Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
28-октябр 2020-жылы
№ 201-27 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагынын
Жаштар иштери боюнча кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Аламүдүн айыл аймагынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) кеңеш берүүчү, коллегиялык жана консультациялык орган болуп эсептелет.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Аламүдүн айыл аймагында иштеген ишканалар, уюмдар, мекемелер, Аламүдүн айыл аймагынын жаштарынын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүү боюнча жаштар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында түзүлөт.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылууну Аламүдүн айыл өкмөтү ишке ашырат.
II. Кеңештин негизги милдеттери жана ишмердигинин багыттары
5. Кеңештин негизги милдеттери жана ишмердигинин багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
5.1. Аламүдүн айыл аймагынын жаштар саясатынын стратегиясы жана артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5.2. жаштар маселелери боюнча ишканалар, мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
5.3. жаштардын актуалдуу көйгөлөрүн чечүүдө Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин координациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;
5.4. жаштар маселелери боюнча Аламүдүн айыл аймагынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна сунуштарды талдоо жана даярдоо;
5.5. Аламүдүн айыл аймагынын жаштар иши боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программаларды ишке ашырууга катышуу;
5.6. жаштарды колдоо жана актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин талдоо;
5.7. жаштардын кызыкчылыктарын козгогон социалдык колдоо маселелерин жана башка маселелерди чечүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
5.8. Кеңештин иш жүргүзүү чөйрөсүнө тиешелүү илимий изилдөөлөрдү уюштурууга, маалыматтык, методикалык жана башка материалдарды даярдоого катышуу;
5.9. Кеңештин жана аны менен өз ара аракеттенген уюмдардын иши жөнүндө калкка маалымат берүү.
III. Кеңештин жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6. Аталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
6.1. өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана башка документтерди Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, муниципалдык ишканалардан жана мекемелерден, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдардан суроого;
6.2. жетекчилер менен макулдашуу боюнча Кеңештин ишин жүргүзүүгө тиешелүү маселелерди иштеп чыгууга Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга;
6.3. Кеңештин отурумуна мамлекеттик органдардын, Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Аламүдүн айыл аймагында иштеген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилерин жана өкүлдөрүн чакырууга;
6.4. белгиленген тартипте Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик бийликтин аймактык органдарына жана коомдук уюмдарга өз ишин жүргүзүү маселелери боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүүгө;
6.5. Кеңештин ишин жүргүзүүгө тиешелүү маселелер боюнча жарандардын жана уюмдардын сунуштарын карап чыгуу үчүн кабыл алууга;
6.6. Кеңешти отурумуна сунуштарды даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
6.7. кабыл алынган чечимдер жөнүндө Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарландырууга.
7. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
7.1. Кеңеште өз ишин алар өкүлү болгон уюмдардын Уставдарына жана Жоболоруна, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырууга;
7.2. Кеңештин отурумдарына катышууга.
IV. Кеңештин курамы жана иш тартиби
8. Кеңеш төмөнкүлөрдөн турат:
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн;
- жаштар бирикмелеринин жана топторунун өкүлдөрүнөн;
- Аламүдүн айыл аймагындагы ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн.
Кеңештин курамына кирүү үчүн Аламүдүн айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысынын атына ишкананын, уюмдун, бирикменин жетекчиси тарабынан кол коюлган өтүнүч кат жөнөтүлөт. Кеңештин жеке курамы Аламүдүн айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет. Кеңештин курамы Кеңештин төрагасын кошкондо 9 адамдан ашпайт. Андан ары анын курамынан Кеңештин мүчөлөрүн чыгаруунун жана Кеңешке жаңы мүчөрдү кабыл алуунун эсебинен Кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
9. Кеңештин төрагасы болуп Аламүдүн айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары саналат. Кеңештин катчысы Аламүдүн айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат жана Кеңештин мүчөсү болуп эсептелбейт.
10. Кеңештин курамынан чыгаруу Кеңештин төрагасынын буйругу менен төмөнкү негиздер боюнча ишке ашырылат:
- Кеңештин мүчөсүнүн жеке арызы;
- Кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алуу өтүнүч каты;
- Кеңештин мүчөсүнүн Кеңештин отурумдарына жана ишине дайыма катышпоосу;
- өкүл болгон уюмдун курамынан Кеңештин мүчөсүнүн чыгуусу.
11. Кеңеш өз ишин отурум формасында ишке ашырат, ал планга ылайык кварталына кеминде эки жолу өткөрүлөт.
Эгер отурумдун ишине Кеңештин үчтөн бири катышса, аны өткөрүүгө укуктуу деп эсептелет. Кеңештин отурумдары ачык болуп саналат.
12. Кеңештин отурумунун күн тартибин Кеңештин төрагасы жана катчысы жылдык планга жана кошумча маселелерге ылайык түзүшөт. Кеңештин жылдык иш планы ошол жылдын акыркы отурумунда Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен түзүлөт. Кеңештин отурумунда карап чыгууга маселелерди даярдоону катчы, Кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ же комиссия ишке ашырат.
13. Карала турган маселелер боюнча чечим “ооба”, “каршы” же “калыс” деген ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
Эгер чечимге катышкандардын кеминде жарымы добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет. Добуш берүү тең чыккан учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
14. Кеңештин чечими катчы жүргүзгөн протокол менен таризделет. Протоколго жана Кеңештин чечимине Кеңештин төрагасы жана катчысы кол коёт.
15. Кеңештин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ жана Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын чечимдерин, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилеринин буйруктарын даярдоодо пайдаланылышы мүмкүн.
16. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
V. Башка жоболор
17. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча киргизилет жана Кеңеш жана Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.