Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-августу № 467
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы №11,2009-жылдын 25-декабрындагы №805, 2010-жылдын 24-декабрындагы № 339, 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 263, 2014-жылдын 27-августундагы № 488, 2016-жылдын 16-февралындагы № 69, 2016-жылдын 2-мартындагы № 97, 2018-жылдын 27-февралы №111, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби;
- Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аттарын латын алфавитинин тамгалары менен берүү жөнүндө жобо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, физика-географиялык объекттерине ат берүүнү, атын өзгөртүүнү тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-сентябрындагы N 445 токтому;
- "Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө" Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы N 108 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" N 108 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-октябрындагы N 539 токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
И.Айдаралиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 339, 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 263, 2014-жылдын 27-августундагы № 488, 2016-жылдын 16-февралындагы № 69, 2016-жылдын 2-мартындагы № 97 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тармактык экономиканы каржылоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо имститутунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын геодезиялык көзөмөлдөө жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология жана маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги.