Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
28-октябр 2020-жылы
№ 201-27 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Аламүдүн айыл аймагынын Аялдар кеңеши (мындан ары – аялдар кеңеши) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калктын жашоо турмушун камсыз кылган мекемелер жана уюмдар, Аламүдүн айыл аймагында иш жүргүзгөн коомдук уюмдар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта иштеген ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкарган, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат.
2. Аялдар кеңеши төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- коомдук иштерге аялдарды тартууга;
- аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын, энеликти жана балалыкты коргоого;
- Аламүдүн айыл аймагынын бардык жашоо чөйрөлөрүнө аялдардын бирдей катышуусун камсыз кылууга;
- Аламүдүн айыл аймагынын коомдук, социалдык жана маданий жашоосунда аялдардын ролун жогорулатууга;
- аялдардын жана алардын балдарынын ден соолугун сактоону камсыз кылууга;
- аялдардын энелик жана үй-бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна;
- жакыр үй-бүлөлөргө колдоо, балдарга, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.
3. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишин ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өзүн-өзү башкаруучулук, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерине негиздейт.
4. Коомдук уюмдун негизги иш формасы отурум болуп саналат. Аялдар кеңешинин отуруму кварталына 2 жолу өтөт.
5. Аялдар кеңешинин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ.
6. Жашына, билимине, социалдык абалына карабай Аламүдүн айыл аймагынын активдүү жашоочулары аялдар кеңешинин мүчөсү боло алышат.
7. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
II. Аялдар кеңешинин негизги максаттары
8. Аялдар кеңешинин иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
- аялдардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөнү сактоого;
- ар кандай себептерден улам жетимдикке туш болгон, ата-энесинин камкордугунан, руханий жулуулуктан ажыраган балдарды коргоого;
- аялдардын коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;
- жеке жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүнү айкалыштырууга;
- үй-бүлө статусун бекемдөөгө;
- улуттук жана руханий аң-сезимди калыбына келтирүүгө;
- Аламүдүн айыл аймагынын жашоочуларынын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, акыл-эс жана физикалык жактан өстүрүү үчүн шарттарды түзүүгө.
III. Аялдар кеңешинин милдеттери
9. Коюлган максаттарга жетүү үчүн аялдар кеңеши төмөнкү милдеттерди аткарат:
- коомдук ишке аялдарды активдүү тартуу;
- көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштук оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайган жарандарга материалдык жана моралдык жардам берүү;
- үй-бүлөлөк баалуулуктарды, сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо;
- үй-бүлөнү, энеликти бекемдөө, баланын укуктарын коргоо;
- Аламүдүн айыл аймагында жашаган калктын улуттук салттарын сактоо;
- улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу.
IV. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары,
алардын иш алып баруу компетенциясы
10. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, маданий баалуулуктарды жана салттарды сактоо максаты менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарына шайкеш муниципалдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө, аларга колдон келишинче катышууга;
- социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;
- аялдардын жана үй-бүлөнүн кызыкчылыктарына, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого тиешелүү тургундардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын карап чыгууга;
- социалдык маселелерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, муниципалдык бюджеттен каражат сурап алууга;
- Аламүдүн айыл аймагынын аялдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Аламүдүн айыл аймагынын коомчулугунун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын көңүлүн бурууга.
11. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Аламүдүн айыл аймагынын аялдарын коомдук иштерге тартууга, аларды көргөзмөлөрдү, концерттерди уюштурууга, кызыгуусуна жараша ийримдердин, семинарлардын ишине, башка муниципалдык иш-чараларды уюштурууга тартууга;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- талкууланып жаткан ар кандай маселе боюнча жеке оюн эркин билдирүүгө;
- кайрымдуулук иштерине катышууга;
- өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;
- жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өздөрүнүн ишинин формасын жана ыкмасын аныктоого;
- консультациялар үчүн адистерди тартууга;
- Аламүдүн айыл аймагындагы аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча анын сунуштарын кылдат карап чыгууга таянууга.
12. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ишинин компетенциясына төмөнкүлөр дагы кирет:
- Аялдар кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- төрайымды жана анын орун басарын тандоо;
- аталган уюм каалаган ишти жүзөгө ашыруу, бардык маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
V. Аялдар кеңешинин төрайымы
13. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал эми ал жок учурда анын орун басары:
- Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык түзүлүшүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдар кеңешинин кызыкчылыктарын коргойт;
- коомдук уюмдун ишин бекитилген иш планга ылайык уюштурат;
- Аялдар кеңешинин отурумун алып барат;
- уюмдун иши жөнүндө отчеттуулукту ишке ашырат;
- ЖМК аркылуу уюмдун иши жөнүндө калкты кабарландыруу укугуна ээ.
VI. Каттоого алынуучу документтер
14. Уюмдун каттоого алынуучу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Аялдар кеңешинин иш пландары;
- Аялдар кеңешинин отурумдарынын протоколдору;
- уюмдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
- аткарылган иштер жөнүндө отчеттор.
VII. Башка жоболор
15. Аялдар кеңеши пландарга ылайык иш алып барат, алар Аялдар кеңешинин отурумдарында бекитилет жана түзөтүлөт.
16. Аялдар кеңеши өзүнүн ишин туруктуу талдап турат, жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө калкка отчет берет.