Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-октябры № 201-27
Аймактык коомдук комитеттин жоболорун бекитүү жөнүндө
Аймактык коомдук комитет, аялдар кеңеши, жаштар иштери боюнча кеңеш жана аксакалдар соту жөнүндө жоболордун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын аймактык коомдук комитетинин, аялдар кеңешинин, жаштар иштери боюнча кеңештин жана аксакалдар сотунун жоболору бекитилсин.
2. Жогоруда аталган жоболор Аламүдүн айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жайгаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |