Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-апрели № 230
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28 жана 33-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускама, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо, тандоо, бекитүү, каржылоо жана ишке ашыруу механизмин киргизүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен иш жүргүзсүн.
3. 2016-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом:
- дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо жана тандоо бөлүгү боюнча 2015-жылдын 1-майынан тартып;
- дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү, каржылоо жана ишке ашыруу бөлүгү боюнча 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |