүштөрдү, ыкмаларды жана жабдууларды колдонууга жол бербөө керек.
2.4.5. Калкты тейлөө боюнча мекемелер жана ишканалардын маалыматтык жасалгалоо объектилерине жазуу мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
Товардык жана тейлөө белгилери катары кабыл алынган тартипте каттоодон өткөн декоративдик элементтерди маалыматтык конструкцияларга жайгаштырууга уруксат берилет. Мындай маалыматтык конструкциянын ээси товардык белгини жана тейлөө белгисин колдонууга мыйзамда белгиленген тартипте катталган укукка ээ болушу керек.
Мындай декоративдик элементердин, товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин сүрөттөлүшү керектөөчүлердү багыттоо максатында жайгаштырылган маалыматтардан ашып кетпөөсү шарт.
2.4.6. Калкты тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын маалыматтык жана жарнактык жасалгалоо объектилеринин көрнөктөн башкасын орнотуу ушул эрежеде каралган тартипте даярдалган уруксаттын жана архитектуралык-техникалык тыянактын негизинде ишке ашырылат. Мында маалыматтык жасалгалоо объектисин орнотууга Баткен шаарынын мүлкүн пайдалануу боюнча келишимин түзүү талап кылынбайт.
2.4.7. Калкты тейлөө мекемелери жана маалыматтык конструкциям кошумча жарнактык маалыматты (жарнактык жасалгалоо) орнотууга укуктуу. КР Мамлекеттик тил мыйзамына ылайык катталган товардык белгилерден жана тейлөө белгилеринен башка жарнактык жасалганын тексти мамлекеттик тилде аткарылуусу керек. Мекеменин профилин жана тибин ачык көрсөткен кыргызча текст болгондо гана катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери англис тилинде оригиналдык түрдө аткарылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн.
Бул учурда товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин жазган тамгалардын бийиктиги, мекеменин профилин жана тибин ачып көрсөткөн кыргызча тексттин негизги шрифтинин бийиктигине салыштырмалуу аз дегенде 2 эсе кичине болууга тийиш. Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин чет тилинде сүрөттөлүшүн ишке ашыруу усулу жана саны мекеменин ишинин профили жөнүндөгү маалыматтын текстинен басымдуулук кылбаш керек.
2.4.8. Мекемеге жакын жайгашкан мүлктүк объектилерге жеке долбоор боюнча түзүлгөн, өндүрүш мекемелеринин, маданият, спорт, элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканалардын маалымат-жарнак көрсөткүчтөрүн орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилет.
2.4.9. Элге кызмат көрсөтүү мекемелеринин жана ишканаларынын жарнактык жаслгалоо максатындагы сырткы жарнак жана маалымат объектилери ушул эрежеде көрсөтүлгөн тартипте жасалгаланууга тийиш.
3. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат иш кагаздарын даярдоо
3.1. Иш кагаздарын даярдоонун жалпы талаптары
Сырткы жарнак жана маалыматтардын объектилерин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берүүчү иш кагаздарга, сырткы жарнак жана маалыматтардын объектилерин орнотууга уруксат же калкты тейлеген ишкана жана мекемелердин маалыматтык жасалгалоо объектилерин орнотууга алынган уруксат кирет. Сырткы жарнак объектисин орнотууга эки тараптуу келишим түзүлөт.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо боюнча ыйгарым укуктуу ишкана ММД болуп саналат.
Менчик ээсинин же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар башка мыйзамдуу адамдын орнотмого эки тараптуу келишими болсо Баткен шаарынын аймагындагы сырткы жарнак объектилерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат берилет.
3.2. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууга уруксат берүү
3.2.1. Менчик ээси же кыймылсыз мүлккө тиешеси бар мыйзамдуу адам, же болбосо сырткы жарнак жана маалымат объектисинин ээси ММДга көрсөтүлгөн формада (2-тиркеме) кайрылышат. Арызда сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык өлчөмү, аймактык жайгашкан жери жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Арыз берүүчү талап кылган иш кагаздарды берүү үчүн, арызга уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоодо макулдашууга керек болгон иш кагаздардын тиркелиши зарыл.
Жогорудагы иш кагаздары көрсөтүлбөгөн учурда арыз кабыл алынбашы мүмкүн.
3.2.2. Уруксат берүү арызын кабыл алып жана карап чыкандан кийин ММД эки тараптуу келишим түзүү үчүн керек болгон тиешелүү толук ыйгарымдуу органдар (ММД, Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Баткен областтык транспорттук инспекциясы, Баткен ШИИБ ЖКК) менен макулдашууларды өз алдынча жүргүзөт. Аларды алгандан кийин, эки тараптуу келишим түзүүгө же макулдук бербөө чечимин чыгарат. Арыз берүүчү толук ыйгарымдуу органдар менен болгон макулдашууларды өз алдынча алууга жана аларды ММДга көрсөтүүгө укуктуу.
3.2.3. Эки тараптуу келишим түзүү же макулдукту бербөө жөнүндөгү ММДнын чечими арыз берилген күндөн баштап бир айдан кечиктирбей кабыл алынат жана уруксат берүү жөнүндөгү чечим арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.
3.2.4. ММД тарабынан эки тараптуу келишим түзбөө жөнүндөгү чечими КР мыйзамдарынын негизинде жүйөлөштүрүлгөн жана кабыл алынган болушу керек.
3.2.5. Эки тараптуу келишим КР мыйзамдарына ылайык Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.2.6. Эки тараптуу келишим ММДнын дооматы боюнча КР мыйзамдарына ылайык соттун чечими менен жараксыз деп табылышы мүмкүн.
3.2.7. Эки тараптуу келишим Баткен шаарынын мэринин жана Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын буйругунун негизинде мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылышы мүмкүн.
3.3. Баткен шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу үчүн келишим
3.3.1. Баткен шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу, келишимдин негизинде ММД аркылуу сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин ээсине (мындан ары жарнак жайылтуучу) жер участкаларда жана башка Баткен шаарынын мүлкүндө, анын ичинде оперативдик жана ишеним берүүчү башкармалыгынын, чарба жүргүзүугө берилген жалпы пайдалануучу жерде сырткы жарнакты жайылтуу максатында объект орнотуу жана пайдаланууга төлөм аркылуу мүмкүнчүлүк түзүп берет.
3.3.2. Келишим боюнча төлөмдүн өлчөмү ушул эреженин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартиптеги эсеп-кысаптын негизинде аныкталат.
3.3.3. Келишим түзүлгөндөн кийин жарнак жайылтуучу Баткен шаарынын кыймылсыз мүлкүндө сырткы жарнак жана маалымат объектисин макулдашылган долбоордук иш кагаздардын негизинде 30 күндүн ичинде орнотууга милдеттүү. Техникалык татаал сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу мөөнөтү, жарнак жайылтуучунун арызынын негизинде ММДнын макулдугу менен узартылышы мүмкүн.
3.3.4. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат обектисин жарнак жайылтуу же социалдык жарнак максатында гана пайдаланууга милдеттүү. Социалдык жарнак материалдарын ММД тарабынан көрсөтүлүп, мыйзам чегинде жарнактык конструкцияга жарнак жайьштуучу тарабынан жайгаштырылат.
3.3.5. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана пайдалануу келишиминде аныкталган, Баткен шаарынын мүлкүндө сырткы жарнак жана маалымат обектисин орнотуу жана пайдалануу тартибинин негизинде жүргүзөт.
3.3.6. Баткен шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу жана пайдалануу жарнак жайылтуучу менен түзүлгөн келишим ММД тарабынан бир жылдык мөөнөт менен түзүлөт.
3.3.7. ММД менен түзүлгөн, Баткен шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обектисин орнотуу жана пайдалануу келишимисиз Баткен шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга жана пайдаланууга уруксат берилбейт.
3.3.8. Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы шаардын башка мекемелери менен биргеликте сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык абалын жана пайдалануусун көзөмөлгө алат.
3.3.9. ММД тарабынан бир тараптуу тартипте төмөнкү учурларда келишим бузулушу мүмкүн:
3.3.9.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектисинде социалдык жарнакка же жарнакка тиешесиз маалыматтар жайгаштырылса же сырткы жарнак жана маалымат объектиси максатсыз багытта пайдаланылса;
3.3.9.2. Келишимде көрсөтүлгөн 20 календардык күн ичинде төлөм жүргүзүлбөсө;
3.3.9.3. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга уруксат мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарылса же жараксыз деп табылса;
3.3.9.4. Жарнак жайылтуучу социалдык жарнакты жайгаштыруу боюнча милдетин аткарбаса;
3.3.9.5. Уруксат алуу үчүн жазылган арызда көрсөтүлгөн объект, орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисинин техникалык иш кагаздары менен дал келбесе;
3.3.9.6. Берилген типтеги объектилерге көрсөтүлгөн, сырткы жарнак жана маалымат объектиси техникалык талаптарга туура келбестигин жоюуга коюлган талаптарды жарнак жайылтуучу бир нече ирет аткарбаса.
3.3.9.7. Шаар куруу абалынын өзгөрүшү, сырткы жарнак жана маалымат объектиси орнотулуучу аймакта сырткы жарнак орнотуу концепт-программасын ишке ашырууда.
3.3.9.8. Архитектуралык-техникалык тыянактын убакыт мөөнөтү бүткөн учурда.
3.3.10. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жарнама жайылтуучу 10 күн ичинде сырткы жарнак жана маалымат объектисин ажыратып алууга (демонтаж) милдеттүү. Чоң жана артыкча чоң сырткы жарнак жана маалымат объектилери үчүн мөөнөт ММД тарабынан көрсөтүлөт. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин ажыратып алуу (демонтаж) боюнча милдеттенме өз мөөнөтүндө аткарылбаса сырткы жарнак жана маалымат объектисин мажбур ажыратып алууну ММД ишке ашырат жана ажыратып алууга кеткен чыгымдарды жарнак жайылтуучудан талап кылууга укуктуу.
3.3.11. Өз убагында төлөм жүргүзбөгөндүгү үчүн келишим боюнча жарнак жайылтуучу мөөнөтү өткөн ар бир күнүө, мөөнөтү өткөн төлөмдүн 0,05%ыз өлчөмүндө айып төлөмүн төлөйт.
3.3.12. Баткен шаарыньш мүлкүн сырткы жарнак жана маальмат объектисин орнотуу жана пайдалануу үчүн колдонуу келишимсиз жүргүзүлсө, ММД бул конструкцияларды ажыратып алууга жана накта сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга төлөнгөн төлөмдүн өлчөмүндө чыгым төлөөнү талап кылууга, ажыратып алууга кеткен чыгымдарды талап кылууга, зарыл учурда ажыратылган объектилердин калдыктарын жок кылууга (утилизация) укуктуу.
4. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу (демонтаж)
4.1. Уруксатсыз, келишимсиз же мөөнөтү бүткөн келишимдин негизинде орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу жарнак жайылтуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
4.2. Көрсөтүлгөн талап аткарылбаса, сырткы жарнак жана маалымат объектилери көрсөтүлгөн тартипте мажбурлоо жолу менен ажыратып алууга дуушар болот.
4.3. Ээси аныкталбаган, жок болсо, же ажыратып алууну өз эсебинен жүргүзүүдөн баш тарткан сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу ыйгарым укуктуу органдын (ММД) катышуусундагы комиссиянын актысынын негизинде Баткен шаарынын бюджетинин эсебинен тиешелүү чыгымдар беренеси аркылуу ММДнын тапшырмасы менен жүргүзүлөт.
4.4. Ушул эреже бузуулар менен орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу, ташып чыгаруу, кампаларда убактылуу сактоо, материалдык баалуулуктарды ташып чыгуу актысы жана жоопкерчиликтүү сактоого берүү актысынын негизинде ажыратып алуудан кийин бир айлык мөөнөткө кампаларда сактоого берилет.
4.5. Жарнак жайылтуучу тараптан ажыратып алууга, ташууга, сактоого жумшалган чыгымдар төлөнгөндөн кийин ажыратылган объект көрсөтүлгөн тартипте ээсине кайтарылат.
4.6. Ажыратып алуу, ташуу, сактоо, калдыктарын жок кылуу боюнча буюртманы аткаруу иштери үчүн аткаруучу уюмдарга акысын төлөө, Баткен шаарынын бюджетинен жумшалат. Жарнак жайылтуучу кеткен чыгымдарды бекитилген тартипте кайтарып берүүге милдеттүү.
4.7. ММДнын талабы боюнча мажбурлоо жолу менен ажыратып алуу иштерине жумшалган чыгымды көтөрүү, өз эркинче орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисин жайгаштырган жарнак жайылтуучунун эсебинен болот.
5. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдаланууда макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар
5.1. ММД Баткен шаарынын аймагында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу менен байланышкан функцияларды ишке ашырууга укуктуу Баткен шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Муниципалдык менчик департаменти (ММД):
- тийиштүү кыймылсыз мүлктүн ээлери же башка мыйзамдуу ээлеринин арыздарын кабыл алуу жана карап чыгуу функцияларын аткаруучу, жана сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдаланууга уруксат алуу жөнүндө маалымат берүү, керектөө рыногунун мекемелеринин маалымат конструкцияларын орнотууга уруксат берүү функцияларын аткарат;
- ыйгарым укуктуу органдар менен бирге уруксат берүүдөгү чечимди кабыл алууда зарыл болгон макулдашууну ишке ашырат, уруксатты даярдайт жана берет;
- уруксатты жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат;
- Баткен шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу боюнча келишимдерди түзөт;
- төмөндөгү жумуштарды аткарууда кардалчынын функциясын жүргүзөт:
Баткен шаарында сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу долбоорун жана концепт-программаларын иштеп чыгуу боюнча;
социалдык жарнак материалдарын даярдоо боюнча;
шаардык маалымат объектилерин куруу боюнча;
Баткен шаарынын мүлкүнө өз алдынча орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилерин ажыратып алуу боюнча.
5.2. Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы макулдашат:
- долбоордук-сметалык иш кагаздарын;
- сырткы жарнак объектисин орнотуу концепт-программасынын долбоорун;
шааркуруу абалдарын жана имараттардын, курулмалардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, визуалдуу анализдөөнүн негизинде орнотууга мүмкүн болгон орунга бекитүү менен сырткы жарнак жана маалымат объектилердин баардык түрлөрүнүн дизайн-долбоорун жана кайрадан орнотулуучу конструкцияларга мөөнөтүн узартуу шартында архитектуралык- техникалык тыянак берет.
5.3. Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кайгуул кызматынын (мындан ары –ШИИБ ЖКК - сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотууда алардын жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча нормативдик укуктук актыга туура келүүсү боюнча макулдашууну жүргүзөт.
6. Кайрадан орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин долбоордук иш кагаздарга дал келүүсүн текшерүү
6.1. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу боюнча курулуш-монтаждоо, электрдик иштерди жүргүзүү үчүн лицензиясы бар мекемелер тарабынан макулдашылган долбоордук иш кагаздар менен дал келгендей аткарылышы керек.
6.2. Сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин фундаменттик курулушу жана башка жер иштери Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын милдеттүү түрдөгү актысынып жер иштетүү өндүрүшүнүн ордеринин негизинде жүргүзүлөт.
6.3. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуудан 15 күн мурун Баткен ШИИБ ЖКК көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн же тилке четин ээлөө жана кыймылды чектөө же убактылуу жабуу заарылчылыгы боюнча маалымат берилүүсү керек.
6.4. Имараттарда жана курулмаларда сырткы жарнак жана мааалымат объектилерин куруу (монтаждоо) ээлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда же анын иш жүргүзүүсү жөнүндө маалыматты кабарлоодон кийин гана жүргүзүлөт.
6.5. Курулуш-куруу (монтаждоо) жана электротехникалык иштерди аткарганда төмөндөгүдөй иш кагаздар болушу талап кылынат:
- сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотууга белгиленген тартипте жасалган уруксат;
- архитектуралык-техникалык тыянак;
- жер казуу иштерин аткаруу үчүн ордер (ал жүргүзүлгөн болсо).
6.6. Жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисин орноткондон кийин айлананы төмөндө белгиленген мөөнөттө калыбына келтирүүгө милдеттүү:
- тарыхый мурастар тилкесинде жана шаардык өзгөчө манидеги аймакта 2 күндөн ашпаган мөөнөттө;
- жалпы шаардык маанидеги көчөлөрдө 4 күндөн ашпаган мөөнөттө;
- жалпы шаардык маанидеги кварталдар ичиндеги аймактарда 7 күндөн ашпаган мөөнөттө.
6.7. Жарнак жайылтуучу ар кандай коопсуздук эрежелеринин бузулушуна жооп берет. Ошондой эле бузулуулар жана кырсыктын болу учурлары үчүн, сырткы жарнак жана маалымат объектисин куруу жана пайдалануу учурундагы кетирген каталыктар боюнча жооп берет.
6.8. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу боюнча курулуш куруу иштери аяктагандан кийин 3 жумуш күн ичинде жарнак жайылтуучу сырткы жарнак жана маалымат объектисинин пайдаланууга берилгендиги жөнүндөгү актысын түзүп, аны ММДга берүүгө милдеттүү.
6.9. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисинин долбоордук иш кагаздарга жана техникалык эрежелердин жана шарттардын талаптарына дал келүүсүн текшерүү, Курулуш ченемдери жана эрежелери (СНиП), Электроустановка куруу эрежелери (ПУЭ) жана башка нормативдик иш кагаздар көз карандысыз экспертгик уюмдар тарабынан өткөрүлөт. Кайра орнотулган сырткы жарнак жана маалымат объектисин текшерүүгө болгон өтүнүч кат, пайдаланууга берилгенден 10 күндөн ашпаган мөөнөттө, жарнак жайылтуучу тарабынан берилет. Жарнак жайылтуучунун өтүнүч катын алгандан кийин 14 жумуш күн ичинде көз карандысыз уюм, тиешелүү протокол түзүү менен көрсөтүлгөн объекттин изилдөөсүн жүргүзөт.
6.10. Объектини пайдаланууга берген текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сырткы жарнак жана маалымат объектисинин долбоорунун иш кагаздарына дал келгендиги жөнүндө тыянак. Баткен шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы бекиткен форма боюнча эксперттик тыянак түзүлөт. Эгерде сырткы жарнак жана маалымат объектиси долбоорго дал келсе эксперттик тыянакка биринчи пландык текшерилүүнүн убактысы көрсөтүлөт. Ал эми долбоорго дал келбесе же коопсуздук талаптарга жооп бербесе кемчилдиктерди жоюу тизмеси көрсөтүлгөн эксперттик терс тыянак берилет.
Коопсуздук талаптарына дал келбеген маалыматтар ай сайын (ал эми кырсык учурларында кечиктирилбестен) ММДга, Баткен ШИИБ ЖККга билдирилет.
Сырткы жарнак жана маалымат объектисинин ээси табылган кемчиликтерди четтетүүгө шарты же калоосу болбогон учурда укуктуу эксперттик уюм объектини ажыратып алуу (демонтаж) сунушун ММДга жиберет.
7. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин пайдалануу жана иликтөө
7.1. Пайдалануудагы сырткы жарнак жана маалымат объектисин пландуу иликтөөнү жарнак жайылтуучу өз эсебинен жылына бир жолу жүргүзөт. Сырткы жарнак жана маалымат объектисин иликтөөдөн өткөрүү үчүн эксперттик ишканага көрсөтүлгөн формада мурдагы эксперттик тыянактын мөөнөтүнүн бүтүшүнө бир ай калганда жарнак жайылтуучу өтүнмө менен кайрылат. Тыянактын мөөнөтү бүткөнден кийин кезектеги иликтөө жүргүзүлөт.
7.2. Пландуу иликтөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- конструкциянын механикалык-температуралык, коррозиялык жана башка таасирлердин натыйжасынан бузулуш абалын жана деңгээлин текшерүүнү;
- нормативдик иш кагаздарга дал келүүсүн, сырткы жарнак жана маалымат объектисинин электр жабдууларынын абалын текшерүүнү;
- долбоордук-конструктордук иш кагаздары жок учурунда же бузулган учурда, объектини алып жүрүү мүмкүнчүлүгүнө контролдук эсеп-кысаб жүргүзүлөт. Контролдук эсеп-кысаб байкалган бузулууну эске алып, объект болжол менен минималдуу бышык материалдардан жасалган деп, накта өлчөмү жана көлөмү менен жүргүзүлөт.
- электротехникалык иш кагазы жок (жоголгон) учурда электр жабдыктардын көлөмдөрүнүн контролдук эсеп-кысабы электр жабдыктардын орнотулгандыгын эске алуу менен жүргүзүлөт.
7.3. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен объектини андан ары пайдалануу мүмкүндүгү боюнча жыйынтыктарды жана кийинки иликтөө мөөнөтүн, нормадан четтөөлөрдүн кыскача мазмунун камтыган ММД тарабынан бекитилген формада эксперттик тыянак түзүлөт.
7.4. Иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчиликтерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда - токтоосуз) жоюуга жана сырткы жарнак жана маалымат объектисин анын электрожабдыктарын тийиштүү абалда кармоого милдеттүү.
7.5. Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин иликтөө жөнүндөгү чечим ММД тарабынан төмөндөгү учурларда кабыл ааынат: кырсык учурунда, техногендик катастрофаларда, жаратылыш кырсыктарында (чагылган, бороон ж.б.), пайдалануу учурунда конструктивдик кемчилдиктер байкалганда, өндүрүштүк жараксыздык жана башка учурда, тийиштүү буйрук менен катталат.
Контролдук иликтөө көз карандысыз эксперттик ишканалар аркылуу жүргүзүлөт.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин контролдук иликтөөдөн өткөрүүгө негиз болуп төмөндөгүлөр саналат:
Авариялык жагдайлар же атардын белгилери, кырсык кырдаалдарды жоюу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иликтөө жана орнотууга уруксаттын же сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин техникалык регламенттин тагаптарына туура келбестиги көз карандысыз эксперттик ишканатар же кызмат адамдары тарабынан аныкталган белгилер.
Сырткы жарнак жана маалымат объектилерин контролдук иликтөө объект ээлерине сөссүз түрдө официалдуу кабар берүү менен жүргүзүлөт жана кабар берүүдө пландаган контролдук иликтөөнүн мөөнөтү, иликтөөдөн өтө турган объектинин дареги, иликтөөнү жүргүзө турган кез карандысыз эксперттик ишкананын ататышы көрсөтүлөт. Контролдук иликтөөнүн жыйынтыгында түзүлгөн эксперттик тыянакта көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жарнак жайылтуучу бир айлык мөөнөттө (кырсык учурунда токтоосуз) жоюуга милдеттүү.
Эрежеге
1-тиркеме
БАТКЕН ШААРЫНЫН МүЛКүНө СЫРТКЫ ЖАРНАК ЖАНА МААЛЫМАТ ОБЪЕКТИСИН ОРНОТУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ КЕЛИШИМИ БОЮНЧА төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети
Бул ирет Баткен шаарынын сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежесинин (мындан ары - Эреже) негизинде сырткы жарнак объетилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмүн аныктоо үчүн колдонулат.
1. Баткен шаарынын сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөгү формула менен аныкталат (бир жылга сом менен):
T=(БӨxSxKlxK2xK3)/М,
мында:
БӨ - базалык өлчөм, анын өлчөмү бекитилген Баткен шаарынын аймагында бир жыл үчүн 1 (бир) даана сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү боюнча баалардын көрсөткүчү (прейскурант) менен аныкталат (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
S - сырткы жарнак объектисинин маалымат талаа аянты (кв.м.);
М - сырткы жарнак жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчөө бирдигин – жыл 1-базалык өлчөмү, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айдын 1/12-базалык өлчөмү колдонулат, мезгилди күн боюнча эсептегенде бир күндүн 1/365-базалык өлчөмү колдонулат)
К1 - ушул тиркеменин 2 пунктунун негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:
Аймагы | К1 коэффициентинин мааниси | Дареги |
1- Борбордук аймак | 1,2 | И.Раззаков, Т.Садыков, Султанмурат Миңбашы, К.Турмаматов М.Нургазиев, М.Салихов, Сайдиман ажы, С.Сыдыков, И.Жусупов, Жибек жолу |
2- Калган аймактар | 0,5 | Кызыл-Жол, Базар-Башы, Булак-Башы жана Келечек, Кызыл-Дөң АБ калган аймагы |
К2 - сырткы жарнак жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарыбындагы маалымат талаасынын аянтына көз карандуулугун чагылдыруучу, төмөндөткүч коэффициент (ички жарыктаннуусу бар имаратардын чатырындагы сырткы жарнак объектилеринен башка сырткы жарнак объектилерине колдонулат):
Маалымат талаа аянты | К2 коэффициентинин мааниси | Эскертме |
18 м.кв чейин | 1,0 |
|
18 м.кв - 100 м.кв чейин | 0,5 | 18 м.кв 1,0 коэффициенти менен алынат, калган аянттар - 0,5 коэффициенти менен алынат |
100 м.кв ашык | 0,1 | 18 м.кв 1,0 коэффициенти менен алынат, 82 м.кв 0,5 коэффициенти менен алынат, калган аянттар - 0,1 коэффициенти менен алынат |
К3 - заманбап татаал технологияларды киргизүүнү стимулдоочу коэффициент (сырткы жарнак объектилер үчүн колдонулат):
Жарыктануусу жок учурда | 1,0 |
Жарыкты чагылдыруучу материалдардан жасалган объектилер үчүн | 0,9 |
Ички жарыктануусу бар учурда | 0,7 |
Автоматташтырылган алмашуу экспозициясы бар, компьютерлештирилген заманбап же өзгөчө көрк берүүчү объектилер үчүн | 0,5 |
2. Баткен шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрү, транспарант-тартмалардан сырткары келишимдеги көрсөтүлгөн мезгилдер үчүн алынат жана алар жылдар, айлар (1/12 жылга), күндөр (1/365 жылга) боюнча эсептелинет. Транспарант-тартмаларды орнотуу үчүн акы жарнактык сүрөттөрдү орнотуудагы убакыт боюнча алынат, жана ал күн боюнча эсептелинет.
3. Баткен шаарынын мүлкүндөгү сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү, Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде ММД тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
Эрежеге
2-тиркеме
Сырткы жарнак жана маалымат объектисин орнотуу үчүн
АРЫЗ
(арыз берүүчү жактан толтурулат)
Ишкананын аталышы:
(менчиктин түрү)___________________________________________________________
Ишмердүүлүктүн түрү: _______________________________________________________________
Юридикалык дареги: ________________________________________________________________
Телефон: _____________________Факс: ____________________ e-mail: ______________________
Жетекчисинин ФАА: ________________________________________________________________
Банктын реквизиттери, аты: __________________________________________________________
БИК (МФО): __________________________ ОКПО: ________________________________
Э/счету: ______________________________ ИНН: __________________________________
Конструкция жөнүндө маалымат
Орнотмонун дареги: _________________________________________________________________
Типтүү конструкциялар | |
Калкан орнотмолор (билборд, тривижн-призматрон) |
|
Жарнак-маалыматтык белгилер (пилон, стела) |
|
Көлөмдүк-мейкиндик объектилер |
|
Имараттын чатырларындагы жарнак объектилер |
|
Брандмауэр, дубалдык панно |
|
Кронштейн |
|
Транспарант – тартмалар, желек композициясы, трол |
|
Шөкөт айнектер (витраж) |
|
Проектордук орнотуулар |
|
Электрондук экрандар (табло) |
|
Маркиздер, бастырмалар (навес) |
|
Аялдама (павильон) жарнак объектилери |
|
Шаардык инфраструктура объектилеринде жайгаштырылуучу жарнак объектилери |
|
Автоунааларындагы жарнак белгилер |
|
Сыртка алынып чыгуучу калканча конструкциялар (штендер) |
|
Убактылуу тосмо жарнак объектилери |
|
Кишинин катышуусун талап кылган жарнак белгилер |
|
Калкан орнотмолор (билборд, тривижн-призматрон) |
|
Жарнак-маалыматтык белгилер (пилон, стела) |
|
Типтүү конструкциялар
| |
Узуну | м |
Туурасы | м |
Аянты | кв.м |
Технологиялык мүнөздөмө | |
Колдонулбайт |
|
Жарыктануусу жок |
|
Сырткы жарыктануу |
|
Ички жарыктануу |
|
Технологиялык татаал конструкция |
|
Электрондук табло |
|
Автоматикалык алмашуучу экспозициясы |
|
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги XXVIIсессиясынын
№54 токтомунун №3 тиркемеси
Баткен шаарынын аймагында бир жыл үчүн 1 (бир) даана сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү боюнча
баалардын көрсөткүчү (прейскурант):
№ | Позициясы | Аталышы | Баасы |
2.2.9.1. | Калкан орнотмолор (билборд, тривижн-призматрон) | 600 | |
2.2.9.2. | Жарнак-маалыматтык белгилер (пилон, стела) | 500 | |
2.2.9.3. | Көлөмдүк-мейкиндик объектилер | 400 | |
2.2.9.4. | Имараттын чатырларындагы жарнак объектилер | 300 | |
2.2.9.5. | Брандмауэр, дубалдык панно | 200 | |
2.2.9.6. | Кронштейн | 550 | |
2.2.9.7. | Транспарант – тартмалар, желек композициясы, трол | 600 | |
2.2.9.8. | Шөкөт айнектер (витраж) | 400 | |
2.2.9.9. | Проектордук орнотуулар | 200 | |
2.2.9.10. | Электрондук экрандар (табло) | 300 | |
2.2.9.11. | Маркиздер, бастырмалар (навес) | 500 | |
2.2.9.12. | Аялдама (павильон) жарнак объектилери | 700 | |
2.2.9.13. | Шаардык инфраструктура объектилеринде жайгаштырылуучу жарнак объектилери | 600 | |
2.2.9.14. | Автоунааларындагы жарнак белгилер | 550 | |
2.2.10.1. | Сыртка алынып чыгуучу калканча конструкциялар (штендер) | 300 | |
2.2.10.2. | Убактылуу тосмо жарнак объектилери | 100 | |
2.2.10.3. | Кишинин катышуусун талап кылган жарнак белгилер | 500 |
Жооптуу катчы: Ж.Алдашова