Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 7-сентябры № 277/35-4
Токмок шаарынын Гагарин көчөсү 67, агро өнөр-жай колледжинин аймагында жайгашкан аянты 675 ч.м. болгон жер тилкесин мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин “Агро өнөр-жай колледжинин аймагында жайгашкан аянты 675 ч.м. болгон жер тилкесин мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле, Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Гагарин көчөсү 67, агро өнөр-жай колледжинин аймагында жайгашкан аянты 675 ч.м. болгон жер тилкесин мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |