Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы

 

2021-жылдын 14-майы № 8/I-28

Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык  кызматкерлеринин

этикасы боюнча комиссия түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 07.05.2002-жылдагы №108 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика боюнча аймактык комиссиялары жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1.    Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссия түзүлсүн.

2.    Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын иш-планы бекитилсин (Тиркеме №2).

3.    Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын төрайымы- Итибаева Рыскан Бакайевна бекитилсин.

4.    Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча комиссиянын бир жылда бир өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун берип турсун.

Токтом бир  добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев

 

 Ысык-Ата айылдык Кенешинин

                                                                            14.05.2021ж. №№8/I-28

                                                      токтомуна

                                                         №1 тиркеме

 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн  муниципалдык кызматкерлеринин этикалык жүрүш-турушун кароо боюнча №1-тиркемеге ылайык комиссиянын курамы:

18. Р.Итибаева - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты,комиссиянын төрайымы;

19. Ж.Тентимишова - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;

20. ________________ - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү;

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                     Ж.Бейшекеев                                                      

 

 Ысык-Ата айылдык Кенешинин

                                                                            14.05.2021ж. №№8/I-28

                                                      токтомуна

                                                         №2 тиркеме

 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этикасы  боюнча комиссиянын 2021-жылга иш-планы:

 

№

Иш-чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу

1

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына жана Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттарына Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этикалык Кодекси жөнүндө  окутуу өткөрүү

2021-жылдын 2 кварталы

Комиссиянын төрайымы

2

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ардактуу эс алуудагы ардагер муниципалдык кызматчы менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларыларынын жолугушуусун өткөрүү

2021-жылдын 2 кварталы

Комиссиянын төрайымы

3

Коррупцияга каршы иш-аракеттер жана кызыкчылыктардын конфликтиси жөнүндө окуу өткөрүү

2021-жылдын 3 кварталы

Комиссиянын төрайымы

4

Этикалык жүрүм-турум жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

2021-жылдын 4 кварталы

Комиссиянын төрайымы

5

Этикалык нормаларды бузуу учурларын кароо

жыл ичинде

Комиссиянын төрайымы

 

Төрага                                                                                                      Ж.Бейшекеев