Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 12-декабры № 219
Ош шаарынын статусу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 , 2019-жылдын 8-августундагы № 115 , 2019-жылдын 8-августундагы № 118, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ош шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
3-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам республикалык маанидеги шаар - Ош шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, алардын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилесин белгилейт, ошондой эле Ош шаарында башкарууну жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, финансылык жана социалдык шарттарын бышыктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ош шаарынын статусу
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ош шаары өзгөчө мамлекеттик мааниге ээ республикалык маанидеги шаар болуп саналат, аны башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча мамлекеттик башкарууну айкалыштыруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырылат.
2. Ош шаары - администрациялык-саясий, экономикалык, илимий-билим берүүчү, руханий жана тарыхый-маданий борбор болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүктөгү резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жайгашкан шаар.
3. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.
Ош шаары өзүнүн Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген символдоруна (герб, туу, гимн) ээ.
2-берене. Ош шаарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Ош шаарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери
Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу Ош шаарынын өз алдынча башкаруу органдары:
1) мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө муниципалдык менчиктеги жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана орун жайларды, турак жай фонддорун, турак жай-коммуналдык, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтөт;
2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) Ош шаарын өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
4) шаардын аймагынан өтүүчү автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана күтүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү жана байланыш каражаттарын өнүктүрүүнү камсыз кылат;
5) муниципалдык менчикте турган тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарыхый жана маданий эстеликтерди күтүүгө катышат;
6) мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
4-берене. Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү
Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтөт:
1) республикалык маанидеги шаар катары Ош шаарынын өнүгүүсүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
2) Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык, республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу үчүн зарыл болгон объектилерди Ош шаарынын аймагында куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу менен байланышкан Ош шаарынын аймагындагы байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорттук тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;
4) шаардын аймагында жашаган жарандардын социалдык-маданий жана коммуналдык турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган турак жай коммуналдык чарба объектилерин өнүктүрүүгө;
5) жаратылышты коргоо иш чараларын, коомдук тартипти, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларды жүргүзүүгө.
5-берене. Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусун камсыз кылуу кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусуна кепилдиктерди төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылат:
1) республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү;
2) республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын ишке ашыруусун камсыз кылуу боюнча башка чараларды кабыл алуу.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Ош шаарынын аймагы
1. Ош шаарынын аймагы "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жер мыйзамдарына ылайык аныкталган шаардын чек арасынын чектеринде түзүлөт.
2. Шаардын аймагы категорияларына жана менчигинин формаларына карабастан Ош шаарынын администрациялык-аймактык чек арасынын белгиленген чектеринде бардык шаардык жерлерди өзүнө камтыйт.
3. Ош шаарынын аймагы шаарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдуу уюштуруу жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди талаптагыдай аткаруу максаттарында өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп саналбаган администрациялык райондорго бөлүнүшү мүмкүн.
4. Ош шаарынын администрациялык райондору шаардын тарыхый, географиялык, шаар куруу өзгөчөлүктөрүн, калктын санын, социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн, транспорттук коммуникациялардын жайгашуусун, инженердик инфратүзүмдөрдүн болушун жана аймактын башка өзгөчөлүктөрүнүн эске алуу менен 2 райондон ашпаган санда түзүлөт.
5. Администрациялык райондорду башкаруунун ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган тартиби Ош шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
6. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун администрациялык райондоруна жетекчилик Ош шаарынын мэри тарабынан дайындалган администрациялык райондордун башчылары тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-берене. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы
1. Ош шаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жергиликтүү жамааттын Уставына ээ.
2. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө жарандардын, шаардык кеңештин жана мэриянын өз ара мамилелерин, республикалык маанидеги шаарда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн, шаар куруу түзүлүшүн, шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсүнүн статусун берүүнүн шарттарын жана тартибин, шаардын ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашыруусуна караштуу башка маселелерди аныктайт.
3. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Ош шаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Ош шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболору менчигинин формасына карабастан, анын ведомстволук караштуулугундагы аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар үчүн аткарылууга милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Ош шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун
өзгөчөлүктөрү
8-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер
1. Ош шаарынын аймагында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерге кошумча төмөнкүлөр кирет:
1) Ош шаарына жүктөлгөн республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин эске алуу менен, Ош шаарын стратегиялык пландаштыруу жана комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, шаардын экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) шаардын аймагында шаар куруу маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкция, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;
3) саламаттыкты сактоонун, мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү, дене тарбия жана спорт, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
4) Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салт санааларын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
5) ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;
6) шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана ирээттүүлүктү сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
7) социалдык-маданий, турак жай, турмуш-тиричиликтик, соода-сатыктык жана башка муниципалдык объектилерди куруу;
8) жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу;
9) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жана алар боюнча жеңилдиктерди белгилөө;
10) шаардан тышкаркы транспорттордун Ош шаарына кирүүсүн уюштуруу жана жеңил такси, жүк ташуучу жана атайын транспорт автомобилдеринин ишин жөнгө салуу.
2. Ош шаардык кеңешинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү маанидеги маселелер катары каралбаган жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана башка маселелерди чечет.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму
1. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Ош шаардык кеңеши - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;
2) Ош шаарынын мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.
2. Ош шаарынын мэриясы жана анын кызмат адамдары өз иштеринде Ош шаардык кеңешине отчет берет жана контролу алдында болот.
10-берене. Ош шаардык кеңеши
1. Ош шаардык кеңеши - шаардык коомдоштук тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте түздөн-түз шайлануучу жана өзүнүн ишин коллегиялдуу негизде жүзөгө ашыруучу шаардык өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
2. Ош шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн жана ыйгарым укуктарын токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынат.
3. Ош шаардык кеңешинин сандык курамы - 51 депутат.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 166 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Ош шаардык кеңешинин ишин уюштуруу
1. Ош шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы сессия болуп саналат.
2. Ош шаардык кеңешинин сессияларын чакыруунун тартиби жана өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү анын Регламенти менен аныкталат.
3. Ош шаардык кеңешинин биринчи сессиясында жашы улуу депутат төрагалык кылат.
4. Аймактын кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча Ош шаардык кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүн чакыра алат.
12-берене. Депутаттык фракциялар
1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
2. Депутаттык фракция партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана шаардык кеңеш тарабынан катталууга жатат.
3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү каалоосун билдирген фракциялар шаардык кеңештин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялашат.
4. Шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп эсептелет.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана өзүн көпчүлүккө карата оппозиция катары жарыя кылган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште оппозиция деп эсептелет.
Фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүн оппозиция катары жарыя кылбаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште азчылык деп эсептелет.
5. Шаардык кеңеште бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңеште бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңештин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.
13-берене. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
1. Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимин ишке ашырууга катышуу, Ош шаарынын аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан ал чечимдердин аткарылышын контролдоо үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт.
2. Шаардык кеңеш айрым маселелерди изилдөө жана аларды териштирүүнү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Комиссияларды түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же туруктуу комиссиялар киргизүүгө укуктуу.
3. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын сандык курамы, аларды түзүүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары шаардык кеңештин Регламенти менен аныкталат.
4. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги
1. Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана эки орун басарынан турат.
2. Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланышат.
3. Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн, шайлоонун жана ээлеген кызмат ордунан бошотуунун тартиби шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын ишмердүүлүгү туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
Төрага жана төраганын орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Ош шаардык кеңешинин компетенциясы
1. Ош шаардык кеңешинин компетенциясы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана шаардын Уставы менен аныкталат.
2. Шаардык кеңештин компетенциясына "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандардан тышкары төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;
2) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
3) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
4) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоонун жана мал жаюунун эрежелерин бекитүү.
3. Шаардык кеңештин сессияларында жалпы кызыкчылык туудурган иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Шаардык кеңештин чечимдери
1. Шаардык кеңеш өз компетенциясынын чегинде чечимдерди токтом жана тескеме түрүндө кабыл алат.
2. Шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Шаардык кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
3. Шаардык кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аны аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөөчү мүнөздөгү акт.
Шаардык кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү тарабынан кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Шаардык кеңештин чечимдери менчигинин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Ош шаардык кеңешинин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Шаардык кеңештин Регламенти
Шаардык кеңештин Регламенти шаардык кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды, ошондой эле анын ишин уюштуруунун эрежелерин жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
Шаардык кеңештин Регламенти шаардык кеңеш тарабынан сессияда бекитилет.
18-берене. Ош шаарынын мэри жана мэриясы
1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мэр башында турган мэрия болуп саналат.
2. Ош шаарынын мэриясы шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын башка органдарынын компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик ыйгарым укуктарынын жана жергиликтүү өз алдынча ыйгарым укуктарынын бардык өткөрүлүп берилген маселелерин аткаруучу орган болуп саналат.
3. Мэр - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы дайындалуучу кызмат адамы, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга жооптуу шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси.
4. Анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэрия тарабынан кабыл алынган чечимдерге шаардын мэри тарабынан кол коюлат.
Ош шаарынын мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Ош шаарынын мэриясынын түзүмү
1. Ош шаарынын мэриясынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде Ош шаарынын мэри бекитет.
2. Ош шаарынын мэриясынын карамагында ал уюштуруучу жана/же анын карамагына берилүүчү уюмдар, ишканалар, фонддор жана мекемелер болушу мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мэриянын компетенцияларына кошумча төмөнкү маселелер кирет:
1) шаардык кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык, шаардык жана аймактык маанидеги объектилерди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо;
2) муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын жана иштердин реестрин иштеп чыгуу;
3) жергиликтүү бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жергиликтүү бюджеттен ссудаларды берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
4) жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу жана шаардык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин аны ишке ашыруу;
5) саламаттыкты сактоо, билим берүү, архитектура жана шаар курулушу мамлекеттик мекемелеринин аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге кирген башка чөйрөлөрдү жетектөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
6) (КР 2019-жылдын 18-майындагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) Ош шаарынын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы көрнөктөрдү жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин сактоону контролдоону жүзөгө ашыруу;
8) шаар курулушу, экологияны коргоо, шаардык жолдорду, турак жай-коммуналдык чарба объекттерин күтүү жана өнүктүрүү, көрктөндүрүү, шаардык аймактарды жашылдандыруу, керектөө таштандыларын башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
9) турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн программаларды иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү;
10) Ош шаарынын аймагында жана шаарга чектеш чөлкөмдөрдө колдонулуучу мамлекеттик, архитектуралык, шаар курулушу жана курулуш саясатын иштеп чыгууга катышуу;
11) таштандыларды тазалоо, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу, көпчүлүк колдонуучу жерлерди санитардык тейлөө, соода-сатык жаатындагы укук бузуулар үчүн, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок жеңил типтеги объекттерди өз алдынча кургандыгы жана орноткондугу үчүн укук бузууларды кароо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды (комиссияларды) түзүү;
12) Ош шаарынын өнүгүшүнүн жана курулушунун мыйзамда белгиленген тартипте бекитилген башкы планын ишке ашыруу боюнча субъекттердин ишин координациялоо;
13) капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү мөөнөттөрүн контролдоону жүзөгө ашыруу, объекттерди пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын ишине катышуу;
14) шаардын экологиялык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн шаардык комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;
142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;
15) жылуулук-, энергия-, суу-, газ менен жабдуу, канализация жана суу бөлүштүрүү, жол иштери, шаардык транспорттун жана байланыштын бардык түрлөрү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, шаарды санитардык тазалоо, ошондой эле инженердик камсыз кылуу, турак жай фондун пайдалануу жана оңдоо тутумдарынын натыйжалуу иштөөсү жаатындагы иш аракеттерди координациялоо;
16) муниципалдык менчикти мыйзамсыз орнотулган объектилерден, өзү билемдик менен курулган же колдонуудагы нормаларды бузуу менен курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу;
17) шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча объекттерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жер участокторун сатып алуу;
18) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;
19) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;
20) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Ош шаарынын мэринин ыйгарым укуктары
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктарынан тышкары, Ош шаарынын мэри:
1) чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн белгилеген тартипте түзүмдүк бөлүмдөрдү түзөт;
2) шаардын аймактык түзүлүшү боюнча сунушту шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизет;
3) биринчи орун басарды (орун басарды), шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындайт, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларды кызмат орундарынан бошотот;
4) мэрдин биринчи орун басарына (орун басарына) алар тескеген маселелер боюнча ыйгарым укуктарды берет;
5) администрациялык райондордун башчыларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) администрациялык райондун башчысынын сунуштамасы боюнча администрациялык райондун башчысынын орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат;
8) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн Ош шаарынын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Ош шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Ош шаарынын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта иштөө менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
2. Ош шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү "Кыргызтесттин" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
3. Төмөнкүдөй адам мэр боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;
2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;
3) ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
4) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө соттун чечими менен тыюу салынган;
5) ушул бөлүктүн 6-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
6) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
7) ага карата ушул бөлүктүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
1. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен белгиленген тартипте дайындалат.
2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
3. Мэрдин ыйгарым укуктары шаардык кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө көз каранды эмес.
4. Ош шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле ал каза болгон учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке туруктуу жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;
10) анын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбегенде;
11) ишенимди жоготкондо;
12) тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча.
5. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда, анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.
Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.";
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Ош шаарынын мэрин бошотуу
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25-берене. Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
26-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерди чакыртып алуу
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27-берене. Ош шаарынын мэринин орун басарлары
1. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.
2. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.
3. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде анын ордун ээлеп турат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Мэрдин орун басары мэр жүктөгөн милдеттерди аткарат жана биринчи орун басардын кызмат орду жок болгон учурда анын ордун ээлейт.
4. Мэрдин биринчи орун басары (орун басарлары) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыргандыгы үчүн мэрдин алдында жоопкерчилик тартат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Администрациялык райондун башчысы
1. Администрациялык райондун башчысы шаар мэриясынын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси болуп саналат жана шаардын мэри тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
2. Ош шаарынын администрациялык районунун башчысы:
1) райондун турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча администрациялык райондун, ведомстволук караштуулугундагы уюмдардын жана мекемелердин ишин жетектейт, бул иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;
2) Ош шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
3) Ош шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
29-берене. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери
1. Шаардын өнүгүүсүнүн экономикалык негизин муниципалдык менчик, финансылык, жаратылыш жана шаардын аймагында турган башка ресурстар, ошондой эле шаардын аймагында иштерди жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
2. Шаардын өнүгүүсүнүн финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бышыкталган кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана аткарылган иштерден түшкөн кирешелер, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык ресурстар түзөт.
3. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Шаардын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик-финансылык институттарды, ошондой эле иштери шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга багытталган башка муниципалдык мекемелерди, ишканаларды түзө алат. Шаардын мэриясы коммерциялык уюмдар менен долбоорлордун уставдык капиталдарындагы пайлардын, акциялардын жана башка үлүштөрдүн ээси болуп саналат жана уставдык капиталдагы үлүштөргө ылайык пайда же анын бир бөлүгүн ала алат.
5. Республикалык бюджетти түзүүдө республикалык мааниге ээ илимий, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана экологиялык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясына жана иш менен камсыз болуусуна байланышкан программаларды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти каржылоо каралат.
30-берене. Ош шаарын өнүктүрүү фонду
1. Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрүн чечүү максатында Ош шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүү фондун түзө алат.
2. Фонддун каражаттарын пайдалануунун тартибин жана пайдаланылышын контролдоону камтыган Шаарды өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
3. Шаарды өнүктүрүү фондун түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Ош шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилеси
Шаардын аймагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелерге карата талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору аркылуу же сот органдары тарабынан чечилет.
3-глава. Корутунду жоболор
32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды кабыл алсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 97 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 357-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |