Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №23/1
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019 – жылдын 9 - айынын жыйынтык иштери жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 –беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевдин 2019 - жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча отчету бекитилсин жана ишине канааттандырарлык баа берилсин.
2.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | З.Амангельдиев |
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айынын жыйынтык иштеринин аткарылышы тууралуу маалыматы.
Соц. бөлүмүнүнүн 2019 жылдын 9-ай ичинде аткарылган иштери тууралуу:
2019-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүндө 4745 кожолукта атайын каттодон өткөн жарандардын саны 15328 адамды түзүп, алардын ичинен – Чүй айылында 4235 кожолукта - 12363 адам ,
- Садовое айылында 305 кожолукта – 1877 адам,
- Арал айылында 205 кожолукта - 1088 адам.
- Баатыр энелердин саны – 70 адам,
- Өкмөт тарабынан балдарына жөлөк пул алган үй- бүлөнүн саны
6 үй- бүлө (23 бала) детский пособия, Республиканский бюджет
- Тоголок жетим балдардын саны -8 бала,
- Жарты жетим балдардын саны -120 бала,
- Социалдык жетим балдардын саны – 67 бала,
- Азыркы күндө айыл өкмөтүбүз боюнча пенсионерлердин саны 1256-адам.
- Ата-энелери чет жака иштеп кеткендер мигрант балдардын саны 174-бала.
- Этникалык кыргыздардын саны 1101 адам.
- Баатыр-Энелердин саны 70 айым апалар.
- Социалдык жөлөк пул алгандар 280 үй-бүлө, 297-киши. (инв.1,2,3 топтогу майыптар) Республиканский бюджеттен алышат.
- 18-жашка чейин балдардын саны 7034
- 0 - жаштан 6-жашка чейинкилер 1238
- 6 - жаштан 16-жашка чейинкилер 2685
- 16-дан 18-жашка чейинкилер 146
- Мүнкүнчүлүгү чектелген 18-жашка чейинки балдардын саны бардыгы болуп 104 адам анын ичинен:.
- ДЦП-20 бала кыймылсыз төшөктө жаткандар.
- ЛОВЗ 84-бала мүмкүнчүлүгү чектелген.
- “Байчечекей” бала бакчасына 210-бала барат
- “Бакыт” бала бакчасына 103-бала барат
- Садовое айылыныны “Бөбөктай” бала бакчасына 35-бала барат
- №1 В.Ф.Марков атындагы мектепте 2244 окуучу окуйт
- №2 С.Ибраимов атындагы мектепте 2233 окуучу окуйт
- Иса Укуев атындагы мектепте 352 окуучу окуйт
- Арал айылындагы мектепте 313 окуучу окуйт
- Эркектердин саны 7202
- Аялдардын саны 8126 адамды түзөт.
Чүй айылында жалгыз жашаган караар-көрөөрү жок 60 кары ата-
апаларыбызды, Чүй районунун социалдык өнүгүү башкармачылыгынын 6-социалдык кызматкерлери тейлейт.
2019-жылдын 9-айынын ичинде социалдык –экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш чараларды аткаруу боюнча жергиликтүү бюджеттен чыгымдалгандар.
Алардын ичинен: Чүй айлында Афганистан Демократиялык Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылып кеткендигинин 30 жылдыгына карата даярдык көрүү жана өткөрүү Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык секторуна жүктөлдү.Чүй айыл өкмөтүндөгү интернационалисть - 27 жоокерге х 2000 сомдон = 54 000сом жана курман болгон жоокерлердин 12-жесирине х 1000 сомдон = 12 000сом акчалай тизме менен материалдык жардам көрсөтүлдү. 2019-жылдын 15-февралында Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылып кеткендигинин 30 жылдыгына карата Токмок шаарындагы интернационалист жоокерлердин эстелигине гүл коюга 1-корзина гүлгө 700 сом жана колдоруна бирден гүл берүүгө 39адамга х 59 сомдон =2300сом. Бардыгы болуп 69 000сом акча каражаты бөлүнүп берилип таратылды.
8-март “Айымдардын эл аралык майрамына карата” жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Чүй айылдык аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери Н.П.Кулишовага – 3000с, Б.Ж.Кызалаковага -3000с. Л.Б.Мамбековага – 2000с. З.Мамбетова -2000с. Э.Н.Нурбековага -2000с. Н.Э.Шариповага- 1000с. Ч.Байтоковага- 1 000 сом , 7 шт гүл * 150 сом=1050 сом) бардыгы 15 050 (он беш миң элүү ) сом айымдарды куттуктоого жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун « 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы Жарлыгына ылайык, Чүй айыл өкмөтүндө 21-март - «Нооруз -2019» майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Төмөнкүдөй акча-каражаты бөлүнүп берилди:
Мындан: Чүй айылына – 35,0м.сом.
Садовое айылына -20,0м.сом.
Арал айылына - 15,0м.сом.
Баардыгы: 70 000 мин сом.
Садовое, Арал айылдарына жана Чүй ипподромго бир боз үй тигилип, жергиликтүү калкка спорттук оюндар уюштурулуп, бекер тамак айыл тургундарына берилди.
Чүй айылдык Кеңешинин 2014-жылдагы 8-майындагы отурумунда кабыл алынган № 14/16 Токтомун аткаруу максатында , Чүй айыл өкмөтүнүн Чүй, Садовое Арал айылдарынын жалгыз эч кимиси жок адамдар каза тапса, катуу ооруп бейтапканага жатса, денесине катуу жаракат алса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-турмуштарында оор кыйналуулар болуп жатса бир жолку колдоо, финансылык жардам катары 3000сомдон 2019-жылдын 9-айынын ичинде комиссиянын актынын негизинде 11-үй бүлөгө берилди.
Чүй айылында жайгашкан “Кылым кыянаттары” монументалдык комплексин ирээтке келтирип, айлана-чөйрөсүн санитардык тазалоодон өткөрүлүп, 7-апрель Элдик революцияда Бишкек шаарында апрель окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандардын катышуучуларына материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлдү. Чүй айыл өкмөтүнөн, Кытайбекова Сагынга, Казакбаева Токтобүбүгө, Алымбаев Дастанга миң сомдон колдоруна тизме менен таркатылып, эстелике гүл коюлду. Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына, курман болгон Чернобыль кырсыгынын катышуучуларынын жесирлерине даярдык көрүү жана өткөрүү Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси У.Абдыкановага жүктөлдү.
1941-1945 - жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 74 жылдыгын өткөрүүгө уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилип, Чүй айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстеликтин айлана-чөйрөсү көрктөндүрүлүп, борбордук Ибраимов көчөсүнө “Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы” лозунгу жазылып илинди. Курман болгон ардагерлердин жесирлерине 9-май күнү өтө турган иш-чарага катышуусу камсыз кылынып, материалдык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр каралып ошондой эле жардамдын башка түрлөрү көрсөтүлдү.Чүй айыл өкмөтүндөгү согуштун ардагерлеринин жесирлерине Бардыгы болуп 11 200 сом акча каражаты бөлүнүп берилип тапшырылды. Жеке ишкер Кадыров Таалай аз камсыз болгон 5-үй-бүлөгө продуктовый пакет тапшырды.
Анын ичинде:
5кг ун.
5кг кесме.
3литр суу май.
1 пачка чай.
1 пачка кант.
Чүй айыл аймагында ”Энелер үйдүн куту” деген жарым айлыкты жарыялоодо 15-майдан 30-майга чейин 7-баладан жогору төрөгөн “Баатыр- Эне” орденин “Эне-даңк” медалын алган Садовое, Чүй жана Арал айылдарында жашаган эже-апаларыбызга ар бирине колдоруна тизме менен 78 х 500 сомдон = 39,000 (отуз тогуз миң) сом жана колдоруна 1-даана гүлгө 78х70с=5460 сом бардыгы болуп 44 460 сом ( кырк төрт миң төрт жүз алтымыш) сом бөлүнүп берилип сыйлык тапшырылды.Чүй айыл өкмөтүнүн орто мектептеринде 9-11-класста эң мыкты бүтүргөн окуучулардын ар бирине 30 окуучуга 500 сомдон 15 000 сом жана Ардак грамота менен сыйланышты. Чүй айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептеринде эмгектенип жаткан 25 мугалим ардак грамотасы менен сыйланышты.
“ 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүн өткөрүү жөнүндө”
Чүй айыл өкмөтүнүн маалыматы:
№ | Көрсөтүлгөн материалдык гуманитардык кайрымдуулук жардамдар жана балдардын саны | Иш-чаранын өтүшү тууралуу маалымат (тамак аш, концерт) |
суммасы |
1 | №1 “Байчечекей” бала бакчасына 225-балага | Таттуу азыктар менен жана концерт оюндар уюштурулду | 10,0 миң сом. |
2 | №2 “Бакыт” бала бакчасына 120-балага | Таттуу азыктар менен жана концерт оюндар уюштурулду |
5,0 миң сом. |
3 | Садовое айылындагы “Бөбөктай” бала бакчасына 60-балага | Таттуу азыктар менен жана концерт оюндар уюштурулду | 3,0миң сом. |
8 | Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланды, 405-балага. | 405-балага | Бардыгы болуп 18,0 миң сом.каржыланды |
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусу боюнча, №2 Султан Ибраимов атындагы мектепте жайкы эс алуу уюштурулуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн 32 бала эс алды. ”Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Чүй облустук “Жаштык-Китеп Кербени” акциясын өткөрүү жана уюштуруу комитетинин курамы, түзүлүп, Чүй айыл өкмөтүнө караштуу, Садовое айылынын китепкана башчысы Апсалиева Мариям Сокулук районуна барып катышып келди.. Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине Суусамыр айыл аймагынын Суусамыр жана Кожомкул айылдарынын ортосундагы Каракол тилкесинде, 2019-жылдын 28-июнунда 2 боз үй тигилип, Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20000сом бөлүнүп берилип, барган конокторго, жергиликтүү калкына, спорттук оюндар уюштурулуп, бекер тамак берилди. Чүй Арал, Садовое айылдарынын жашоочуларына кабардар кылуу, (фостерная) үй-бүлөлөрдү таап, бала багып алууга көмөк көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.“Баатыр-Эне” “Эне-Даңкы” наамдарын алууга Чүй, Арал, Садовое айылынан 7-баладан жогору төрөгөн айымдардын документтери чогултулуп, даярдалууда. 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгы Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын чоң залында концерт уюштурулуп өткөрүлдү.Чүй, Садовое, Арал айылдарынын тургундары өздөрүнүн айылында жергиликтүү тургундары менен майрамдашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы
№ 263-б буйругун аткаруу максатында, Талас обулусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүлүп, Чүй айыл өкмөтүнөн кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүн нукура ыкмада
даярдалышын (театрлаштырылган оюн-зоокту, боз үй жасалгасы, улуттук ыр-бийлери, салттуу кийим-кечелери, зергерчилик өнөрү), көчмөн турмуштагы тамак-аштарынын жасалышы, муундан-муунга сакталып келген каада-салттарды колдонуу боюнча тийиштүү иш-аракеттер көрүлдү.
Турмуш-тиричилик бөлүмүнүн 2019 жылдын 9-ай ичинде аткарылган иштери тууралу маалыматы.
Айыл жергесин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо боюнча 3 айлык жарыяланып айыл өкмөтүндө төмөнкү иштер аткарылды: 1500 кг акиташ жана айры, күрөк, мешок, орок, чалгы ж.б. сатып алганга 63470 сомго жергиликтүү бюджеттен сарпталды.
2019- жылдын 9 ай ичинде Чүй, Садовое жана Арал айылдарында 100 даана ээси жок жолбун иттер атылып “Беккари” чункуруна салынып өрттөлүндү.
2019-жылдын 9 айынын ичинде айыл ичиндеги бардыгы болуп 960 мЗ чар-жайыт таштандыларды чыгарууга 341 200 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен чыгымдалды.
Чүй айылындагы 3 светофор объектинин лампочкалары өз убагында алмаштырылып жана азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат.
Чүй айылындагы Береговая көчөсүнүн аягынан 150 метр узундуктагы жаңы дренаж казылып азыркы учурда Береговая көчөсүндөгү арыктарда жер астынан чыккан суу толугу менен кетти. Бул аткарылган жумушка жергиликтүү бюджеттен 396 300 сом акча каражаты сарпталды.
Кылым Кыянаттары” монументалдык эстелигин айланасындагы бак-дарактарды, гүл көчөттөрүн сугаруу иши улантылып жатат. Ошондой эле 9 – май монументалдык эстелиги акталып сырдалды.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын ички суугат суу арыктары эксковатор жана К-700 унаалары менен тазаланып азыркы күндө дыйкандар суугаруу иштерин жүргүзүүдө. Аткарылган жумуштарга жергиликтүү бюджеттен 443485 сом акча каражаты сарпталды.
Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттарын (название улиц) табличкаларын сатып алууга 45000 миң сом акча каражаты ошондой эле Чүй, Садовое жана Арал айылдарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине көчө 250 000 сом акча каражаты чыгымдалды. Баардыгы болуп 295 000 сом акча каражаты сарпталган.
Чүй айылынын көп кабатту үйлөрүнөн чыккан таштандыларды таштаганга жаңы 23 даана контейнерди 213 900сомго сатып алынды.
Чүй айыл өкмөтүнүн жүк ташуучу жана трактор унааларына 167 000 мин сомго тетиктерди алынып жасалууда.
Чүй, Садовое, Арал айылдарынын көчөлөрүнүн түнкү жарык берүүчү чырактардын лампочкаларын, дросильдерин алмаштырганга жана Чүй айыл өкмөтүнүн кабинеттеги, коридордогу плафондору өз убагы менен алмаштырылып жатат.
Чүй айылынын К- Маркса көчөсү (Межеваядан - Бригадная) жана Новая (М. Сансызбаевден – К - Маркса) көчөлөрү асфальт төшөлдү.
Чүй айылынын Межевая, Ломоносова, Линейная, Сельская, Покровская жана Полевая көчөлөрүнө түнкү жарык берүүчү чырактар орнотулуп азыркы күндө толук кандуу иштеп жатат.
Чүй айылынын Сельская, Советская №187, Заводская №27 жана Шоссейная №1,2 балдар ойноочу аянтчаларын салууга тендер жарыяланды.
Азыркы күндө турмуш-тирчилик бөлүмүндө 1даана трактор жана 1 автоунаа менен көп кабаттуу үйлөрдүн таштандылары чыгарылып жатат.
Чүй айылында Новая, Карла-Маркса көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери 2 642 400 сом акча каражатына жүргүзүлүп жатат.
Садовое айылындагы И.Укуев орто мектебинин окуучуларына ысык тамак-аш берүүгө ашканасын оңдоо иштери 238 000 мин сомго жүргүзүлүүдө.
Көчөлөргө жарык берүүгө 800 000 мин сом акча каражатына жасалууда.
Чүй айылынын кызматкерлерине компьютерлерди 84 500 мин сомго алып берилди.
Чүй айылынан турмуш – тиричилик бөлүмүнө караштуу каттар өз убагында жооп берилип актылар түзүлүп жатат. Бак кыюу боюнча Чүй айыл өкмөтүнүн жашочуларынын кайрылуулары “Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине” уруксат алууга кат даярдалып бир айдын ичинде уруксатарын алып, жашочуларга жооптору берилип турат.
2019- жылдын 9-ай ичинде Чүй айыл өкмөтүнүн өздүк чыгашасы – 22 329,8 млн жан киреше 26 634,6 сомду түздү:
№ | Аты | 2019ж | |
1 | Киреше салыгы | 13607,9 | |
2 | Бирдик салыгы | 110,7 | |
3 | Ыктыярдуу патент салыгы | 2083,8 | |
4 | Милдеттүү патент салыгы | 232,1 | |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 1140,1 | |
6 | Автоунаалар салыгы | 2443,1 | |
7 | Огород салыгы | 147,8 | |
8 | а/чарба жер салыгы | 1150,7 | |
9 | а/чарба жер салыгына кирбеген жерлер | 1379,8 | |
10 | Сатуудан тушкөн төлөмдөр | 2969,1 | |
11 | Роялти | ||
12 | Лицензия кармоо боюнча | 135,3 | |
13 | Айыл ичиндеги жерлердин ижара акысы | 506,6 | |
14 | Жайыт боюнча салыгы | 149,4 | |
15 | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | 371,3 | |
16 | Ижарага берилүүчү имараттар | 0 | |
17 | Таштандылардан түшкөн төлөмдөр | 0 | |
18 | Мам. Кызыкчылыгы үчүн | 15,0 | |
20 | Жергиликтүү түркүктү өнүктүрүү жана колдоого которуулар | 362 | |
22 | КР Каржы минист.кайтарып берүүчү акча каражаты | 158,2 | |
| Атайын эсеп | 2956,1 | |
| Баардыгы | 22 329,8 |
· Жумушчулардын эмгек маянасына - 5621,1 млн сом;
· Социалдык фондго которууларга - 751,5 миң сом;
· Байланыш кызматына – 65,3 миң сом;
· Электр энергиясына – 2652,2 миң сом;
· Жылуулук энергиясына – 2996,6 млн сом;
· Таза сууга - 272,2 миң сом;
· Кызматтык барууга – 61,9 миң сом;
· ККИ (таллон) - 130,0 миң сом.
· Майрамдар - 262,6 млн сом.
· Социалдык бөлүм – 45,0 миң сом.
· ГСМге-768,0 миң сом
· Тетиктерди сатып алууга-167,0 миң сом
· Кошумча чыгымдарга-2540.1 миң сом
· Оңдоо иштерине-324,4 миң сом
· Сатып алууга-259,5 миң сом
· Көмүр сатып алууга-306,9 миң сом
· Негизги каражаттарга -5068,0 миң сом.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнүн
2019 – жылдын 9 – айынын ичинде аткарылган иштери тууралуу.
Чүй айыйл өкмөтүнүн аскер учетко каттоо бөлүмүндө аскерге милдеттүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлердин саны 3 338 адамды түзөт.
Чүй айыл өкмөтүнүн аскер учеттук каттоо бөлүмүнөн 17 аскер кызматына милдеттүү жарандар жашаган жерин которгондугуна байланыштуу каттоодон чыгышкан, 23 аскер кызматына милдеттүү жарандар каттоодон өтүшкөн.
Жазгы чакыруунун негизинде аскер кызматын өтөөгө милдеттүү жарандарга чакыруу кагаздары таркатылып 5 аскер кызматына милдеттүү уландар чыныгы аскер кызматын өтөөгө жөнөтүлдү жана альтернативдик кызматты өтөөгө 36 улан чакырылды.
Ал эми жашы 25 жаштан өткөн кызмат өтөбөгөн жарандардын ичинен 2 киши РСК банкы аркылуу 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражатын төлөп, колдорунда аскердик күбөлүктөрүн алышты жана 3 киши акча каражатын бөлүп төлөп жатышат.
2019-жылдын 9 – айынын ичинде альтернативдик кызматтагы жоокерлерден мамлекеттин казынасына 370,0 миң сом акча каражаты төгүлдү.
Чүй айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-айынын киреше бөлүгү боюнча маалыматы.
Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын | Огород салыгы | Авто унаалар салыгы | ФПСтин айдоо жерлеринин ижара акысы | Бардыгы: | ||||||||||
факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % | факт | факт | % |
1004,0 | 994,1 |
| 100,0 | 107,0 |
| 1500,0 | 1673,8 |
| 300,0 | 291,6 |
| 2904,0 | 3066,5 | 105,6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Агрардык блок:
2019-жыл ичинде айыл өкмөтүндө айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 10 623 га түздү. Анын ичинен: айдоо жерлеринин аянты 3 460 га:
- Дыйкан чарба башчыларынын үлүш жерлери-3460га,
- Мамлекеттик фондусунун жерлери 313 га
- Жеке менчик укугундагы көп жылдык бактар-38га,
- Шагылдуу жерлер -27 га,
- Көп жылдык бактар-16га түзөт (бүгүнкү күндө сотто кароодо).
Мамлекеттик фондусунун 313 га айдоо жерлери 5 жылдык мөөнөт менен ижарачыларга берилип, бош калган жер аянттары жок.
Жайыт жерлеринин жалпы аянты 7082 га түзөт. Анын ичинен: тоодогу жайыттар 6079 га жана айыл четиндеги ички жайыттар 1003 га. 2019-жылдын 1-сентябрына карата айыл өкмөтү боюнча себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты жана орточо түшүмдүлүүгү жөнүндө маалымат.
Чүй айыл өкмөтү боюнча 2019 – жылдын түшүмүнө айдап себилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 2018 – жылга карата салыштырмалуу түзүмү:
Өсүмдүктөрдүн аталышы | 2018 – жылы себилген | 2019 – жылга себилди | 2017 -жылга карата (+, -) |
Себүү аянттары | 3638 | 3638 | 0 |
Баардык дан эгиндери | 1242 | 1253 | +11 |
а.и. буудай (баардыгы) | 223 | 226 | +3 |
Күздүк буудай | 95 | 102 | +7 |
Жаздык буудай | 128 | 124 | -4 |
Арпа (баардыгы) | 505 | 513 | +8 |
а.и күздүк арпа | 10 | 18 | +8 |
Жаздык арпа | 495 | 495 | 0 |
Жүгөрү | 504 | 504 | 0 |
Чанактуу дан өсүмдүктөрү (фасоль) | 10 | 10 | 0 |
Башка дан өсүмдүктөрү | - | - | - |
Май өсүмдүктөрү (соя, күн карама) | 4 | 4 | 0 |
Кант кызылчасы | 350 | 289 | -61 |
Клубника | - | - | - |
Таза беде | 15 | 15 | 0 |
Картошка | 245 | 233 | +12 |
Жашылчалар | 390 | 390 | 0 |
Соя | 246 | 246 | 0 |
А.и. көп жылдык чөптөр | 1146 | 1208 | +62 |
Бир жылдык чөптөр | - | - |
|
Силос үчүн жүгөрү | - | - |
|
Иштетилбей калган жерлер | - | - |
|