Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы (V чакырылышы)
2020-жылдын 18-декабры № 4
«Исфана шаарынын аймагындагы “Исфана” аэропортуна
улуу инсан Исхак Раззаковдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын аймагындагы “Исфана” аэропортуна улуу инсан Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесинин урматына карата ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобонун 1-2 бөлүмдөрүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагында жайгашкан “Исфана” аэропортуна улуу инсан, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл баатыры Исхак Раззаковдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий cайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |