Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 6-28
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Электрондук китепканасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Электрондук китепканасы жөнүндө жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Электрондук китепканасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
2021-жылдын 02-июлундагы
№6-28 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Электрондук китепканасы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн электрондук китепканасын (мындан ары – “Электрондук китепкана”) түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн Электрондук китепканасы – бул Аламүдүн айыл аймагынын электрондук маалымат-китепкана ресурсун топтоого, сактоого жана колдонууга арналган комплекстүү маалымат тутуму.
II. Электрондук китепкананын максаты жана милдеттери
3. Электрондук китепкананы түзүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- Аламүдүн айыл аймагынын калкын китепканалык тейлөөнүн жаңы, сапаттуу деңгээлин түзүү, маалымат берүү аркылуу алардын билим алуу, маданий жана эс алуу кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу;
- Аламүдүн айыл аймагынын маалыматтык коомдоштугун түзүү;
- китепкана технологияларын модернизациялоо.
4. Электрондук китепкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Электрондук китепкананын маалымат-китепкана ресурстарын чогултуу жана сактоону уюштуруу (каталог түзүү, документтерди электрондук формага которуу ж.б.);
б) Электрондук китепкананын маалымат-китепкана ресурстарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
в) Электрондук китепкананын маалымат-китепкана ресурстарына телекоммуникациялык тармактар аркылуу жетүүнү камсыз кылуу;
г) Электрондук китепкананын китепканалык тейлөөсүнүн сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатуу;
д) Электрондук китепкананын маалымат-китепкана ресурстарын дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграциялоо;
е) китепкана фондунун сакталышын жана физикалык жактан бузулушун алдын алуу;
ё) ыңгайлуу маалымат-издөө тутумун жана натыйжалуу навигацияны камсыз кылуу.
III. Электрондук китепкананын
маалымат-китепкана фондун түзүү
5. Электрондук китепкананын маалымат-китепкана фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен топтолот:
- маалымат-китепкана ресурстарын сатып алуунун (китеп менен соода кылган уюмдар жана басмаканалар, электрондук басылмаларды жана документтерди жеткирүүчүлөр ж.б. аркылуу);
- мезгилдүү басма сөзгө жазылуунун;
- китепканалар ортосундагы китеп алмашуунун;
- басылмаларды жана башка маалымат-китепкана ресурстарын бекер алуунун, анын ичинде белекке кабыл алуунун;
- жеке маалымат-китепкана ресурстарынын.
6. Электрондук китепкананын маалымат-китепкана фонду төмөнкүлөрдү камтыйт: - Электрондук китепкананын бардык маалымат-китепкана ресурстары жөнүндө маалыматты камтыган электрондук каталогду;
- китепкана фондунда сакталган мезгилдүү басма сөз каражаттарынын электрондук аналогдорун (версияларын);
- китепкана тарабынан электрондук формада сатылып алынган электрондук басылмаларды жана документтерди (китептер, окуу китептери, монографиялар, көркөм жана башка адабияттар ж.б.);
- кызматтык тапшырманы аткаруу тартибинде китепкана кызматкерлери тарабынан түзүлгөн электрондук ресурстарды;
- лицензиялык жана укуктук тазалыгы белгиленгенден кийин Интернетте эркин берилген электрондук басылмалар;
- китепкана тарабынан түзүлгөн жана сатылып алынган библиографиялык жана толук тексттүү маалымат базаларын;
- китепкана кызматкерлеринин электрондук басылмаларын.
IV. Электрондук маалымат-китепкана ресурстарын
даярдоого жана иштеп чыгууга жалпы талаптар
7. Электрондук маалымат-китепкана ресурстары маалымат-китепкана иши жаатындагы форматтарга жана талаптарга, ошондой эле Электрондук китепкананын ички регламенттеген документтерине ылайык даярдалышы, иштелип чыгышы жана архивделиши керек.
8. Электрондук маалымат-китепкана ресурстары түрдүү электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө кабыл алынат. Интернет тармагында электрондук маалымат-китепкана ресурсунун жайгашкан жерин көрсөткөн шилтемени (тармактык дарек) берүүгө жол берилет.
9. Электрондук маалымат-китепкана ресурстары Аламүдүн айыл өкмөтүнүн серверине жайгаштырылат.
10. Электрондук маалымат-китепкана ресурстарынын сакталышы, зыяндуу программалык камсыздоодон жана санкцияланбаган көчүрүүдөн коргоо тармактын жалпы коопсуздугунун механизмдери менен камсыз болот.
V. Электрондук китепканага кирүү тартиби
11. Электрондук китепканага кирүү тартиби Электрондук китепкананын ички регламенттеген документтери менен жөнгө салынат.
12. Электрондук китепкананын материалдарын автордук укуктун талаптарына сактоо менен коммерциялык эмес максаттарда гана пайдаланууга уруксат берилет.
13. Электрондук китепканага жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды, мамлекеттик сырды камтыган экстремисттик мүнөздөгү маалыматка коюлган чектөөлөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка чектөөлөрүн сактоо менен ишке ашырылат.
VI. Электрондук китепкананын ишин уюштуруу
15. Электрондук китепкананын ишин жетектөөнү Электрондук китепкананын башчысы ишке ашырат.
16. Электрондук китепкананын башчысы:
- Электрондук китепкананын ишин уюштурат, пландаштырат жана контролдойт;
- Электрондук китепкананын ишин Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка муниципалдык мекемелер менен координациялайт;
- башка китепкана мекемелеринин электрондук китепканалары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- Электрондук китепкананын кызматкерлеринин квалификациясын жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.
17. Электрондук китепкананы маалыматтык, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо Аламүдүн айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат.