Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-марты № 114
Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жер фондун бир жолку инвентаризациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 106 жана 109-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- 2014-2019-жылдар аралыгында республиканын жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзсүн, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан чарба субъекттеринин ортосундагы чек араларды белгилөө боюнча жумуштарды аткарсын;
- жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн бекитилген бюджеттин чегинде жыл сайын зарыл болгон каражаттарды караштырсын;
- айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан келип түшкөн каражаттарды жер фондун инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүү максатында пайдалануу жагын карасын жана сунуштарын берсин;
- "Айыл чарба көмөкчү кызматтарга колдоо көрсөтүү" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндөгү каражаттарды космостон сүрөткө тартуунун жогорку тактыктагы ортофотопландарын сатып алуу максатында пайдалануу маселеси боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- жыл сайын жер фондун инвентаризациялоонун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 77 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык республиканын жер фондун инвентаризациялоого көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 7-мартында № 16 жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |