Загрузка документа…
2021-жылдын 22-январындагы № 308/39-4 Токмок шаардык кенешинин токтомуна ылайык күчүн жоготту
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 7-сентябры № 274/35-4
«Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын биринчи вицэ-мэри К.К.Чотбаевдин «Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү Жобосу бекитилсин.
2. Курулуп жаткан - 100 батир, төрт батирлүү 25 үй объектилердин пайдалануу түрү «Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фонду болуп эсептелсин.
3. Курулуп жаткан - 100 батирден турган төрт батирлүү 25 үй объектилер, 1- тигүүчү цехи, 1 дүкөнү, 1-футболдук аянтчасы, 1- мечит жеке жана юридикалык жактарга
сатууга, менчикке берүүгө жана тартуулого болбойт деп эсептелинсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |