Загрузка документа…
|
|
Токмок шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 22-январындагы №308/39-4 токтомуна №1-тиркеме |
|
Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан «Социалдык шаарча» долбоору боюнча Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Токмок шаарынын мэриясы менен «АС-САФА Борбору» коомдук бирикмесинин ортосундагы түзүлгөн Меморандумга ылайык түзүлгөн, Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан «Социалдык шаарча» долбоору боюнча (мындан ары-Социалдык шаарча) Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан жарандарга турак-жай (батир) бөлүп берүү принциптерин аныктайт.
1.2. Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай үйлөрү социалдык жактан коргоого муктаж болгон айрым категориядагы жарандарга арналган.
1.3. Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жайлары Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү Социалдык шаарчасында жайгашкан төрт батирлүү 25 үйдүн бирөсүнөн өзүнчө батир катары берилет.
2. Турак-жай бөлүп берүү тартиби
2.1. Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан «Социалдык шаарчасынан» батир бөлүп берүү боюнча арыздар, Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун батирлерин бөлүп берүү боюнча Токмок шаарынын мэриясынын буюрмасы менен түзүлгөн атайын комиссиясы тарабынан каралат.
2.2. 2021-жылдын 10-мартына чейин Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун батирлерин бөлүп берүү боюнча комиссиясы тарабынан Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарчасынан» батир алуу боюнча жарандардын толук Тизмеси түзүлүп, жыйынтыктап бекитүү үчүн Токмок шаардык кеӊешинин сессиясында кароо үчүн жөнөтүлөт.
2.3. Токмок шаарынын мэриясынын турак-жай бөлүп берүү жөнүндөгү буюрмасы Токмок шаардык кеӊешинин токтомунун негизинде чыгарылат.
2.4. Токмок шаарынын мэриясынын адистештирилген турак-жай фондунун батирин бөлүп берүү жөнүндөгү токтому чыккандан кийин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен жарандын ортосунда жалдоо келишими түзүлөт.
2.5. Токмок шаарынын мэриясы менен «АС-САФА Борбору» коомдук бирикмесинин ортосундагы түзүлгөн Меморандумга ылайык, Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан «Социалдык шаарчасынан» батир алууда өзгөчө укука ээ болгондор:
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган жана өзүнүн багуусунда бир же андан көп жашы жетелек балдары бар жесир аялдар;
- өзүнүн багуусунда эки жана андан көп жашы жетелек балдары бар жесир аялдар же эки жана андан көп жашы жетелек балдарды тарбиялоодогу жалгыз бой энелер билим берүү кызматынын беш жумушчусу;
- өзүнүн багуусунда эки жана андан көп жашы жетелек балдары бар жесир аялдар же эки жана андан көп жашы жетелек балдарды тарбиялоодогу жалгыз бой энелер медицина кызматынын беш жумушчусу;
Ушул Жобо бекитилген учурда, билим берүү жана медицина кызматкерлерине учурдагы жумуш ордунда жана ошондой ле Токмок шаарында аталган тармактарда беш жылдан кем эмес эмгектенген болуусу милдеттүү шарт болуп эсептелет.
Ушул Жобо бекитилген учурда, билим берүү жана медицина кызматкерлерине Токмок шаарында беш жылдан кем эмес жашоосу жетиштүү болот, ошол эле учурда, каттоонун мааниси жок.
- Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан «Социалдык шаарчасынан» он батирдин бир батирин алуу үчүн, төрттөн кем эмес балдары менен оор турмуш шартында жашаган үй-бүлөлөр, бир же андан көп мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үч баладан кем эмес үй-бүлөлөр, жетим балдарды камкордукка алган үй-бүлөлөр же туугандарынын жетим балдарын багып жана тарбиялаган үй-бүлөлөрдүн укугу бар. Ошол эле учурда, Токмок шаарында беш жылдан кем эмес каттодо турак-жайы же жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкеси жокторго жана ушул Жобо бекитилген учурда акыркы беш жылда турак жай кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча келишими түзүлбөгөндөргө, ушул Жобо бекитилген учурда Токмок шаарында беш жыл үзгүлтүксүз катталган же жашаганы кем эмес жарандарга.
2.6. Эгерде, Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун батирлерин ушул Жобонун 2.5. пунктунда көрсөтүлгөн жарандарга бөлүп берүүдөн кийин, бош батирлер калган учурда, анда бөлүп берүү жарандардын төмөнкү категориясына жүргүзүлөт:
- өзүнүн багуусунда эки жана андан көп жашы жетелек балдарды, ошонун ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген баланы тарбиялоодогу жалгыз бой энелер;
Бул учурда, баланын атасы менен никени бузуу күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.
Балдардын атасы жок учурда, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөгү атасы деген графада тилке болушу тийиштүү.
2.7. Ушул Жобонун 2.5. жана 2.6. пунктарында көрсөтүлгөн жарандарга (билим берүү жана медицина кызматкерлеринен тышкары) Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун батирлерин бөлүп берүүсү, Токмок шаарында беш жылдан кем эмес каттодо турак-жайы же жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкеси жокторго жана ушул Жобо бекитилген учурда акыркы беш жылда турак жай кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча келишими түзүлбөгөндөргө, ушул Жобо бекитилген учурда Токмок шаарында беш жыл үзгүлтүксүз катталган же жашаганы кем эмес жарандарга. Ошол эле учурда, Парковая көч. «Социалдык шаарчасынан» батирлерди алууда Токмок шаарында катталгандар артыкчылык укукка ээ.
2.8. Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунан батир алуу үчүн керектелүүчү документтер:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- күйөсүнүн өлгөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- жашаган жеринен жана үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалымкат;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси тарабынан бекитилген, жашоо шарттарын текшерүү актысы;
- бирдиктүү мамлекеттик реестрден аны менен кыймылсыз мүлккө укуктуу мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдардан, анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн колдонуудагы же башка колодонууда болгон кыймылсыз мүлккө укуктары жөнүндө маалымкат;
- баланын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин аныктаган медициналык социалдык эксперттик комиссиясынын маалымкатынын көчүрмөсү;
- никени бузуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүү);
- чындыгында жашаган жеринен бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы сүрөтү (ошондой эле электрондук түрдө).
2.9. Жарандар,ошондой эле кызмат адамдар жалган маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
Жаранга турак-жайын берүү жөнүндө мурда белгисиз болгон жагдай аныкталып, турак-жай алуунун чечимине таасир берсе, Комиссиянын чечими кайрадан каралышы мүмкүн.
3. Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарча» долбоорунун алкагындагы Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фонду боюнча комиссиясынын курамы жана милдеттери
3.1. Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарча» долбоору боюнча Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү боюнча комиссиясынын (мындан ары-Комиссия) курамына кирет:
-Комиссиянын төрагасы - Токмок шаарынын вице-мэри;
-Комиссиянын төрагасынын орун басары - комиссия курамынын мүчөлөрүнөн ачык добуш берүү жолу менен комиссиянын биринчи отурумунда шайланат;
-Комиссиянын катчысы - Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адиси (добуш берүүгө укугу жок);
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Токмок шаарынын мэриясынын социалдык саясат, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана дене тарбия секторунун адиси;
- Токмок шаардык кеңешинин үч депутаты;
- коомдук уюмдун өкүлү;
- “АС-САФА борборунун” үч өкүлү;
- Токмок шаарынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
- Токмок шаардык кеӊешинин же Токмок шаарынын мэриясынын юристи.
Комиссиянын чечими, комиссиянын курамынында кворум 3/2 болсо жалпы комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын чечиминин добуштары тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
3.2. Комиссия төмөнкү милдеттерди аткарат:
- адистештирилген турак-жай «Социалдык шаарча» долбоору турак-жайын бөлүп берүү боюнча арыздарга тиркелген документтерди карайт;
- «Социалдык шаарчадан» батир алуу боюнча жарандардын жыйынтыктоочу тизмесин түзүү жолу менен, жарандарды адистештирилген турак-жай фондунан турак-жай алуу боюнча каттоого алат;
- Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарчадан» батир алуу тууралуу жарандардын жыйынтыктоочу Тизмесин Токмок шаардык кеӊешине бекитүү үчүн жөнөтөт;
-Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарчасынан» турак-жай алууга жарандарды каттоодон чыгаруу жөнүндөгү маселесин карайт;
- адистештирилген турак-жай фондунан батир бөлүп берүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын токтомунун долбоорлорун Токмок шаарынын мэрине кол коюуга жөнөтөт;
3.3. Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарча» батирлерин бөлүп берүү жөнүндөгү арыздар, Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарча» долбоору боюнча Токмок шаарынын адистештирилген турак-жай фондунун турак-жай бөлүп берүү боюнча комиссиясы тарабынан ушул Жобо бекитилген учурдан тартып каралат. Кабыл алынган чечим жөнүндө жаранга кат түрүндө билдирилет.
4. Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарча»
долбоору боюнча шаардын адистештирилиген турак жай фонду боюнча Комиссиянын ишинин тартиби
4.1. Комиссиянын уюштуруу иштерин камсыздоону Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы ишке ашырат.
Токмок шаарынын Парковая көчөсүндөгү «Социалдык шаарча» долбоору боюнча адистештирилген турак-жай фонду боюнча комиссиянын отурумуна кароого керектүү документтерди чогултуу, комплектациялоо жана тапшыруу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жүргүзөт.
4.2. Комиссия өз ишин отурум түрүндө жүргүзөт, отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө комиссиянын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен даярдалат.
4.3. Отурумдардын мезгилдүүлүгү Комиссиянын төрагасы тарабынан арыздардын келип түшүшүнө жараша аныкталат.
4.4. Комиссиянын отурумун анын төрагасы алып барат, ал жок болгон өзгөчө учурларда отурумду комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.
4.5. Комиссиянын катчысы төмөнкү милдеттерди аткарат:
-комиссиянын кароосуна кабыл алынган документтерди каттоону жүргүзөт жана документтердин белгиленген талаптарга ылайык келерин алгачкы текшерүүдөн өткөрөт;
-комиссиянын отурумуна зарыл болгон документтерди даярдайт;
-комиссиянын отурумунун күн тартибин түзүп, макулдаштырып, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
-комиссиянын отурумунун протоколун жүргүзөт жана белгиленген тартипке ылайык келтирет;
-адистештирилген турак-жай фондунан батир бөлүп берүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун даярдайт;
-комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча башка мыйзамдуу милдеттерди аткарат жана ал жок болгон учурда Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында Комиссиянын төрагасынын орун басарынын тапшырмаларын аткарат.
4.6. Комиссиянын отурумунун протоколдору жана Комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланышкан башка материалдар Токмок шаарынын Муниципалдык мэнчик башкармалыгынын архивинде сакталат.
Токмок шаардык кеңешинин
жооптуу катчысынын м.а. Муталипова Ч.Ж.