Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 29-декабры № 298/38-4
Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Токмок ш.мэриясынын берилген материалдарын карап чыгып, 2020-жылдын 6-майындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтʏнʏн “Ишкердик субъекттердин экономикалык активдʏʏлʏгʏн калыбына келтирʏʏ жана ишине колдоо көрсөтʏʏ боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтʏнʏн 2020-жылга иш аракеттери жѳнүндѳ” буюрмасынын 14-пунктунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу, Токмок шаарынын жеке ишкерлерин ижара төлөмʏнөн бошотууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигини Чʏй башкармалыгы жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бөлʏгʏнʏн планын аткарууда жылдын жыйынтыгы менен 807 670 суммасындагы жоготуулар эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |