Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 3/2
“Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризация иштеринин жыйынтыгы жактырылсын. (Тиркеме эске алынсын).
2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ак-Суу айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: |
С.Барпиев |