Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 6-майы № 162-б
COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономика секторлорунун жана ишкердик субъекттердин ишин калыбына келтирүү жана камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ишкердик субъекттердин экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүү жана ишине колдоо көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жума сайын берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү Пландын аткарылышына жума сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүп, аны аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жума сайын берип турсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Ишкердик субъекттердин экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүү жана ишине колдоо көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга иш-аракеттер ПЛАНЫ
№ | Иш-чара | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы |
Ишкердик субъекттерге финансылык жана фискалдык колдоо көрсөтүү чаралары | ||||
1 | Ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү максатында ички жана тышкы булактардан 14,0 млрд. сомдон кем эмес өлчөмдө каражат тартуу аркылуу, ал эми алгачкы этапта, 2021-жылдын аягына карата 40,0 млрд. сомго жеткирүү менен Кризиске каршы фондду түзүү | ФМ, ЭМ, макулдашуу боюнча: КРУБ, КРӨФ, коммерциялык банктар | 15-май | ФМ чечими |
2 | Ишкердик субъекттерге жеңилдетилген финансылык колдоо көрсөтүү жана ишканалардын иштешине дем берүү программасын бекитүү | ЭМ, ФМ | 20-май | КР Өкмөтүнүн чечими |
3 | Ишкердик ишти ачык-айкын эсепке алуунун жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн автоматташтырылган системаларын (ККМ-онлайн, ЭСФ) киргизүү шартында чакан жана орго ишкердик субъекттер үчүн жеңилдетилген кредиттерди киргизүү' | ЭМ, ФМ, макулдашуу боюнча: КРӨФ, коммерциялык банктар | Туруктуу негизде | Практикалык иш-аракеттер |
4 | Өндүрүштүк чөйрөгө төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредит берүү: - экспортко багыт алуу жана импортту алмаштыруу; - азык-түлүк коопсуздугу; - инфекциянын жайылышын алдын алуу менен байланышкан медициналык буюмдарды жана коргоо каражаттарын өндүрүү | ЭМ, ФМ, макулдашуу боюнча: КРӨФ, коммерциялык банктар | Туруктуу негизде | Практикалык иш-аракеттер |
5 | Региондук долбоорлорго, анын ичинде региондук маанидеги кластерлерге кирген долбоорлорго жеңилдетилген кредит берүү | ЭМ, ФМ, макулдашуу боюнча: КРӨФ, коммерциялык банктар | Туруктуу негизде | Практикалык иш-аракеттер |
6 | Өзүн иш менен камсыздаган, экономикалык оор кырдаалга кабылган калкка бизнести өнүктүрүү жана көмөкчү чарба уюштуруу үчүн күрөөсүз негизде жеңилдетилген чакан кредит берүү | ЭМ, ФМ, макулдашуу боюнча: КРӨФ, коммерциялык банктар | Туруктуу негизде | Практикалык иш-аракеттер |
7 | Кепилдиктерди берүүнү кеңейтүү, чакан жана орто ишкердик субъекттерди кредиттик жана башка финансы ресурстары менен камсыздоо үчүн 1 млрд. сом суммасына "Кепилдик фонду" ААКны капиталдаштыруу | ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), ММБФ, Финкөзөмөл, КФ (макулдашуу боюнча) | 15-май | КР Өкмөтүнүн чечими |
8 | Региондорду өнүктүрүүнү каржылоо үчүн кредиттик аукциондордун алкагында мурда берилген 1,0 млрд. сомдун тегерегиндеги суммага, 2020-жылы аяктай турган кредиттердин төлөө мөөнөтүн узартуу КРУБга сунушталсын | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 12-май | КРУБдун чечими |
9 | Кредиттерди башкаруу процессин оптималдаштыруу, ресурстарды жаңы кредит берүүгө багыттоо жана көйгөйлүү кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү үчүн банктардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын жумшартуу боюнча кошумча чараларды көрүү КРУБга сунушталсын | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 15-май | КРУБдун чечими |
10 | ӨК/ӨА киргизилген мезгилде экономикалык/жеке ишкердик иш (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөр) болбогон убакытта салыктык контракттардын милдеттенмелерин кайра карап чыгуу | ЭМ, МСК | 11-май | КР Өкмөтүнүн чечими |
11 | Милдеттенмелердин негизги суммасы төлөнгөн шартта туумдарды жана айып пулдарды толугу менен жоюу аркылуу 2020-жылдын 1-мартына чейин салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча топтолгон карызды төмөнкүдөй мөөнөттөргө чейин кайра түзүмдөштүрүү: - 2021-жылдын 1-январына чейин - 100%; - 2021-жылдын 1-июлуна чейин - 50% | ЭМ, МСК, СФ | 1-июнь | КР Мыйзамы |
12 | Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестициялана турган капиталдын легалдаштырылуучу суммасына кандайдыр бир төлөмдөрдү, салыктарды жана айыптарды албастан бошотуу жана мүлктүн сакталышына кепилдик берүү менен капиталды жана мүлктү легалдаштыруу | ЭМ, ФМ, МСК, КРУБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, Финчалгындоо | 1-июль | КР Мыйзамы |
13 | ӨК/ӨА киргизилген мезгилде иштер токтотулган учурда жана иш кайрадан жандандырылган кийин бир айга мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча бардык келишимдердин негизиндеги ижара акысын төлөөдөн бошотуу | ММБФ, КРПӨИБ, министрликтер жана ведомстволор | 15-май | Буйрук кат, мамлекеттик органдардын чечимдери |
14 | ӨК/ӨА киргизилген мезгилде иштер токтотулган учурда жана иш кайрадан жандандырылган кийин бир айга муниципалдык мүлктү ижарага алуу боюнча бардык келишимдердин негизиндеги ижара акысын төлөөдөн бошотуу ЖӨБ органдарына сунуштоо | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 15-май | Жергиликтүү кеңештердин чечимдери |
15 | КР Соода-өнөр жай палатасына 2021-жылдын 1-январына чейин форс-мажордун жагдайларын текшерүүгө акы төлөөнүн суммасын жана КР СӨПтүн ишкердик субъекттерге форс-мажор боюнча сертификат берүүгө акы төлөөнүн суммасын төмөнкү категориялар боюнча азайтуу сунушталсын: - чакан ишкердик субъекттер (8 млн. сомго чейин) үчүн - 90%га; - орто ишкердик субъекттер (30 млн. сомго чейин) үчүн - 70%га; - ири ишкердик субъекттер (30 млн. сомдон ашык) үчүн - 50%га | КР СӨП (макулдашуу боюнча), ЭМ | 12-май | КР СӨПтүн чечими |
Административдик колдоо көрсөтүү чаралары | ||||
16 | Санитардык ченемдерди, дезинфекциялоону киргизүү менен өндүрүш, кызмат көрсөтүүлөр жана соода секторлорунун ишин этабы менен жандандыруу графигин бекитүү | КРӨА, ЭМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ | 11-май | Коменданттын чечими, КР Өкмөтүнүн чечими, маморгандардын чечимдери |
17 | Бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо аркылуу КР менен КЭРдин ортосундагы товар жүгүртүүнү жандандырууну камсыздоо | ТИМ, ЭМ, ТЖМ, МБК, МЧК, ССМ | 21-май | Практикалык иш-аракеттер |
18 | Бюджет түзүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоону контролдоо жана мониторингдөө (кураторлук) механизмин ишке киргизүү | ЭМ, АЧТӨММ, ӨЭЖМК, КРӨ облустардагы ЫУӨ | 11-май | Практикалык иш-аракеттер |
19 | Жумушсуз жарандарды убактылуу иш менен камсыздоо (аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, мектептерди, бала бакчаларды, саламаттык сактоо, маданият жана спорт мекемелерин ремонттоо, эмгек иштин башка түрлөрү) | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРӨ облустардагы ЫУӨ, министрликтер жана ведомстволор | Туруктуу негизде | Практикалык иш-аракеттер |
20 | Окутуу мезгилинде стипендия төлөп берүү менен жумушсуз жарандардын квалификациясын жогорулатууну, даярдоону жана кайра даярдоону акысыз уюштуруу | ЭСӨМ, КТБА, ФМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Туруктуу негизде | Практикалык иш-аракеттер |
21 | Кыргыз Республикасынын экономикасын кризистен кийин калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу | ЭМ, ФМ, ТИМ, ӨЭЖМК, АЧТӨММ, ЭСӨМ | 20-июнь | КР Өкмөтүнүн чечими |