Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2021-жылдын 21-декабрь № 57
Баткен шаарынын ички М.Нургазыев көчөсүнө тротуар орнотуу үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен жасалууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы “2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” №194 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранаттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” №230 токтомуна ылайык Баткен шаарын өнүктүрүүгө багытталган 2021-жылга кабыл алынуучу иш чаралардын долбооруна жана “Баткен шаарын 2017-2022-жылдарга Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги Vсессиясынын №01-10/47 токтомунун негиинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат :
1.Баткен шаарынын 2021-жылга өнүктүрүүгө багытталган иш чаралардын кээ бир бөлүктөрү дем берүүчү гранттардын эсебинен, Баткен шаарынын М.Нургазыев көчөсүнө 1125п/м тротуар орнотуу үчүн жалпы сумманын ичинен өздүк салым 713554 сомго макулдук берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Токтом Баткен шаарынын расмий сайтына жайгаштырылып жалпыга маалымдалсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага: | А.Ташбеков |