Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-июну № 5-28
Туруктуу депутаттык комиссиялар жөнүндө
Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Туруктуу депутаттык комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн отурумударында туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагасын шайласын.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
2021-жылдын 5-июнундагы
№ 5 токтом менен бекитилген
Аламүдүн айылдык кеңешинин
туруктуу депутаттык комиссиялары
1. Экономика, бюджет жана финансы боюнча депутаттык комиссия
- Томпошев Б. Т.
- Садыкова А. Н.
- Исагалиев М. С.
- Джумалиев А.О.
2. Өнөр жай, соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, коммуникация, курулуш, архитектура, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча депутаттык комиссия
- Ашиев Н.Т.
- Баккожоев А.К.
- Кожобеков К.М.
- Кочкорова М.А.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча депутаттык комиссия
- Орунтаева Т.К.
- Шуревич Л.И.
-Абдылдаев И.Б.
4. Билим берүү, маданият, жаштар жана гердердик саясат жана спорт боюнча депутаттык комиссия
-Жээнбаев М.А.
-Асыкбеков А.Э.
-Шмидт Н.А.
-Носкова Л.Е.
5. Мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, адам укуктары, этика жана регламент боюнча депутаттык комиссия
- Алиев Х.К.
- Исакунова С.Ж.
- Скрипникова Е.М.
- Губин А.Д.