Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXIХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 22-январы № 308/39-4
«Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү» Жобосун бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын биринчи вицэ-мэри К.К.Чотбаевдин «Келечекте курула турган божомолдуу курулуш объектисин, Токмок шаары Парковая көчөсүндөгү «Токмок шаарынын адистештирилген турак жай Социалдык шаарчасы» долбоору катары белгилөө” жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, жана ошондой эле Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык жана, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуп жаткан — 100 батирден турган төрт батирлүү 25 үй объектилердин пайдалануу түрү «Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фонду болуп эсептелсин.
2. Токмок шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №274/35-4 токтому жокко чыгарылсын.
3. «Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү» Жобосу бекитилсин.
4. Курулуп жаткан — 100 батирден турган төрт батирлүү 25 үй объектилер, 1- тигүүчү цехи, 1 дүкөнү, 1-футболдук аянтчасы, 1- мечит жеке жана юридикалык жактарга
сатууга, менчикке берүүгө жана тартуулого болбойт деп эсептелсин.
5. Токмок шаарынын адистештирилген турак жай фонду боюнча комиссия Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө «Социалдык шаар» долбоору боюнча батир алуу үчүн жарандардын алдын ала тизмесин 2021-жылдын 31-мартына чейин Токмок шаардык кеңешине бекитүүгө жөнөтсʏн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеӊешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |