Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫ (IV чакырылыш)
2020-жылдын 30-ноябры № 243
2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдагы иш-планына жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 9- беренесине ылайык, 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун отчетун угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1.2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашовдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов)
-тиешелүү кирешелердин жергиликтүү бюджетке түшүүсүн көзөмөлдөө менен 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин толук аткарылышын камсыз кылуу;
-жергиликтүү өнөр-жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнө талап кылынган нормаларга жана мыйзамдарга ылайык колдоо көрсөтүү;
-Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын, Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылуучу титулдук баракчаларында бекитилген иштердин өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөө;
-калкты таза суу менен камсыздоо жана газдаштыруу иш аракеттерин жандандыруу максатында шаардын муктаж аймактарын, жаңы конуштарын терең иликтеп, тиешелүү мекемелер менен биргеликте комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу;
-шаар калкына мемеме-ишканаларда ыңгайлуу шарттарды түзүү менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын көзөмөлгө алуу;
-бардык талап-нормаларга ылайык Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууну көзөмөлдөө;
-шаардагы оңдоп-түзөө талап кылган тротуарларды, ички көчөлөрдү иретке келтирүү менен мыйзамсыз курулуштарга чек коюу жана мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жөнгө салуу;
-өнөр-жай обьектилери жайгашкан аймактардын максаттуу багыттарынын талаптагыдай сакталуусун көзөмөлгө алуу;
-шаардын көчөлөрүнө жарнамаларды орнотууда техникалык талаптардын сакталышын жана алардын иреттүү жайгашуусун көзөмөлдөө:
-калкка кызмат көрсөткөн коомдук маршруттук каттамдардын шаардын аймагында иштөө графигин жана максаттуу багыттарга жүргүзүлүшүн иретке келтирүү;
-маданият тармагындагы аткарылып жаткан иш аракеттерди жандандыруу, заман талабына ылайык борборлоштурулган китепкананы жана аймактардагы филиалдарын санариптештирүү, маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдө элдик, нукура маданий баалуулуктарды жайылтууну колго алуу;
-шаардагы тамак аш азыктарынын санитардык нормаларынын сакталышын көзөмөлгө алуу максатында калк жыш жайгашкан аймактарга сүт, эт азыктарын сатуу үчүн муниципалдык павильондорду орнотуу маселесин карап чыгуу;
-Ош шаарында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов