Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXIХ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 22-январы № 304/39-4
Токмок шаарынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы Г.Т.Жумалиеванын “Токмок шаарынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2021-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 267 224,8 миң сом суммасында (анын ичинде: бюджеттик каражаттар-245091,2 миӊ сом, атайын каражаттар-22133,6 миӊ сом), 2022-жылга болжол -273 562,2 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар-251 428,6 миӊ сом, атайын каражаттар-22133,6 миӊ сом), 2023-жылга – 278 885,6 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар-256752,0 миӊ сом, атайын каражаттар-22133,6 миӊ сом), (№1, №2, №2/1 тиркемелерге ылайык) жана 2021-2023-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (№3 тиркеме) бекитилсин.
2.2021-жылдын жана 2022-2023-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондго чегерүү, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну ошондой эле шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздарын жабууга каржылоо белгиленсин.
3.Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2021-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин. 4.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.):
- Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;
- шаардык жергиликтүү бюджеттин аткаруунун жүрүшүндө, шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп-түзөөгө уруксат берилсин;
- 2021-бюджеттик жылдын ичинде 2020-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн;
- шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кызматтык муктаждык пайда болгон учурда, шаардык бюджеттин каражатын алуучулардын сунушу боюнча, бөлүмдүн ичинде (кызмат акыдан, Социалдык фондго чегерүүдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталга, чыгашалар бөлүмүнүн бөлүмүнө бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Токмок ш. мэринин кайрылуусунун негизинде, шаардын мэриясынын буюрмасы, бөлүнгөн сметалык ассигнованиянын чегинде каралган, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда карап чыгуу киргизилсин;
- Токмок ш. мэрине Токмок ш. мэриясынын буюрмасына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине ылайык, бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелерин чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосундагы жана ар бир башкы башкаруучуга (башкаруучуга, алуучуга) өз-өзүнчө бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын жыйынды көлөмүнүн белгиленген лимиттин (5 пайыздан ашпашы керек) чегинде бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу укугу берилсин;
- шаардын жергиликтүү бюджетинин аткаруусунун жүрүшүндө зарылчылык пайда болгон учурда, белгиленген лимиттен ашканда (5 пайыздан), чыгашалар бюджеттик ассигнованиелерин бөлүмдөн-бөлүмгө жылдыруу Токмок ш. мэринин кайрылуусунун негизинде, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда каралгандан кийин, шаардык кеңештин сессиясында бекитилүүсү менен жүргүзүлсүн.
5.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына (Жумалиева Г.Т.) шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурларда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушун Токмок ш. мэриясынын буюрмасына ылайык бекитүүгө Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизүү укугу берилсин. Түшкөн каражаттар биринчи кезекте 2020-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи кезекте каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
6.Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы (Ниязалиев М.М.) тарабынан:
- экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
7.Токмок ш. ММБнын башчысы (Макешев М.К.) тарабынан:
- шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
8.Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн 6 штаттык бирдиги менен штаттык санын каржылоого каражат каралсын. Кызматкерлерди каржылоо “Токмок шаарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмү” жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлсүн.
9.Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемесин 10 штаттык бирдиги менен штаттык санын каржылоого каражат каралсын.
9.1.2021-жылдын 1-январынан тартып “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын ала алуу жана мамсанэпидем көзөмөл Департаментинин корутундусуна ылайык кызматтык маянасына 20% өлчөмүндөгү ай сайын берилүүчү үстөк акы белгиленсин.
9.2.“Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемеси (Джусупова А.С.) коммуналдык көрсөтүүлөргө акы төлөө (суу үчүн акы, электр энергиясы жана көмүр сатып алуу) атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
10.Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен Токмок шаарынын кварталдык комитеттерине түзүлгөн эмгек келишимге ылайык кызмат акысын төлөөгө каражат каралсын.
11.Төмөнкү кызматкерлердин кызмат акысына тамак-аш, жол кире, турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү компенсациялык төлөмдөр 8000 сом өлчөмүндө белгиленсин:
- Токмок ш. мэриясынын;
- Токмок шаардык кеңешинин;
- Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын.
11.1.Токмок ш. дене тарбия жана спорт комитетинин инстурктор (шаардык спорттук мелдештерди уюштуруу жана өткөрʏʏ боюнча) кызматкердин кызмат акысына тамак-аш, жол кире, турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү компенсациялык төлөм 8000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
11.2.Билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү үстөк акы 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
11.3.Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин кызмат акысына турак-жай – коммуналдык кызмат көрсөтүүгө ай сайын берилүүчү үстөк акы 3500 сом өлчөмүндө белгиленсин.
12.Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар комбинатынын кредитордук карызын жабууга 2000,0 миӊ сом каражат каралсын.
13.Кирешелердин кошумча булактары табылган учурда, бюджеттик каражатттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, киреше бөлүмүн ашыра аткаруу болгон учурларда шаардын жергиликтүү бюджетинен Токмок ш. мэриясынын, Токмок шаардык кеңешинин, Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине ар бир кызматкердин салымын жана ишинин жыйынтыктарына жараша сый акы, материалдык жардам жана коммуналдык кызматтар үчүн компенсациялык төлөмдөр Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечими боюнча каралсын.
14.Шаардык жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилген 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
15.Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
16.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
17.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн өлчөмү 1% чейин түзүлсүн (1000,0 миң сом).
18.Шаардын бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок ш. мэрине (Амангельдиев Д.Дж.) жүктөлсүн.
19.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т. А. Солтобаев |