Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июлу № 14-28
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин жооптуу катчысы жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык кеңештин жооптуу катчысы административдик муниципалдык бош кызмат ордуна иштөөгө айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин бирине айлык маянасы 8 (сегиз) миң сом өлчөмүндө эмгек келишими боюнча функционалдык милдеттерин аткарууну жүктөөгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |